Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
07/06 09:08
 

Турсунбек Күрөңкеев: «Алкоголь ичимдиктерин өндүрүүнү көмүскөдөн чыгаруунун башка да жолдору бар»

Кыргызстанда алкоголь ичимдиктеринин 60-70 пайызы көмүскөдө даярдалган күндө да, бул тармак кирешелүү тармактардын бири. Майлуу-сүттүү орунду убагында Акаевдин күйөө баласы жетектесе, кийин Максим Бакиев «мурастап» алган. Эми алкоголь ичимдигин өндүрүү тармагына байланыштуу тийиштүү мыйзамдарга алымча-кошумча киргизилип, өкмөт өндүрүүчүлөр менен макулдашууга чейин барып, токтомдор токулуп жатат. Өндүрүүчүлөр бул аракеттин артында тармакты бир колго алуу максаты бар деп эсептешет. Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүү, сактоо жана сатуу боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу коомдук байкоочу кеңештин төрагасы, Арак продукциясын өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Турсунбек Күрөңкеевге айрым суроолор менен кайрылдык.

- Бийлик алкоголь ичимдиктерин өндүрүүчүлөр менен макулдашуу түздү эле. Анда эмнелер камтылып, кандай шарттар белгиленген?

- Быйыл жыл башында алкоголь ичимдигин өндүрүүчүлөр биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен жолукканбыз. Анда өкмөт менен өндүрүүчүлөрдүн ортосунда макулдашуу түзүү боюнча демилге көтөрүлгөн. Алгач ишкерлер буга макул болдук. Анткени биз мамлекеттик бюджетке түшө турган кирешени көбөйтсөк, бийлик тармакты өнүктүрүш үчүн жакшы шарттарды түзмөк. Макулдашууда өкмөт өзүнө 5 милдеттеме алган. Алар – алкоголь ичимдиктерин өндүргөн ишканаларды текшерүүгө мораторий киргизүү, укук коргоо органдарынын ыгы жок кийлигишүүсүнө тыюу салуу, арактын баштапкы дүң жана чекене баасын бекитүү, акциздик салыкты төлөө мөөнөтүн өзгөртүү жана спирт сатып алуу шартын жеңилдетүү. Бүгүнкү күндө милдеттердин бирөөсү гана аткарылды – башкача айтканда спирт сатып алуунун шартын жеңилдетүү жүзөгө ашырылды.

- Бийлик минтип өндүрүүчүлөр менен тил табышуу аракетин көргөнү менен, жылына 200 миң декалитр (1 декалитр – 10 литр) өндүрүү талабына макул болбой келатасыздар го?..

- Мындай аракети менен бийлик биздин абалды оорлотуп атат. Алсак, «алкоголь ичимдиктерин өндүрүүчү компаниялар жыл сайын жок дегенде 200 миң декалитр продукция өндүрүшү керек» деген жаңы сунушту киргизишти. Бирок биз депутаттар менен жолугуп, мыйзам долбоорун өткөргөн жокпуз. Азыр мурдагы деңгээлде 100 миң декалитр боюнча калды. Бирок 100 миң декалитр да көп. Муну азайтуу боюнча премьер-министр Алмазбек Атамбаевге кайрылганбыз. 100 миң же 200 миң декалитр деген шарт тармакты өнүктүрбөй эле, көп ишканалардын жабылышына алып келет. Тармакты көмүскөдөн чыгаруунун башка жолу бар. Ал үчүн алкоголь ичимдиктерин өндүрүүчүлөрдүн башын бириктирип, ачык акционердик корпорация түзүш керек. Мындай шартта бардык ишкерлер көбүрөөк пайда табуу максатында ачык иштегенге даяр болот. Бирок ачык акционердик корпорацияны мамлекет эмес, өндүрүүчүлөр өздөрү көзөмөл кылышы зарыл. Анткени бийликтегилер өзгөргөн сайын жетекчилик алмашып, ишке кедергисин тийгизет.

- «Өкмөт өзүнө алган милдеттемелердин бири - арактын баштапкы дүң жана чекене баасын бекитүү болгон» дедиңиз. Бул аракет канчалык деңгээлде өзүн актайт?

- Арактын баштапкы дүң жана чекене баасын белгилөөнүн жакшы да, жаман да жагы бар. Биринчиден, бизде көмүскөдө даярдалган, сапаты начар арак дүкөндөрдө 32-33 сомдон сатылып жатат. Мындай шартта сапаттуу даярдалган продукцияны сатуу мүмкүн эмес. Ошондуктан баштапкы бааны белгилөө көмүскө өндүрүшкө бут тосот. Бирок Кыргызстанда «Табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө» мыйзам боюнча өкмөт бааны белгилей албайт. Кайсы бир ишкана жалпы өндүрүштүн 35 пайыздан ашыгын чыгарган шартта гана баштапкы баа бекитилиши мүмкүн. Негизи өкмөт менен өндүрүүчүлөрдүн ортосундагы макулдашууга ылайык, Кыргызстанда арактын дүң баасы 45 сомдон, чекене баасы 50 сомдон ашпашы керек деген талаптар каралган. Бийлик тарабынан арактын баштапкы дүң жана чекене баасын белгилөө аша чапкандык болот. Бул маселени чечүүнү башка жолу бар. «Кара-Балта» спирт заводун өндүрүүчүлөрдүн өзүнө бериш керек. Алар өз кызыкчылыгы болгон шартта гана көмүскөдөн чыгат.

- Акциздик салыкты төлөө мөөнөтүн узартуунун кандай зарылчылыгы бар?

- Кыргызстан акциздик салык алдын-ала төлөнгөн жападан-жалгыз өлкө десек болот. Биз салык инспекциясынан акциздик марканы сатып алып жатып, анын номиналдуу наркы менен кошо акциздик салыгын да төлөйбүз. Ушундан кийин гана акциздик марка колго тийет. Ал эми Казакстанда жана Россияда акциздик салык 30 күндөн кийин гана төлөнөт. Биз өкмөттөн акциздик салык төлөөнүн мөөнөтүн жок дегенде 20 күнгө чейин узартууну суранганбыз. Бирок бул маселе чечиле элек. Ал 20 күн акциздик марканы сатып алып, спиртти алып, продукцияны өндүрүп, сатып ала турган кардарларды тапканга жумшалмак.

- Бүгүнкү күндө акциздик салык канча сомду түзөт?

- Кыргызстанда акциздик салык 1996-жылы киргизилген. Андан бери анын өлчөмү бир нече жолу өзгөрдү. Бир литр алкоголь ичимдиги үчүн акциздик салык 15 сом, 44 сом, 18 сом деңгээлинде белгиленип келген. Бүгүн бир литр арактан 21 сом акциздик салык алынат. Башкача айтканда, бир бөтөлкө арактын 10,5 сомун акциздик салык түзөт.

Маектешкен Мээрим Ибраева, «Кабар»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу