Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
23/06 12:28
 

Б. Асанакунов: Стамбулдун тажрыйбасын өздөштүрсөк, биз да өнүккөн мамлекетке айланабыз


Жакында Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер союзунун көмөгү менен Кыргызстандан отузга жакын райондук жана шаардык деңгээлдеги жетекчилер Түркиянын Стамбул шаарында болушуп, тажрыйба алмашып келишти. Биз бул делегациянын жетекчиси, КР Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу союзунун директору Асанакунов Болотбек Жапаровичти иш сапардын максаты жана тажрыйба алмашуу кандай болгондугу тууралуу кепке тарттык.

- Болотбек Жапарович, алгач Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер союзу кандай максатта түзүлгөндүгү, бул сапардын максаты тууралуу айтып берсеңиз.

- 2004-жылы КР жергиликтүү өзүн өзү башкаруу союзу менен Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер союзунун ортосунда өз ара кызматташуу, тажрыйба алмашуу боюнча келишим түзүлгөн. Ошол мезгилде биз алгач эки тараптан бирден шаарлардын кызматташтыгы менен ишти баштап, 2006-жылдан тартып республикабыздын баардык аймактарындагы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарын Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер союзуна мүчөлүккө өткөрдүк. Негизинен бул союзга 16 мамлекеттен бир миңге жакын муниципалитеттер мүчө болуп саналат. Алардын 525и Кыргызстандан, 300гө жакыны Азербайжандан, калганы башка мамлекеттерден кирген. Жакынкы жылдары башка мамлекеттерден да мүчөлөр көбөйөт деп ишенебиз. Анткени Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер союзу ишин мындан ары жандандырмакчы.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын май айында Стамбул шаарынын райондорунун иш тажрыйбасын үйрөнүү үчүн бардык. Тогуз күндүк бул иш сапарыбыз эки мамлекеттин өкмөт башчыларынын Анкарадагы жолугушуусунун натыйжасында жогорку деңгээлде түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашты. Ошондуктан биз алгач эки тараптан жумушчу топ түзүп, иш сапардын планын белгиледик. Негизги басым Стамбулдун экономикалык жактан кантип өнүгүп жаткандыгы менен таанышууга жасалды. Белгилей кетүүчү жагдай, делегация мүчөлөрүнүн көпчүлүгүн райондук кеңештердин төрагалары түздү. Анткени 25 шаар мэрлеринин 20сы убактылуу милдетин аткаруучу болгондуктан, алар бекитилбей калса мээнетибиз текке кетпесин деп, жергиликтүү бийликтин көп укуктарына ээ райондук кеңештерге басым жасадык.

- Сөзүңүзгө аралжы, Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер союзу менен сиздердин келишим түзгөндүгүңүздөргө жети жыл болуп калыптыр. Бул аралыкта эмне иштер жасалды?

- Биз алгач кайрымдуулук иштерине көп көңүл буруп, түркиялык тараптын колдоосу менен Бишкек, Ош, Өзгөн шаарларындагы майыптарды коляска менен камсыз кылуу, Ыйык Рамазан айында орозо кармагандарга ооз ачып берүү сыяктуу кайрымдуулук иштерин жасадык. Мындан тышкары коммуналдык кызматтардын жумушчулары атайын кийим менен камсыздалды.

Тилекке каршы республикабыздагы акыркы жылдары болуп жаткан саясый туруксуздуктар биздин ишибизге көп кедергисин тийгизди.Бир чети Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу агенттигиндеги жетекчилердин бат бат алмашып турушу да жолубузду тороду. Себеби жаңы келген жетекчи мурдагысы түзгөн келишимдер менен таанышып, ойлонуп бүткөнчө эле өзү кызматынан кол жууп жатпадыбы. Ал эми 2006-жылы Түркияга барган жетекчинин туура эмес ишинен алардын көңүлү калып, эми гана таарынычы тарап, ишибиз кайра жанданып отурат.

- Болотбек мырза, Түркиянын маданий жана соода борбору болуп эсептелген Стамбулдун жетекчилери бизден кандай тажрыйба аларын билбеймин, бирок кыргызстандык чиновниктердин бул мегаполистен үйрөнө турган жактары көп болуш керек...

- Сурооңуздун төркүнүн түшүндүм. Түркия республикасы бизге окшоп газы, мунай байлыгы, ал тургай көмүр, алтын, мрамор таштары болбогон менен бүгүнкү күндө экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча дүйнөдө 19-орунга чыгып, жыл сайын алдыга озууда. Бир эле туризмден жылына 30 млрд. доллардын тегерегинде киреше табат. Бир бөлүгү Европада, экинчи бөлүгү Азия материгинде жайгашкан Стамбул үч континенттин (Европа, Азия, Африка) чордонунда жайгашып, акча табуунун булагына айланган. “Ататүрк” аэропортуна суткасына 300дөн ашык самолет учуп-конуп, дүйнөнүн баардык бурчуна жүргүнчүлөрдү жеткирет. Босфор куймасынан өткөн кемелерди айтпай эле коёлу, эл аралык танкерлер ири суммада бажы салыгын төлөп турушат. Эми ушул жетишкендиктердин баардыгы башкаруунун туура жолго коюлуп, жергиликтүү бийликтин иштин көзүн билгендигинин натыйжасы эмеспи. Биз дал мына ушул “Стамбул сырын” үйрөнүү максатында бардык.

- Деги “түрк кереметин” Кыргызстандын “кыртышына көчүрсө” болот бекен?

- Болбогондочу, түрк боордошторду деле Ататүрк өткөн кылымдын башында Европага жөнөтүп, ошол жактан маданиятты, илим, билимди үйрөнүп келишкен эмеспи. Биз алгачкы күнү эле Стамбулдун таштанды төгүүчү жайында болдук. Бүгүнкү күндө баардык эле чоң шаарларда таштанды экологияны бузуп, мэрлердин мээсин чиритип жатпайбы. Ал эми Стамбулдун Кембербургаз районундагы таштанды төгүлүүчү жайдан газ, андан соң 160 миң адамды камсыз кылган электр энергиясы алынат экен. Көрдүңүзбү, таштандыдан зыян тартпай, кайра пайда табуунун булагына айландырып алышкан.

Мындан тышкары 20 миллион калк жашаган мегаполисте транспорт көйгөйүнүн ыңгайлуу чечилиши кызыктуу болду. Метродон тышкары жүргүнчүлөр Стамбулдун Европа бөлүгү менен Азия тарабына түз каттаган тез жүрүүчү автобустар менен жүрүшөт экен. Транспорттун бул түрүнүн өзүнүн жолу бар, эки тарабы зым трос менен тосулуп, эч кайсы транспорт кире албайт. Ал эми Босфор кысыгынын астынан өткөрүлүп жаткан метронун курулушу бүтсө, көпчүлүк жер үстүндөгү жүргүнчүлөр менен кошо транспорттун саны да азаят дешти. Дагы бир таң калтырган жагдай, жол боюнда биздегидей ала таягын сороңдотуп турган бир да МАИ кызматкери көрүнбөдү. Стамбулда жолдордун кесилишинде жүргүнчүлөр үчүн жер үстүнөн өткөөлдөр курулуп, транспорт менен адамдар кесилишпейт.

Ал эми жол транспорт кыймылын атайын компьютердик борбор көзөмөлдөп, эрежени бузган айдоочулардын дарегине айып кагазы интернет аркылуу жөнөтүлөт. Көрдүңүзбү, коррупциянын да жолу буулган. 9 күндө Стамбулдун 39 районунун 13үндө гана болууга үлгүрүп, биздин жергиликтүү жетекчилер көптөгөн тажрыйбаларды алышты деп ойлоймун. Албетте, бул айтылган жетишкендиктердин баарын эле кыска аралыкта Кыргызстандын шартында өздөштүрүүгө мүмкүн эмес. Аның үчүн биз эң оболу түрк боордоштордой мекенчил, эмгекчил, маданияттуу болушубуз зарыл.

- Ал эми Стамбулда демократиянын деңгээли, жетекчилерди шайлоо кандай жолдо экен?

- Чындыгын айтканда бул жагынан бизде демократия көп экен. Бирок анын кандай натыйжа берип жаткандыгы башка маселе деңизчи... Ал эми Түркияда жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына мамлекеттин таасири күчтүү экендигин байкадык. Мисалы, райондук же шаардык жетекчинин үстүнөн көзөмөл жүргүзгөн 7 адамдын төртөөсү өкмөт тарабынан дайындалат. Ошондой эле полиция кызматкерлеринин таасири күчтүү экен.

Албетте, кандай гана демократия болбосун ал кандай жемиш бергендиги менен бааланыш керек. Демек, Түркиянын өнүгүшү үчүн башкаруу тутуму туура жолго коюлган деп эсептеймин. Мына, 12-июнда парламенттик шайлоодо эки мөөнөт бийликте турган, президент Абдулла Гүл жана премьер-министр Реджеп Тайип Эрдоган башкарган “Адилеттик жана өнүгүү” партиясы кайрадан көпчүлүк шайлоочулардын колдоосуна жетишти. Үгүт иштерин өз көзүбүз менен көрдүк, биздегидей ар бир даракка, столбага, көчө бойлоруна тигил же бул партия лидеринин сүрөтү илинген эмес. Болгону шайлоого катышкан партиялардын кеңсесинде гана желекчелер тагылып турат. Калган үгүт иштери газета, телевизордон мыйзамга жараша жүргүзүлөт экен. Атаандаш партиялардын бири-бирин жамандамак мындай турсун, бир ооз сындап койгон сөзүн укпайсың. Ал эми лидерлердин биздегидей “бузук телефондон” сүйлөшкөндөрүн, жеке турмушуна байланышкан “окуяларды...” интернеттен окуй албайсың. Ар бир партия өзүнүн гана программасын айтат, болду. Бул эң оболу алардын маданиятын далилдеп турат.

Негизи Түркияда шайлоонун таза өтүшүнө, демократияга баардык шарттар түзүлүптүр. Менин байкаганым, үчүнчү ирет жеңишке жетишкен бул партия мусулман дининин жакшы, прогрессивдүү жактарын алып, шонун негизинде өнүгүп жатат. Мисалы, “Адилеттик жана өнүгүү” партиясы бийликке келер менен спирт ичимдиктерине каттуу тыюу салып, баасын беш эсе көтөрүп салган. Эл ошол саясатты колдоодо. Түркияда ар бир көчөдө. Бурумда мечиттер жайнайт. Намаз жума күндөрү аларга эл батпайт экен. Ошол эле учурда бетин сакал баскан, далбар ыштан кийген адамга жолукпайсың. Президенти менен премьер-министри беш убак намаз окушат. Менимче мындай саясат бизге да аба менен суудай керек.

- Болот Жапарович, бизде адатта сөз жүзүндө баары бүтүп, бирок иш жасалбаган илдет бар эмеспи. Бул сапардын жыйынтыгы да ошондой болбойбу?

- Туура айтасыз. Ошон үчүн мен жогоруда айтпадымбы, убактылуу милдетин аткарган жетекчилерди албай, эртең да иштей тургандарды коштук деп. Эми калганы баары алардын өз колунда. Мындан ары “келе, бер” деген психологиядан арылышыбыз керек. Ооба, түрк боордоштор деле булар кыйналып жатат, бутка турганча колдоп коёлу деп жардам берип жатышат. Менимче дайым эле “алма быш, оозума түш” деген иш жүрбөйт. Андыктан ар бир райондун, шаарлардын жетекчилери өздөрү иш жасап, так, келечектүү сунуштар менен кайрылса, жардам берилет. Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер союзунун башкы катчысы Мустафа Башкурт мырза бул тууралуу коштошуу жыйынында баса белгилеп айтты.

Маектешкен Эмилбек МОМУНОВ

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу