Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
24/06 16:33
 

Н. Дүйшеев: Биолабораториянын курулушун жактап жаткан чиновниктер канадалыктардан бир да доллар алган эмес


Бишкек, 24-июнь. /Махабат Момуналиева - Кабар/.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанга үчүнчү муундагы BLC 3 биолаборатория керекпи же жокпу деген маселе көтөрүлүүдө. Кээ бирлери аны керек дешсе, кээ бирлери ал мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирип жаткандыгын айтышууда.

Бул маселе тууралуу Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин статс-катчысы Нурлан Дүйшеев менен маек курдук.

-Кыргызстанга биолабораториянын зарылчылыгы барбы, 20 жылдан бери анысы жок деле жашап келе жатабыз?

- Үчүнчү муундагы BCL 3 биолабораториясын курууга Кыргызстандын каражаты жетпейт, ал бизге абдан зарыл.
Учурда көп жерде түшүнбөстүктөр болууда. Мисалга өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү кайсыл фактыларга таянуу менен Кыргызстандын аймагына канадалыктар оорулардын козгогучтарын алып келет деп жаткандыгы белгисиз.
Республиканын аймагына оорулардын козгогучтарын башкача айтканда штаммдарын алып келиш үчүн биринчи кезекте өкмөттөн макулдук алуусу керек, бул пункт келишимде каралган.

-Келишимде “патогендерди алып келүүгө болот, бирок өкмөттүн макулдугу менен” деп турат, ал жактагылар өз кызыкчылыгында макулдугун берип салышса эмне болот?

- Бир эле мисал айтып берсем мен кандидаттыгымды жактоого Россиянын бир шаарынан бул жакка штаммды алып келиш үчүн ЦКАдан, СССРдин коопсуздук кызматынан уруксаат алып, андан соң гана макулдук берилген. Анда биз бир өлкө элек, бир аймактан экинчи аймакка алып келүү кыйындыкка турган. Оорунун козгогучтарын чек арадан өткөрүп алып келүү жоопкерчиликтүү кыйын процесс.
Ага өкмөттүн бир эле адамы уруксат бербейт, анын бардык мүчөлөрүнүн макулдугу менен гана ишке ашат, алар да мамлекеттин коопсуздугун ойлошсо керек.

-Биолабратория бизге эмне берет?

-Учурда дыйкандар чектеш мамлекеттер менен чек араны ачууну талап кылышуда. Бирок коңшу мамлекеттердин өкүлдөрү бизде чыгарылган азык-түлүктөрдүн эл аралык стандарттарга жооп берген текшерүүлөрдөн өтүшүн талап кылууда. Бизде андай лаборатория жок болсо кайсыл жактан өткөрүп эл аралык сапатка жооп беребиз.
Мал этин Казакстанга өткөрүү боюнча маселе канча жылдан бери каралууда, алар биздин жергиликтүү лабораториялардын кортундусун кабыл алышпайт, алар аны сапатка жооп бербейт дешет. Кыргызстандагы ветеринардык диагностика борбору эл аралык аккредитациядан өткөн эмес.

-Учурда Казакстанга сүт азыктары экспорттолуп эле жатат го, бул анда кантробандабы?

- Жок, сүт азыктары легалдуу түрдө экспорттолууда. Казакстан бизге жеңилдик берип, сүт азыктарынын алынып кирилишине уруксат берген.
Алар өздөрү келип сүт азыктарын иштетүүчү ишканаларды текшеришип, өз реестирине киргиздеген соң бардык сапаттарга жооп берген ишканаларга макулдук берди.
Эл аралык стандарттарга жооп берген биолаборатория курулуп, эл аралык аккредитациядан өтсөк Кыргызстандын экспорттук потенциалы жогорулайт.

- Биолаборатория куруу сунушу биринчи Казакстанга сунушталгандыгын, алардан терс жооп алгандан соң бизге келишимди түртө салгандыгы тууралуу сөз болууда. Ушул маалыматка комментарийиңиз?

-Казактар Канадага макулдук бербей койгондугу тууралу маалыматым жок, бирок аларда Алматы шаарында гана заманбап биолабороториядан үчөө бар.

-Кыргызстанда ал жакта иштей турган адистер барбы?

- Канадалыктар аны куруп берүү менен бирге үч жыл бою биздеги адистерди анда иштөөгө үйрөтүшөт. Зарыл болгон химикаттар, реактивдер менен камсыз кылышат.
2006-жылдагы келишиге ылайык анын баасы 40 миллион канадалык доллар турган, бирок убакыттын өтүшү менен баардыгы кымбаттап учурда анын баасы 60 миллион канадалык долларга жетти.
Өкмөттөр арылык келишимге ылайык курулуш иштери быйыл башталса 2013-жылы жыйынтыкталып, жаз айларында экспулатацияга берилет.

- Биолабораторияны кармап туруш үчүн жылына 400 миңге жакын доллар талап кылынаары айтылууда, биз аны каржылай алабызбы?

-Лаборатория саламаттык сактоо, айыл чарба министрлиги жана Улуткку илимдер академиясы менен бирге иштетилет. Учурда ал жакта илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө каражат бөлүнүп жатат. Ошол эле каражат бул жакка которулат.
Мындан тышкары эл аралык донорлордун жардамы менен иш алып бармакпыс, салып алсак лаборатория келечекте бизге керек.
Кээ бир өкүлдөр анын курулушуна кызыкдар болгон чиновниктердин баары андан көптөгөн акчаларды алышкан деп жатышат, бүгүнкү күндө Канададан Кыргызстанга бир да доллар которула элек.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу