Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
24/06 13:08
 

Болот Джунусов: “Паспорт алуудагы кыйынчылыктарды эске алып, жеңил жолун киргизүүнү чечтик”


Бишкек, 24-июнь /Назира Тилекова - Кабар/.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) жетекчисинин орун басары Болот Джунусов менен паспорт системасындагы жаңы жобо тууралуу маек.

-Паспорт системасына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө эмне себеп болду?

-Буга чейин паспорт алууда көптөгөн документтер талап кылынып, убактысы да көпкө созулуп кеткендиктен кыйынчылыктар болуп келген. Муну эске алып жаңы жобо киргизүү менен паспорт алууну оңойлоштурууну чечтик. Кыска мөөнөттүн ичинде облустук паспорт кызматынын жетекчилерин чакырып, жаңы жобо менен тааныштырабыз.
1-июлдан тартып жаңы жобо боюнча иштеп башташыбыз керек. 

-Кандай өзгөртүүлөр киргизилди?

-Паспорт алуу үчүн керек болгон документтердин тизмесинен адрестик сурап-билүү бөлүмүнөн маалымкат, аскердик билет, жашаган жеринен маалымкат жана иштеген жеринен күбөлөндүргөн арыз алынып салынды. Эми паспорт алуу үчүн №1 формадагы арыз, паспорт алууга (алмаштырууга) анткета-арыз, 4х6 өлчөмүндөгү түстүү эки сүрөт жана акча төлөгөндүгүн далилдеген квитанциялар талап кылынат. Анкета-арыздын бланкына, паспортту даярдоого жана мамлекеттик алымга акча төлөнөт. Эскерте кетчү нерсе, 16 жашка чыккандыгына байланыштуу паспорт алып жаткан жарандар үчүн мамлекеттик алым талап кылынбайт. Ортодон эле ойлоп табылган документтер болбошу керек. Буга чейин зачеттук китепчесин сураган учурлар да болгон экен. Мындан кийин жаңы жобо боюнча көрсөтүлгөн документтер менен гана иштөөнү талап кылабыз.
-16 жашка чыккандардан кандай документтер талап кылынат?
-16 жашка чыккан жаран үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк, арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) же ата-энесинин бирөөсүнүн паспорту же Кыргыз Республикасынын жараны экендиги тууралуу маалымкат жана социалдык коргоо күбөлүгү талап кылынат. Негизи документтердин тизмеси конкреттүү жагдайларга карата түзүлөт.

-Ошол конкреттүү жагдайлар боюнча талап кылынган документтерди айта кетсеңиз.

-Мисалы, үй-бүлөлүн абалынын, улутунун, жашаган жеринин өзгөргөндүгүнө, аты-жөнүнүн алмаштырылгандыгына байланыштуу алмаштырып жаткандар үчүн, алмаштырылууга тийиштүү паспорту, нике тууралуу күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк же аты-жөнүн өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк талап кылынат.
Колдонуу мөөнөтү бүткөндүгүнө, жараксыз болуп калгандыгына байланыштуу болсо алмаштырылууга тийиш паспорту керек. Ал эми жоготкондугуна байланыштуу болсо жоголгон паспортту калыбына келтирүү тууралуу дело жана бар болсо туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алып келүүсү зарыл.

-Дагы кандай өзгөртүүлөр киргизилди?

-Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортко ээ болгон жарандары Ички иштер министрлиги тарабынан текшерүүдөн өтпөйт. Буга чейин ИИМде кармалып турган 10 000 паспорт өз ээлерине кайтарылып берилет. Ал эми МКК жана ИИМдин өз ара маалымат алмашуусу эки тараптуу комиссия аркылуу ишке ашат. Ошондой эле, Бишкек шаарында жашап жаткан, бирок башка аймактарда каттоодо турган жарандарга белгилүү нормаларды сактоо менен Бишкек шаарынан паспорт алууга мүмкүнчүлүк берилет.

-Жаңы жобо боюнча паспортту даярдоо мөөнөтү канча?

-Мурдагы мөөнөттөн 3 күнгө кыскарды. ID-карта мурда 20 күндө даярдалса, эми 17 күндө, чет элдик паспорт 30 күн эмес 27 күндө даярдалат.

-Депутат Р. Жээнбековдун демилгеси менен түзүлгөн каттоону алып салуу мыйзам долбооруна кандай карайсыз?

-Албетте, колдойбуз. Бул мыйзам долбоорунун негизин биз түзүп бергенбиз. Муну ишке ашырууда биздин эки кызматкер кошулуп иштеп жатышат. Азыркы учурда каттоону алып сала албайбыз. Аны үчүн бирдиктүү маалымат базасы түзүлүшү керек. Буга да бир топ убакыт керек деп ойлойм.

-Паспорт алуунун бааларына да өзгөртүү киргизилдиби?

-Жок, баалары өзгөрүүсүз калды. ID-картанын баасы 130 сомдун тегерегинде, ал эми чет элдик паспорттун баасы 600 сомдун тегерегинде.
Маектешкен Назира Тилекова
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу