Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
17/06 18:54
 

Даанышман жазуучу

Бишкек, 17-июнь. /Эмилбек Момунов – Кабар/. Ар бир эл башкалардан тили, маданияты, каада-салты, үрп-адаты менен айырмаланып турат. Ал эми кыргыз элинин дагы бир өзгөчөлүгү – “Манас” эпосу баш болгон кылымдардан бери муундан муунга сакталып келаткан оозеки чыгармалары жана чечендик өнөрү болуп саналат. Мына ошол маданий мурасы, улуттук жүзү менен кыргыздар нечен жоокерчилик замандарда да жок болуп кетпей, мамлекеттүүлүгүн сактап келген.

  Албетте, бүтүндөй бир доордун турмушун чагылдырган оозеки же башка чыгармалар ошол элдин арасындагы таланттуу адамдар тарабынан жаралган. Кыргыз эли бүгүнкү күндө да табият мына ошондой касиетти ыроолоп, Кыдыр колдогон инсандардан куру эмес. Алардын бири – жазуучу Калканбай Ашымбаев десек аша чапкандык болбостур. Окурмандар аны “Интергельпо”, “Жолдогу өмүр”, “Насаатчы”, “Болоттун куймасы”, “Кыйын тагдырлар”, “Өчпөс толкун”, “Сокмо көйнөкчөндөр”, “Даанышман”, “Академик өмүрү” аттуу жана башка 21 роман, повесттери менен 500дөн ашык очерк, публицистика, фелетондору аркылуу билишет. Мындан тышкары философиялык этюддардан, асыл ой берметтеринен турган “Батакөй чал”, “Бой тумар”, "Акылмандын каухар таш" аталыштагы китептери автордун өзүнүн сөзү менен кыргыз радиосунун казынасына жазылып алынган.

Ооба, табиятынан таланты менен кошо жөнөкөйлүк, адамкерчилик бийик сапаты кошо жаралган Калканбай агай башка калемдештерине окшоп, кыргыз элинин маданий мурасына опол тоодой салым кошсо да айрым калемгерлерге окшоп сыйлык, наам жана башка сый ургалдардын артынан чуркабаптыр. Болгону “Эл агартуунун отличниги”, “Республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген наамдар берилген. Бир чети агай өзү айткандай, чынчылдыгы, кошоматчылыкты билбеген түздүгү, кайра “Чалкан” журналында иштеп жүрүп далай чоңдорду безге сайгандай сындагандыгы анын талантынын, элине жасаган эмгегинин татыктуу бааланышына кедергисин тийгизгендир...

Анткен менен К. Ашымбаев кабагым-кашым дебей, жашы сексенди таяп калгандыгын да капарга албай, жаштардан кем калышпай, теле, радио, жогорку окуу жайларда жаштарга нускалуу кебин үзбөй айтууда. Өзгөчө 2005-жылдан бери “Оозеки китебин” жогорку окуу жайлардын, техникумдардын, кесиптик лицейлердин жана орто мектептердин жаштарына жатка бир сааттан ашык окуп келүүдө. Жазуучунун асыл-ой берметтеринен турган бул китеби өзгөчө жаштарыбыздын аң-сезимин ааламдаштыруу эпкини кара тумандай каптап турганда тарбиялык жактан мааниси өтө жогору.

Эмесе, биз Калканбай Ашымбаев тууралуу анын калемдештери менен замандаштарынын да пикирлерин угуп көрөлү:


Жакып Медетов, жазуучу, прозаик, коомдук ишмер:

- Калканбай Ашымбаев азыркы учурда аябай чыгармачылыгы ашып-ташып күрдөөлдүү иштеп жаткан жазуучу. Анын мурда жазылган чыгармаларын айтпаганда да, кийинки мезгилде жарык көргөн философиялык багыттагы “Батакөй чал” деген учкул сөздөрдөн турган эмгеги чоң тарбиялык мааниге ээ. Мында оозеки чыгармачылык кеңири берилген. Айрымдар оозеки чыгармачылыкты жомок деп ойлошу мүмкүн. Чындыгында бул кыргыз адабиятына кошкон өзүнчө бир чоң салым. Чыгармачылыктын эң бир жеткен чеги устаттык жана элдик чеберчиликти өркүндөтүү болуп саналат. Мисалы, жамакчыны айрымдар экинчи сорттогу адабият деп ойлошот. Негизинен бул оозеки чыгармачылыктын туу чокусу. Кыргыз элинде бул жанр өтө жогорку деңгээлде өнүккөн. Мисалы, Ысмайыл Борончиевден “Жамакчылык өйдөбү же төкмө акындыкпы?” деп сурашса, “Төкмө акындык кечээ эле ойлоп табылган. Ал эми жамакчылык көргөн нерсенин баарын ыр менен сүрөттөп берүү. Мындай талант ар бир адамда эле боло бербейт” деген экен. К. Ашымбаев да мына ошол жамакчылык өнөрүн өздөштүргөн сейрек таланттын ээси. Калканбайдын бул өнөрү – ата-бабадан калган нукура касиеттин күчү.

Тилекке каршы жашы сексенди таяп калса да анын кыргыз элине, адабияты менен маданиятына жасаган эмгеги татыктуу бааланбай келет. Эгер көзү тирүүсүндө “Кыргыз эл жазуучусу” наамы берилип калса, балким шыктанып, мындан да күжүрмөндүүлүк менен иштейт беле?

Байтемир Асаналиев, КР маданиятына балдар жазуучусу:

- Калканбай Ашымбаев албетте, окурмандарга кеңири таанымал жазуучу. Бул киши өзү алгач математика мугалими болуп иштеген экен. Көп жылдар окуучуларга сабак берип, андан кийин журналистикага өтүп, газета, журналдарда иштөө менен калеми такшалган. Андан соң көркөм дөөлөттөрдү жазууга өтүп, калеминен повест, роман, даректүү баяндар жаралды. Анын ичинен бир канча балдарга арналган чыгармаларды жаратты. Мага өзгөчө жаккан чыгармасы “Сокмо көйнөкчөндөр” деген повесттер жана аңгемелер жыйнагы. К. Ашымбаевдин эң чоң эмгегинин бири “Интергельпо” романы. Бул чыгармасы да окурмандар тарабынан жакшы кабыл алынган. 

Ал азыр жашы сексенге таяп калса да карыдым, арыдым дебей, калемин колдон түшүрбөй, аябай активдүү иштеп жатат. Белгилүү хирург Иса Ахунбаевге арнап жазган чыгармасы өзүнчө сөз кылууга арзыйт.

К. Ашымбаевдин башка жазуучулардан айырмаланган дагы бир өзгөчөлүгү – чыгармаларынын балдарды адептүүлүккө, нравалуулукка тарбиялоодогу мааниси чоң. Анын көп эмгектери азыр мектептерде, жогорку окуу жайларында кошумча сабак катары окутулуп келатат. Мисалы, “Батакөй чал” китеби жаштарды ыймандуулукка тарбиялоодо теңдешсиз эмгек.

Бүтүндөй өмүрүн кыргыз элинин адабиятын байытууга арнап келаткан ушул эмгектери үчүн ага “Кыргыз эл жазуучусу” наамын эбак эле берүү керек болчу.

Тургуналы Молдобаев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, коомдук ишмер:

- Калканбай Ашымбаев азыркы көрүнүктүү кыргыз жазуучуларынын бири. Ал экөөбүз “Кыргызстан маданияты” газетасында 10-15 жыл чогуу иштегенбиз. Журналист катары да эл аралап, калк казынасын терең изилдеп, көркөм чыгармаларды жараткан. Өз кезегинде интернационалдык темага арналган “Интергельпо” романы окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, жакшы баага татыктуу болгон.

Негизгиси К. Ашымбаевдин чыгармалары элдин турмушу менен тыгыз байланышкан. Ал элден алып, кайра ошол элге көркөмдөп, тарбиялык маанисин арттырып кайра тартуулаган. Мындай кумурскадай эмгекчилдик менен чеберчилик, шык-жөндөм баардык эле жазуучуларда боло бербейт.

Акыркы кезде да карыдым деп жатып албай, бир топ чыгармаларды жазууда. Мындан тышкары мезгилдүү басма сөздө окурман, угармандарга нускалуу кебин байма-бай айтып, студенттерге дарс окуп келүүдө. Бул кишинин чыгармалары мектеп программасына киргизилген. Анын педагогикалык ишмердүүлүктөрүнүн жаш муундарга улуттук каада-салтты, рухий баалуулуктарды үйрөтүүдө мааниси зор.

Мына ушундай оршон талант да тегин жерден жаралбайт. Калканбайдын атасы Мамбетаалы манасчы болгон. Андыктан ал бала кезинен эле куйкум сөздү кулагына куюп, көкүрөгүнө түйүп чоңойгон.

Санарбек Карымшаков, сынчы, адабиятчы, профессор:

- Калканбай агайдын негизги кесиби физик-математик. Анткен менен дээринде адабий шыгы, көркөм көрөңгөсү болгондуктан, адабиятка ооп кеткен. 1950-жылдан баштап ал кыргыз адабиятынын күжүрмөн публицисти, сатириги, очеркисти, фелетончусу, прозаиги, кыскасы көп кырдуу талант катары таанылды.

Калканбай Ашымбаевдин чыгармаларындагы башкаларга салыштырмалуу өзгөчөлүгү – философиялык мааниси, кыргыз элинин рухуна, менталитетине туура келгендиги жана жаш муундарга тарбиялык мааниси. Чыгармалары бир гана окурмандарга эмес, окутуучуларга да адабият катары колдонулуп келүүдө.

Тилекке каршы ушул кезге чейин К. Ашымбаевдин таланты менен эмгеги татыктуу бааланбай келүүдө. Дагы бир белгилеп кетүүчү жагдай – ал адам катары да өтө бийик сапатка ээ. Эч качан бой көтөрбөйт, бирөөгө жаман айтпай, көңүлүнө жакпаса акырын гана өзүнө мүнөздүү юмор менен айтып коёт.

Рынок экономикасынын шартында жашап жатабыз деген менен мурдагы сыйлык, наамдар бар да. Аларды кимдер алып жаткандыгы деле белгилүү. Ошондуктан К. Ашымбаев “Кыргыз эл жазуучусу” деген наамга эбак эле татыктуу адам. Эми “ийгиликтин эрте, кечи” жок демекчи, кеч болсо да бериш керек. (Фотолору автордуку)

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу