Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
22/06 15:42
 

Пластикалык хирург Искен Качкынбаев: Акыркы жылдары 3000-4000ден ашык адамды бактылуу кылдым


Бишкек, 22-июнь /Назира Тилекова - Кабар/.
Медицина академиясынын медициналык борборунун Хирургия бөлүмүнүн жетекчиси Искен Качкынбаев менен эстетикалык хирургия темасында маек.

-Кыргызстанда эстетикалык операция көбүнчө кайсы органдарга талап кылынат?

-Азияда жашаган кыздардын көпчүлүгүнүн көздөрүндө сурмасы жок болгондуктан көздөрүнө операция жасатышат. Андан кийин кулакты оңдоо, жашартуу операциясы, жаактын, моюндун, көздүн тегерегиндеги бырыштарды алуу. Аялдар төрөгөндөн кийин төш бездерин калыбына келтирүү. Андан сырткары төрөттөн кийин курсак териси чоюлуп кетет, аны да калыбына келтиребиз.

- Көздүн сурмасын чыгарууга талап көп экен. Ушул темага токтоло кетсеңиз.

- Көздүн сурмасы боло турган жери тилинип, ичинен бир булчуңга тигилет. Ошентип сурма пайда болот. Тигилген жиптери бир апта кармалып турат. Жипти алгандан кийин сурмасы өмүр бою калат. Жалаң кыздар эле эмес, эркектер деле жасатышат. Жергиликтүү анестезия менен жасалат, адамды уктатпайт, наркоз берилбейт. Ошондуктан коопсуз. Бирок операциядан мурда канды, көздү текшерүүдөн өткөрүү керек. Операциянын көздүн көрүүсүнө эч кандай таасири жок.

- Канча убакыттан кийин калыбына келип, кадимкидей болуп калат?

-Орточо эсеп менен эки апта. Бул убакыттан кийин кадимкидей боёнуп чыга берсе болот.

-Операцияга кабыл алууда жаш өзгөчөлүгү боюнча чектөө барбы?

-Келгендердин көпчүлүгү жаштар. Мисалы, көздөрүнө сурма салдыргандар жаш кыздар. Кулак оңдоткондор кичинекей балдардан башталат. Делдең кулак деген сөздөн улам жалтаң калбасын деген максатта бала кезинен эле оңдотушат. Төш бездери боюнча көбүнчө турмушка чыгып балалуу болгондор кайрылышат.

- Операция жасатаар алдында кандай келишим түзүлөт?

- Келишим кагазында мындай жазылат: “Хирургия анык, так илим эмес экенин түшүнөм. Ошол эле учурда эң тажрыйбалуу хирург болсо да мага 100 пайыз кепилдик бере албайт”. Пациент операция жасатууга макулдугун билдирип кол коёт. Хирургдардын дүйнөлүк хартиясындагы токтомдо “хирург кепилдик берем деген сөздү айтпашы керек” деп жазылат. Ошол эле кезде хирург кошумча ооруга алып келбөө үчүн болушунча аракет кылат. Адамдын денеси жөн эле тажрыйба кылып жасай бере турган нерсе эмес да. Аябай кылдат болуу керек.
Андан сырткары, адамдын психологиялык абалына көңүл буруу керек. Эмнеге жасатууну каалаганын сурап көрөм. “Менин досум жок эле” деп кыздар келишет. “Айланайын, сурма жасатып алсам эле баары ойдогудай болуп калат деп ойлобо. Канчалаган кыздар сурмасы жок эле турмушка чыгып, балалуу болуп жатышпайбы” деп айтам. Мындай учурда көздүн операциясы эмес, психолог жардам берет. Ошентип мага келген 10 кишиден жок дегенде 5 кишиге операция жасоодон баш тартам. “Сага бул операция керек эмес” деп эле айтам. Эстетикалык операцияны бизнес деп санабаш керек. Бизнес катары караганда тобокелчилик болуп кетет.

- Эгер кокустан адамдын организми кабыл албай же кошумча ооруну пайда кылса эмне болот?

- Аны биз оңдойбуз. Хирург өзүнүн эсебинен оңдошу керек. Ошон үчүн келишимде жазылат: “кээ бир шарттарда хирург оңдоп-түзөөчү операция деп кайра кабыл алышы мүмкүн экенин түшүнөм” деп. Мисалы, кулак делдең болуп турган кезде аны артка тиккенден кийин эки кулак бири-бирине дал келбей калышы мүмкүн. Кээ бир адамдар 1 миллиметрди да байкашат, кээ бирлери 5 миллиметрди деле байкай алышпайт. Мындай учурларда кайрадан оңдолот. Бул биздин милдет. “Эч нерсе кылбаган адам жаңылышпайт” деген сөз бар эмеспи. Бирок, бул жерде катачылык деп айткан туура эмес. Адамдын сырткы келбетине операция жасоо үчүн көп билим талап кылынат. Операция туура жасалса эч кандай кошумча оору пайда болбойт. Дүйнөлүк статистика боюнча операция жасаткандардын 3-15 пайызына жакпайт. Өзүмдүн иш тажрыйбамды карасам, 100 адамдан 7-8и келип, өйдөрөөк болсун, кыскараак болсун дегендей өзүнүн каалаганын айтып, кайра оңдотуп кетишет.

- Операция жасалгандан кийин бул жерде жатып калышабы?

- Кээде чоңураак операция жасалганда, беттин бырышын алганда, төш безге силикон салган кезде, кыйшык буттарды оңдогондо наркоз алышат. Ошондой учурларда жатышат. Ал эми көз, кулак операциялары амбулатордук болуп эсептелет, стационардык эмес. Операциядан жарым саат, бир саат өткөндөн кийин үйүнө кетип, улам келип көрүнүп турушат.

- Бул тармакта канча жылдан бери эмгектенесиз?

- Эстетикалык хирургияда 10 жылдык тажрыйбам бар. Ал эми Улуттук госпиталда микрохирургия боюнча 7 жыл эмгектендим. Андан кийин Медициналык академиянын медициналык борборуна келип, Хирургия бөлүмүн ачтым. Башында жылына 30-40 операция жасасам, азыр жылына 500гө жакын операция жасап калдым. Ошондо акыркы жылдары 3000-4000ден ашык адамдарды бактылуу кылдым.

- Күнүнө иштейт экенсиз да.

- Күнүнө экиден ашык операция жасабайм деген принцибим бар. Жогоруда айтып өткөндөй бул мен үчүн бизнес эмес. Кээ бир хирургдар күнүнө 6-7 адамдын көзүн жасап коем деп мактанышат. Мен андай кыла албайм. Алтынчы же жетинчи пациент менин колум чарчап калганына күнөөлүү эмес. Негизи кол, эс-тутум чарчайт. Адам өзүнүн сырткы турпатын ишенип коюп берип аткандан кийин аны бизнес катары көрүп, арыдан-бери жасап салган туура эмес. Ар бир адамга жекече мамиле кылуу керек.

- Көбүнчө жаштар кайрылышат дейсиз, каражат жагынан мүмкүнчүлүгү жетеби?

- Эми жакшы уюлдук телефондорду алган адамдын операция жасатууга да мүмкүнчүлүгү жетет.

- Болжолдуу баалары канча?

- Бизде Москвадагы бааларга караганда 5-10 эсе арзан болуп калат экен. Казакстанга салыштырмалуу жок дегенде 2 эсе же 3 эсе арзан.

- Маекти аяктап жатып кандай кеңештерди айтасыз?

- Адамга келбет бир гана жолу берилет. Маанайым жакшы эмес, барып операция жасатып көрөйүнчү деген сөз болбош керек. Эстетикалык операция жасатууга макул болоордун алдында хирургду изилдеш керек, жасаган иштерин көрүш керек, мүмкүн болсо анын мурдагы пациенттери менен байланышып, “сиз жасаттыңыз эле, кандай өттү, ооруган жокпу?” деп сурап билип, анан чечим чыгарышы керек. Анткени кээде туура эмес операция жасатып алып келишет. “100 пайыз кепилдик берем, баары жайында болот, кассага акчаны бер” деген хирургдарга учурап, анан өкүнүп калышат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу