Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
29/06 16:44
 

А. Бурканов: «Баткен облусунда жол маселеси чечилсе, экономикабыздын өнүгүшүнө шарт түзүлөт»

Республикабыздын эң алыскы Баткен облусунун бүгүнкү абалы, экономикасы, жол, электр энергиясы сыяктуу көйгөйлөрүнүн кандай чечилип жаткандыгы тууралуу облус губернатору Арзыбек Орозматович Буркановго бир нече суроолор менен кайрылдык.

- Арзыбек Орозматович, Баткен областына губернатор болуп барганыңызга жарым жылдын жүзү болуптур. Буга чейин Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат болдуңуз эле. Губернатор болуп иштеген менен депутат болуп иштөөнүн айырмачылыгын байкай алдыңызбы? Жалпы эле областта кандай иштер болууда сөзүбүздү ушундан баштасак.
- Эми, албетте, депутат болуп жүргөндө мыйзам үстүндө көбүрөөк иштөөгө туура келди. Ал эми аткаруу бийлигиндеги кызмат - бул таптакыр башка. Бирок экөөнүн тең максаты бир, ал максат - эл үчүн кызмат кылуу. Облустагы аткарылып жаткан иштер тууралуу айта турган болсом, жарым жылда жаңы заводду куруп коюш мүмкүн эмес, ошондой болсо да Баткен облусунун өнөр жайында, айыл чарбасында жана башка тармактарында өсүү темпинин стабилдүүлүгү сакталды. Өкмөт койгон талапка ылайык жыл аягына чейин өнөр жайынын өсүү темпин 3,6 пайызга толук жеткиребиз деген пландар бар. Бул көрсөткүч жыл аягына чейин Кызыл-Кыя цемент заводунун мурдагы жылга караганда 250 миң тоннага цемент, Кадамжай сурьма комбинатынын 200 тоннага көп өнөр жай продукциясын өндүрүүсү менен камсыз кылынат. Ал эми айыл чарбасы боюнча өкмөт талап кылган 4,0% өсүү темпин жыл аягына чейин камсыз кылууга да мүмкүнчүлүк бар. Себеби, биз жаздык жана күздүк буудайды былтыркыга караганда 1281 гектарга көп эктик, андан сырткары, экинчи эгилген эгиндин көлөмүн эки эсе көбөйтүү боюнча реалдуу иш-аракеттерди жүргүзүп жатабыз. Кызыл-Кыя цемент заводу бүгүнкү күндө толук өндүрүштүк кубаттуулукта ишке киришип, суткасына 2,5-3 миң тонна цементти сатыкка чыгарууда. Элибизге цемент заводдун өзүндө тоннасы 4900 сомдон сатылууда. Ошол эле учурда ал жерде 700 дөн ашуун жумушчулар иштөөдө, алардын 99 пайызы биздин кыргыз жарандары.
- Ош облусу менен Баткен облусунун ортосунда цемент заводунун жайгашкан аймагы боюнча талаш чыгып жаткан эле, ал талаш маселе кандай болуп чечилди?
- Ооба, андай маселе болгон. Ноокат районунан жергиликтүү эл пикетке чыгып, цемент заводунун ишин бир нече күнгө токтотуп койгон. Бул маселе боюнча Баткен жана Ош облустарынын губернаторлорунун ортосунда эч кандай түшүнбөөчүлүк жок жана КР премьер-министри Алмазбек Атамбаев экөөбүздү кабыл алып, бул маселеге чекит коюп берди. Негизи эле биз өлкөбүз өнүксүн десек инвесторлорго иштөөгө шарт түзүп, алардын кызыкчылыгын коргоого алышыбыз шарт. Ал инвесторлор Кыргызстанда иштейбиз деп келгенден кийин алардын өндүрүшүн аксатпай, колдон келген жардамыбызды берсек жакшы болот эле. Кызыл-Кыя цемент заводу айына 10 миң тоннадан ашык көмүр, 4,5-5 млн. сомдук электр энергиясын керектейт. Мындан тышкары, цемент чыгарууга байланышкан дагы башка нерселерди бизден сатып алат. Ошол эле учурда бизде цемент тартыштыгы жоюлду жана бардык жерде Кызыл-Кыя цементи өзүнүн сапаты боюнча алдыга чыгууда.
- Баткен облусундагы эң негизги көйгөйлүү маселелердин бири – бул жол маселеси. Баткендиктер ашар менен жол куруп, өз проблемаларын чечүүдө башка аймактарга үлгү болуп келет. Ошондой эле айланма жолдо кытайлык компаниянын курулушчулары иштеп жатканына күбө болдук. Бул тармакта иш кандай кетип жатат?
- Кошуна республиканын бажы жана чек ара постунан өтүүдөгү кыйынчылыктарды жеңилдетүү максатында айрым жолдорду ашар жолу аркылуу өзүбүздүн күчүбүз менен баштаганбыз. Элибиз кыйналбастан, көз каранды болбостон жолдо катташы үчүн элибиз ашар ыкмасы менен ар кандай социалдык объекттерди курууда дайыма демилге көтөрүп чечип келген. Ал эми жолду кетмен , күрөк менен курууга мүмкүн эмес болгондуктан, Транспорт жана коммуникация министрлиги техника менен камсыздоо жагын чечип, керектүү техниканы бөлүп берип колдоо көрсөтүүдө. Элдик ашар жолу менен Лейлек районунун 1,1 чакырым болгон «Интернациональ-Максат» айланма жолун баштап, ал жерде эки көпүрө куруу зарыл эле, Транспорт жана коммуникация министрлиги куруп бермей болду.
Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков Баткен облусуна болгон иш сапарында бир топ маселелерди бюджетке киргизүү боюнча убада берип кеткен эле, натыйжада бардык биз койгон маселелерди Жогорку Кенеш жакшы колдоп берди. Быйылкы жылга өкмөт Баткен облусуна жолдорду оңдош үчүн 200 млн. сом бөлдү. Баткен облусунун кошуна өлкөлөргө болгон жол каттамын көз карандылыктан арылтуу боюнча Жогорку Кеңештин, КР өкмөтүнүн колдоосуна ыраазычылык билдиребиз. Мындан тышкары, Баткен шаары облус борбору катары статуска ээ болгон менен, инфраструктурасы каралбай калган. Ошондуктан өкмөт башчы Алмазбек Шаршеновичке бул маселени кайра-кайра коюп жатып Баткен шаарынын көчөлөрүн оңдоого 100 миллион сом бөлдүрдүк. Буюрса, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык юбилейине карата облус борборунун көчөлөрүн асфальттоо иштерин баштайбыз деп турабыз. Ошол эле учурда КРнын өкмөттүк программаларын колдоо максатында биз Баткен облусунун кайрымдуулук өнүктүрүү фондун түздүк. Максатыбыз - өлкөбүздө, чет жактарда ийгиликтүү иштеп жаткан компаниялардын көңүлүн Баткен облусуна бурдуруу. Компанияларда иштеген бизнесмендер Баткен облусунун кулуну катары облустун экономикасын, элин колдоо максатында биздин демилгени колдоп, алгачкы жардамдарды беришти. Фонддун эсебине түшкөн алгачкы каражатты учурда Баткен районунун Дара зонасындагы жолдорду оңдоого жумшап, ишти баштадык.
- Сөзүңүзгө аралжы, Оштон Баткенге чейин жолдун абалы кандайдыр бир деңгээлде талапка жоопко берет. Бирок Баткен районунун Ак-Татыр айылынан Лейлек, Сүлүктүгө чейинки аралык бомба түшкөндөй эле абалда кала берүүдө...
- Бул айтканыңызга кошулам, өзүңүздөргө маалым болгондой «Ош-Баткен-Исфана» автожолунун курулушу донорлор тарабынан башталган. Курулуш иштери «Бүргөндү-Баткен» участкасында 60 чакырым жол Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкынын 35 млн. долларлык колдоосу менен кызуу жүрүүдө. Учурда жолдорду түздөө, жер иштери соңуна чыгып калды. Жакынкы күндөрү асфальттоо жумуштары башталат. Ал жерде иштеп жаткан кытайлык компаниянын инженерлери менен тез-тез жолугушуп, курулуштун сапатын текшерип турабыз. Аталган участоктун асфальтын төшөө иштеринин 50 пайызы быйыл бүттү, аны толугу менен келерки жылдын сентябрь-октябрь айларында бүткөрүү пландаштырылган. «Пүлгөн-Бүргөндү» автожолунун 35 чакырымын оңдоо 25 миллион доллар эсебинде Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен башталган. Ал эми «Пүлгөн-Көкталаа» участогунда Еврокомиссия 8,5 млн. евро бөлгөн, анын 50 пайызы кайтарымсыз грант эсебинде. Ал участокто да келерки жылы жумуш башталат. Ал эми «Баткен-Исфана-Сүлүктү» жолунун курулушун каржылоого дагы бир эң ири эл аралык демөөрчү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, буюрса алар да колдойт деген ойдомун. Негизи Баткен облусунда жол элибиздин жашоо-турмушунун, экономиканын күрөө тамыры десек болот. Андыктан жогоруда айтылган жумуштар бүтсө, инвесторлор да көп келип, экономикабыздын өнүгүшүнө жакшы шарт түзүлөт деп ойлойм.
- Ал эми Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын электр энергиясына болгон көз карандылыгы качан жоюлат?
- Туура айтасыз, облусубуздун Лейлек, Сүлүктү тарабы энергетикалык көз карандылыкта жашап келишет. Бул көйгөйдөн арылтуучу «Айгүлташ-Самат» аттуу жогорку чыңалуудагы линиянын курулушу негизинен 70 пайызга бүтүп калды. Жалпысынан 457 темир таяныч орнотула турган болсо, анын 442 таянычынын пайдубалы куюлуп бүттү. 141 зым тартуучу темир электр таянычы орнотулду. Жумуш кызуу жүрүүдө. Натыйжада Ислам Өнүктүрүү Банкы тарабынан 12 млн. долларга каржыланган, узундугу 142 чакырым болгон «Айгүлташ-Самат» жогорку чыңалуудагы линиясынын курулушу быйыл ноябрь айында толук бүткөрүлөт. Бирок, «Самат» подстанциясынан Арка зонасына 40 чакырым аралыкка жогорку чыңалуудагы линияны узартуу зарыл. Себеби калкы 20 миң адам болгон Арка массивинин электр кубатынан куржалак калуу коркунучу бар. Бул тууралуу өкмөткө билдиргенбиз, биздин эсебибиз боюнча 135 млн. сом керек экен, учурда эл аралык демөөрчүлөр менен кошумча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
- Өзүңүзгө маалым, жакынкы күндөрү орум-жыйым өнөктүгү эң алгачкылардан болуп Сиздердин облуста башталат. Даярдык кандай? Күйүүчү майдын асмандап бара жаткан баасын токтотуу, облустун керектөөчүлөрүн үзгүлтүксүз күйүүчү май менен камсыз кылуу боюнча кандай аракеттер жасалууда?
- Бардык райондордо, шаарларда айыл чарба техникасын оңдоодон өткөрүү боюнча даярдыктарды көрдүк. Даярдык жакшы, буюрса. Бирок дыйкандарыбызды ойлондурган оор маселе бар. Күйүүчү май улам кымбаттап баратат. Бул объективдүү жана субъективдүү себептерге байланыштуу болуп жаткандыгы анык. Өкмөт башчыбыз Алмазбек Атамбаевдин дыйкандарды күйүүчү май менен камсыз кылуу, жазгы талаа иштерин үзгүлтүккө учуратпоо жана контрабандага каршы күрөшүү боюнча койгон талабынын негизинде, өкмөттүн кабыл алган токтомуна ылайык облустук мамлекеттик администрациянын алдындагы укук коргоо органдарынын координациялык кеңеши 1-апрелде атайын чечим кабыл алган. Координациялык кеңештин чечимине ылайык Баткен облусунун аймагынан күйүүчү майдын чыгып кетишине бөгөт коюуга облусук укук коргоо органдары, чек арачылар, финансы полициясы жана фискалдык органдар тартылды. Финполиция тарабынан контрабандага шектүү кишилер 16 жолу кармалып, 5,2 млн. сомдук 2 факт боюнча кылмыш иши козголгон. Белгилей кетүүчү нерсе, көрүлгөн аракеттерге карабастан контрабанда азайган жок. Облустагы укук коргоо органдарынын, фискалдык кызматтардын жана чек ара кызматынын айрым кызматкерлери мыйзамсыздыкка, кызматтык кылмыштуулукка жол берген фактылары да жок эмес. Баткен облусуна ташылып келген 17 млн. сомдук күйүүчү майдан мамлекеттин эсебине тиешелүү салыкты төктүрбөгөнү жана өз милдетине жоопкерчиликсиз мамиле жасаганы үчүн салык кызматынын инспекторунун үстүнөн кылмыш иши козголуп олтурат. Облус аймагында өзүбүздө жетишпей жана кымбат болуп жаткан күйүүчү майдын, минералдык жер семирткичтердин контрабандалык жол менен кошуна мамлекеттерге көз көрүүнө чыгып кетишине жол берилип, натыйжада эл арасындагы нааразычылык күчөгөн.
Биз бул нааразычылыктарга көңүл буруу максатында жана Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын координациялык кеңешинин контрабандага каршы иштерине байкоо жүргүзүү максатында чукул чараларды көрдүк. Бул үчүн облустук мамлекеттик администрациянын жооптуу кызматкерлеринен турган атайын күзөт уюштурулду. Түзүлгөн графикке ылайык облустук мамлекеттик администрациянын жана салык кызматынын жооптуу кызматкерлери чек ара постторунда күнү-түнү кезекте турушуп, посттордо атайын байкоо жүргүзүштү. Байкоо 13-май күнү башталып, кыска убакыт ичинде Баткен жана Лейлек райондорундагы күйүүчү майды куюучу станцияларга ташылып келген бензиндин жана солярканын көлөмү, андан түшүүчү салык эсепке алынды. Баткен району боюнча апрель айында мамлекетке 58 миң сомдук салык түшкөн болсо, май айында бул сумма 247 миң сомго өскөн. Же байкоого алуунун натыйжасында бул көрсөткүч апрель айына салыштырмалуу май айындагы 10 күн ичинде беш эсе көбөйгөн.
Ал эми ушундай эле байкоо облустук администрациянын кызматкерлери тарабынан Лейлек райондук мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери менен чогуу жүргүзүлдү. Натыйжада апрель айына Лейлек району боюнча май куюучу станциялар 43 миң сом салык төккөн болсо, бул көрсөткүч май айында он эсе өскөн. Же мамлекетке 412 миң сом салык төгүлгөн.
Мында биз салыктан гана пайда көрбөстөн, күйүүчү майдын сыртка ташылып кетишине да бөгөт койдук. Баткен облусу боюнча май куйуучу станциялардан апрель айында 900 миң сом салык түшкөн болсо, чукул чаралардын натыйжасында кыска мөөнөттө бул сумма 1,5 миллион сомго өскөн. Байкоо боюнча жасаган иштерибиздин натыйжасында май айынын жыйынтыгы менен азыркы июнь айына салыктын көрсөткүчү мындан да жогору болушу күтүлүүдө. Өзүбүздүн кызматкерлердин жардамы менен гана реалдуу жагдайды билүүгө мүмкүн болду. Өзүңүз айткандай аз күндө буудай оруму башталат. Күйүүчү май улам кымбаттоодо. Буга кошуна Тажикстанда баанын жогору болушу да себеп болууда. Ошондуктан биз мындан ары да облуска келген бензин менен дизел майынын четке чыгып кетишине бөгөт коюу боюнча көзөмөлдү күчөтүп иш алып бара беребиз.
Контрабандага каршы күрөшүүгө массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да кеңири тартылды. Контрабандалык уюшкан топтордун бетин ачкан курч телекөрсөтүүлөрдү беришкен журналисттерди контрабандачылар коркутуп-үркүткөн учурлар да болду. Бирок элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койгон журналисттердин да, биздин да эркибизди майтара алышкан жок. Жалпысынан алганда бүгүнкү күндө бардык тармакта элибиздин көп жылдардан бери чечилбей келген көйгөйлүү маселелерин чечүүгө, айрыкча облусубуздун сугат тармактарын жакшыртууга, коңшу өлкөлөрдүн анклавдарын айланып өтүүчү жолдордун курулушун аягына чыгарууга, чек ара айылдарындагы социалдык маселелерди чечүү боюнча чечкиндүү аракеттер көрүлүп, өкмөт тарабынан реалдуу иштер жасала баштады. Эң негизгиси - элибиздин ынтымагы жана биримдиги болсо, Баткен облусунун келечеги үчүн жасалуучу иштер, асыл максаттар али алдыда.

Маектешкен Эмилбек Момунов, «Кабар»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу