Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
23/06 17:37
 

Р. Жээнбеков: Быйыл президенттик шайлоого атуулдар катталган жери эмес, жашаган жери боюнча добуш бере алышат




Бишкек, 23-июнь. /Махабат Момуналиева - Кабар/. Борбор Азиядагы эркин экономикалык институту каттоо институтун жоюу зарылдыгы келип чыккандыгын билдиришти.

Бул идеяны Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков да колдоп чыккан, биз ага каттоо институтунун кемчиликтери жана оң жактары тууралуу айтып берүү өтүнүчү менен кайрылдык.

 -Каттоо институтунун шайлоо процессине тийгизген таасири?

   - Кыргызстанда шайлоого атуулдар катталган жеринде эле катышууга укугу бар эле, алар жашаган жери боюнча добуш берүүгө мүмкүндүк болгон жок. Бизде 70 пайызга жакын студенттердин, жалпы шайлоочулардын 30-40 пайызынын шайлоого катышууга болгон укугу бузулуп келет. Алардын арасында биз шайлоого катышып өз позициябызды билдиришибиз керек деп катталган айылына кеткендер аз болсо керек.
Ал эми студенттерди буга чейин өз кызыкчылыгында колдонуп келген электораттар болгон.

 -Быйыл шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди, андагы атуулдардын шайлоого катышууга болгон укуктарына токтоло кетесизби?

   - Быйыл президенттик шайлоого атуулдар катталган жери эмес, жашаган жери боюнча добуш бере алышат. Тандоо укугуна ээ болгон атуулдар бул нерседен каттоо маселесине байланыштуу четтетилип калбашы керек.
Каттоо институту жоюлса балдарды бала бакчага, мектепке орноштуруу, медициналык жардам алуу оңой болот. Учурда каттооңор жок деп балдарды силер каалаган мектепке албайт. Ошол мектепке баласын киргизүүнү пландап койгон ата-эне анын жетекчилигине пара берүүгө аргасыз болот. Каттоо тутуму коррупцияланышып, атуулдарга мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын сапатына терс таасирин тийгизүүдө.

 - Кыргызстанда ИИМ, УКМКда атуулдар тууралуу база бар, дагы бирөөнү түзүү зарылчылыгы барбы?

 - Кыргызстанда министрлик менен ведомстволордо аларга керек болгон персоналдык каттоо бар. Ал эми биз Кыргызстандын атуулдарынын ар биринин маалыматтык базасын түзүшүбүз керек. Бул база Мамлекеттик каттоо кызматында түзүлсө, ага министрлик менен ведомстволорго базага кирүүгө уруксат берет элек.
Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеште депутаттар бул маселе үстүндө иштөөдө. Бирок ага каршы чыккандар да болууда, ал акча маселесине жана убакытка такталууда.
Агаг көп каражаттын, убакыттын деле кереги жок, биз маалыматтык технологиялар ассоциациясына кайрылганда 10 миллион доллар жана 1-1,5 жыл убакыт керек экендигин айтышты.

 
 - “Паспорт жөнүндө” мыйзам долбоору тууралуу айтып берсеңиз?

   - Бүгүнкү күндө “Паспорт жөнүндө” мыйзам долбоорунун үстүндө иштөөдөмүн. Аталган мыйзам долбоору паспорт алуу шарттарын жеңилдетет. Бирок укук коргоо органдары ага каршы чыгууда, Ички иштер министрлиги паспорт алууну өзүнчө бир бизнеске айландырып алган. Көпчүлүк жарандар укук коргоо органдарынан соттолбогондугу тууралуу маалым катты ала албай, паспортсуз жүрүшөт. Анткени бул маалым каты жок башка органдар паспорт бербейт. Натыйжада жарандар 200 сом төлөп, соттолбогондугу жөнүндө документ алууга аргасыз болушат. Демек, ИИМ өз милдетин бизнеске айландырып алган. Бул системаны жойгусу келбегендиктен, укук коргоо органдары “Паспорт жөнүндө” жаңы мыйзамга каршы чыгууда. 
  Бул мыйзам долбоорунда учурда паспорт алуу үчүн талап кылынган 13 документтин ордуна жарандыкты тастыктаган документ, арыз, сүрөт жана төлөм жөнүндө квитанция менен гана чектелүү каралган. ал эми ID-карттан эки графаны – жашаган жери жана үй-бүлөлүк абалы жөнүндө маалыматтарды алып салуу керек экендиги жазылган. 





Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу