Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
04/08 18:38
 

Т. Момокеев: “Каттоо маселесин чечүүчү мыйзам долбоорун сунуштайбыз”


Борбордук Азиядагы эркин базар институтунун демилгеси менен көтөрүлүп жаткан каттоо маселеси тууралуу жаңы мыйзам долбоорунун кыргыз басылмалары боюнча медиа-координатору Токтобек Момокеев менен маек.


-Каттоону (прописка) жоюу демилгесин көтөрүүгө эмне себеп болду жана бул жааттагы иштер кандай жүрүп жатат?

-Борбордук Азиядагы эркин базар институту көтөргөн демилге 2011-жылдын жаз-жай мезгилинде ишке ашчу долбоор болчу. Долбоор эки багытта жүрөт. Биринчиси, жаңы мыйзам долбоорун даярдап чыгуу. Бул боюнча бир канча юристтер иштеп жатышат. Жогорку Кеңештен да колдогон депутаттар бар. Мисалы, Равшан Жээнбеков, Каныбек Осмоналиев менен жолугушуп, мыйзам долбоорун көрсөтсөк, каникулдан келгенден кийин сөзсүз Жогорку Кеңеште бул маселени көтөрөөрүн айтышты. Ошол эле учурда 2-3 медиа-координаторлор иштешет. Алар каттоо темасын массалык маалымат каражаттары, интернет аркылуу элге жеткиришет.

Анализдин жыйынтыгында каттоонун кереги жок экен деген жыйынтыкка келдик. Бул Советтер Союзунан калган эле институт экен. Көпчүлүк адамдар туура эмес түшүнүшөт, каттоону жокко чыгарышат экен деп. Каттоону жокко чыгаруу мүмкүн эмес. Бардык өлкөдө каттоо бар. Биздеги айырмачылыгы эмнеде? Эгер кайсы бир аймакта каттоодо турсаң билимди да ошол жерден алышың керек, социалдык төлөмдөрдү да ошол жерден жүргүзүшүң керек. Мисалы, Таласта каттоодо туруп, Бишкекте жашасаң, жөлөк пул алыш үчүн Таласка барып келишиң керек. (Күлүп) Анда алган акчаң жол киреңе эле кетип калат да. Ушул сыяктуу көйгөйлөр бар.

-Кайсы тармактарда көйгөйлөр болуп жатат? Ар бирине токтоло кетсең.

-Эң негизгиси, билим берүүдөгү көйгөйлөр. Иликтөө жүргүзгөнүбүздө сурамжылоого катышкан адамдардын 24%ы “мектепке балдарыбызды алып барганда пропискаңар жок деп кабыл албай коюшту” деп айтышты. Бирок юристтер менен, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуп сүйлөшкөнүбүздө мыйзамда мындай чектөөлөр жок экенин айтышты. Окуучуларды мектепке алууда каттоонун эч кандай тиешеси жок экен. Ата-энелердин муну билбегендигинен улам мектеп директорлору акча алып жатышат. Бизге бир эже келген. Ал: “үч балама ар бирине 3000 сомдон 9000 сом төлөп мектепке киргиздим” деп айтты.

Ал эми каттоосу жок студенттер көчөдө жүрсө, милиция кызматкерлери кармап алып, 50 сом айып салышат экен. Биринчиден, бул акча мамлекеттин бюджетине деле түшпөйт. Экинчиден, 50 сом аз да, көп да эмес. Эгер бир нерсени туура эмес кылса көбүрөөк айып салышы керек. Же такыр эле алып салыш керек. Административдик кодекстеги 50 сом айыпты жокко чыгарыш керек.
Андан сырткары, жөлөк пулдарды алууда кыйынчылык болот. Бейрасмий булактарга таянсак, Бишкекте 300 000ден ашуун мигранттар жашашат. Алар жөлөк пул алыш үчүн катталган жерине барып келиши керек.

Ошондой эле, жумушка орношууда каттоо жана эркектер үчүн аскердик милдет өтөгөндүгү тууралуу күбөлүк керек деп мыйзамда жазылган экен. Паспорт менен аскердик күбөлүктүн каттоосу бир жерде болушу керек экен. Ушинтип каттоо башка жактарга да байланышкан, анан адамдарды өз укугунан чектеп жатат. Баш мыйзамда жазылган “жарандар эркин басып жүрүүгө укуктуу, жарандыгы эле болушу керек” деп.
Ооруканаларда да каттоосу жок болсо жогору бааны айтышат экен. Мисалы, каттоосу бар адам 50 сомго текшерилсе, каттоосу жок адамдан 100 сомдон ашык сумманы алышы мүмкүн.

Каттоо институту калат албетте, адам кайсы жерде жашап жаткандыгы белгилүү болушу керек. Бирок ошонун жеңил формасын иштеп чыгабыз. Азыркы мыйзам боюнча катталуу үчүн 6-7 документ керек экен. Кереги жок эле кагаздар көп да, мисалы, үйдүн китепчеси, үйдүн ээсинин уруксаты дегендей. Каттоо үчүн үч эле документ керек деген мыйзам долбоорун иштеп чыгышты биздин юристтер. Булар: паспорттун көчүрмөсү, которулуу тууралуу арыз жана ошол адам жашай турган үйдүн ээсинин уруксаты.

-Каттоону жоюу менен эмнеге жетишебиз?


-Бир эле мисал келтирсем, мыйзам боюнча эгер менин каттоом Нарында турса Бишкекке 45 же андан көп күнгө келатсам сөзсүз каттоодон өтүшүм керек экен. Эки ай тургандан кийин кайра каттоодон чыгып кетишим керек. Бул керексиз эле нерсе деп ойлойм. Көчүп келбегенден кийин каттоого туруунун кажети жок. Себеби Кыргызстандын жараныбыз. Мисалы, балдар жайкы каникулда айылда 2-3 ай туруп келиши үчүн каттоого турушу керекпи? Мыйзамда ушул сыяктуу майда-чүйдөлөр көп экен.

-Ооба, шаар тургундарынан каршы чыккандар болуп жатат, баары шаарга көчүп келип алышат-деп. Жообуңар кандай?

-Биз башында мигранттардын укуктары боюнча тегерек үстөл өткөргөнбүз. Балдарын мектепке берүүдөгү, ооруканага баруудагы көйгөйлөрдү көтөрүп чыксак, бир орус тилдүү гезиттин редакциясы, атын айтпай эле коёюн, бизге жооп жазды. “Силер ички мигранттардын укугун коргоп жатасыңар, карагылачы, алар Бишкекти эмнеге айлантты, келип алып маданиятсыздыгын көрсөтүшүп, таза шаарыбыз кир болуп калды. Элет жеринен келгендер криминал менен байланышкан бандиттер, бейбаштар, силер эмнеге алардын укугун коргойсуңар?” деген мааниде жазган. Бишкектиктердин баары эмес, айрымдары чын эле ушундай ойдо. Советтер союзунда каттоо “миграцияны токтотуу институту” деп жазылган. Бирок ички миграцияны токтото турган бир гана себеп бар. Ал экономикалык фактор. Мисалы, бир үй-бүлө айылда жумуш жок болгондуктан каттоосу эле эмес, паспорту жок болсо да Бишкекке келип иштегенге аракет кылат. Каттоону жеңилдетпесек ансыз деле кыйналып турган мигранттарды андан да бетер кыйнап алабыз.

-Каттоону жойгон өлкөлөрдү байкап көрдүңөрбү?


-.Белоруссия, Эстония, Литва сыяктуу өлкөлөрдө жарандарды каттоо деп эле аталат жана шарттары аябай жөнөкөй. Каттоо бардык жерде эле бар. Бирок башка тармактардагы укуктарга чек койбойт.

-Президентибиз маегинде “батышта эч ким деле каттоодо жок, алар мыйзамды уккан, ынанган адамдар” деген. А биздин эл буга даярбы сенин оюңча?

-Тартип кызматкерлери кылмышкерди каттоосу боюнча издейбиз деп жатышат. Бирок кылмыш кылган адам каттоодо турган үйүндө жатып албайт да. Эгер бирдиктүү маалымат базасы түзүлсө кайсы жерде жашап жаткандыгын көрүп туруп эле издей берсе болот. Бул чоң маселени жаратпайт. Мамлекет элге ишениши керек.
-Маегиң үчүн рахмат.

Маектешкен Назира Тилекова, “Кабар”

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу