Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
15/06 15:29
 

О. Молдалиев: «Жергиликтүү бюджет маселесин чечкенде гана жергиликтүү бийлик органдарынын укуктары кеңейет»

Эртең, 16-июнда, Жогорку Кеңеш «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. Аталган мыйзам долбоорунун башкы максаты жергиликтүү бийликтин ыйгарым укуктарын кеңейтүү болуп саналат. Анда бийликти бөлүштүрүүдөн тышкары, калктын масеплесин жеринде чечиш үчүн алардын ыйгарым укуктары кеңейтилет. Буга жергиликтүү кеңештер кабыл алган чечим таптакыр аткарылбай келгендиги негиз болууда. Мындан тышкары, мыйзамда эки баскычтуу жергиликтүү бийлик органдарынын биринчи баскычы – шаар, айыл болсо, экинчи баскычы – район болоору белгиленген. Чиновниктердин санын жана бюджеттин чыгымын азайтуу максатында облустар жоюлат. Ошондой эле айылдык округдардын ордуна «айыл» түшүнүгүн киргизүү каралган. Мыйзам долбоору боюнча облустарды жоюу, район акимдерин дайындоо маселеси кызуу талкуу жаратууда. Буга байланыштуу суроолорго саясат таануучу Орозбек Молдолиев жооп берди.

- Район акимдерин дайындоо маселеси талашка түштү. Депутаттар «акимди жергиликтүү кеңештер дайындашсын» дешсе, өкмөт «акимдерди дайындоо укугу премьер-министрге же президентке берилсин» деп жатат. Бул маселе кандай чечилиши керек?
- Бул абдан ойлонуп туруп чече турган маселе. Эгерде акимдерди өкмөт дайындап калса, анда кээ бир акимдер жергиликтүү кеңештин чечимин тоготпой калат. Буга чейин акимдер жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн унутта калтырган учурлар болгон. Ал эми акимди жергиликтүү кеңеш шайласа, ага көз каранды болуп, өкмөткө баш бербей коюшу ыктымал. Бул башкаруу системасынын калыптана электигинин белгиси. Ошол үчүн бул маселени терең ойлонуп туруп чечиш керек. Конституцияга ылайык биз парламенттик башкарууга өттүк. Парламентти эл шайлайт. Жогорку Кеңеш өкмөттү түзөт. Парламент түзгөн өкмөт акимдерди дайындаса, дурус эле болот. Мурун го өкмөттү президент эле дайындап койчу. Ушундан улам президенттен баштап айыл өкмөтүнө чейин тике бийлик түзүлүп калган. Ал кездеги абал башкача болчу. Ошол үчүн акимдерди өкмөт дайындай тургандыгынан кооптонбой эле койсок болот.
Бирок, экинчи маселе бар. Мындай талаш маселени чечиш үчүн эксперимент жасап көрсөк болот. Мисалы, эки-үч облуста акимдерди жергиликтүү кеңеш шайлагыдай кылып, дагы эки-үч облуста башка жол менен акимдерди дайындап, алардын ишине талдоо жүргүзүш керек. Ушунда гана кайсы жол ылайыктуу экени көрүнөт. Антпесе биз жалаң жаман жактарын эске алып, өзүбүз иштете албай калып, «бул система жаман экен» деп жыйынтык чыгара беребиз.

- Облустарды таптакыр жоюп, эки баскычтан турган жергиликтүү бийликти калыптандыруунун зарылчылыгы барбы?
- Облустарды жоюу тажрыйбасы советтик мезгилде көп эле жолу болду. Хрущевдун убагында «коммунизмге тоскоол болуп жатат» деп, Кыргызстанда Ош облусунан башка бардык облустар жоюлган болчу. Кийин «бул иштегенге ыңгайсыз экен» деп, Брежневдин убагында облустардын бир тобун кайра түзүшкөн. Ошондо Нарын жана Ысык-Көл облустары түзүлүп, Чүй менен Талас түз эле борборго баш ийип калган. Кайра куруунун убагында Апсамат Масалиев облустарды бириктирип баштаган. Ысык-Көл менен Нарынды кошуп, Балыкчы шаарын алардын борбору кылган. Кыскасы, облустарды жоюу, түзүү тажрыйбасы көп жолу болду. Кийин президент Аскар Акаев «ушул бойдон калтырабыз, облустарды бөлгөнгө болбойт, азыр акча жок, эгер тыйын-тыпыр болсо, ар бир айылга облус ачып берем» деп айткан. Бирок андан көп өтпөй Кыргызстанда 6 облус калыптанып, 1999-жылдагы Баткен окуясынан кийин 7 облус түзүлдү. Дал ушул тажрыйбаларды талдап көрүш керек. Учурда айрым саясатчылар облустарды «ашык звено» деп жатышат. Мында эксперимент катары кээ бир облустарды жоюп, иштетип көрүш керек. Бул жакшы тажрыйба болсо, калгандарына жайылтсак болот. Биз мындай «ойт бермелерден» далай өттүк. Бирде жоюп салып, бирде кайра түздүк. Мындай мүчүлүштүккө жол бербеш үчүн талдоо жүргүзүү зарыл. Алсак, Баткен облусу түзүлгөндөн бери кандай жылыштар болгонуна байкоо жүргүзсөк болот. Бул экономикалык көрсөткүчтөрдөн эле байкалат. Негизинен алыскы облустарды жоюудан мурда этият болуш керек. Мисалы, борборго жакын жайгашкан Чүй облусун жоюуда олуттуу деле коркунуч жок. Мунун баарын ойлонуштуруп көрүп, андаң соң гана чечим кабыл алыш керек.

- Аталган мыйзам долбоорунда айылдарды ирилештирүү сунуш кылынган. Айыл округдарын жоюунун канчалык пайдасы бар?
- Ооба, айыл округдарын жоюп, «айыл» түшүнүгүн киргизебиз деп жатышат. Мунун да негиздерин карап көрүш керек. Бул жөн эле идеябы же мунун артында экономикалык негиздемелер барбы? Бул жерде кадрлар азаят деп, ошого эле таяна берүүдөн иш өзгөрүп кетпейт. Калган жактарын да караш керек болот.

- Негизинен эле жергиликтүү бийлик органдарынын укуктары канткенде кеңейет?
- Жергиликтүү бийлик органдарынын укуктары азыр деле жакшы. Бирок булардын чөнтөгү жука. Жарды кишинин сөзү өтүмдүү болбойт. Жарды кишини эч ким төргө өткөрбөйт. Жергиликтүү бийлик качан болбосун «каражат бер» деп суранып жүрөт. Ошондуктан жергиликтүү бюджет маселесин чечкенде гана жергиликтүү бийлик органдарынын укуктары кеңейет. Алардын таасири өзүнөн-өзү күчөйт. Жогору жактан акча күтүп, көз каранды болуп отурганда жергиликтүү бийлик эч качан таасирдүү болбойт. Мындай шартта алардын укугун премьер-министрдикине теңеп койсо да, айыл өкмөтүн көтөрүп иштей албайт. Каражат жагы чечилмейинче, ыйгарым укуктарын кеңейтүү кагазда жазылган боюнча кала берет.

Маектешкен Мээрим Ибраева, «Кабар»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу