Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
06/06 12:15
 

Расия Жуманазарова: «Элдик кол өнөрчүлүк менен кыргыздарды дүйнөгө таанытуу чоң мааниге ээ»

3-июнда Өзбекстандын Бухара шаарында ЮНЕСКОнун колдоосу менен уюштурулган «Жибек жана оймолор» аттуу XI эл аралык фестиваль өз ишин баштады. Анда Ташкент шаарынын тургуну, жергиликтүү кыргыздардын өкүлү Расия Жуманазарова өзүнү «Оймолор обон салганда» аттуу көргөзмөсү менен катышууда. Ташкенттеги өз кабарчыбыз Төлөнбай Курбанов телефон аркылуу Расия Жуманазаровага бир канча суроолор менен кайрылды.
- Расия, эң оболу бул фестивалдын маани-маңызы, максаты  менен тааныштыра кетсең?
- Бул фестиваль «Жибек жана оймолор» деп аталат. Мында бардык Борбор Азия мамлекеттеринен келген, кол өнөрчүлүк менен алектенген 50дөн артык адистер, модельерлер, дизайнерлер, усталар, тигүүчүлөр келишкен. Ар бир мамлекет, улуттук кол өнөрчүлүк үчүн атайын стенд коюлган. Мен кыргыз кол өнөрчүлүгү үчүн бөлүнгөн жайда өзүмдүн «Оймолор обон салганда» аттуу көргөзмөмдү жайгаштырып, улуттук кийимдер, жибек менен шайыдан, жүн менен териден жасалган буюм-тайымдарды, эстеликтерди жана зергерлик буюмдарды көрөрмандарга сунуштап жатамын.
- Эгер мүмкүн болсо «Оймолор обон салганда» аттуу көргөзмөнүн пайда болушу тууралуу айтып берсең?
- Менин тегим Таластан. Ташкенттеги консерваторияны бүтүрүп, ушул жакта калып калдым. Ташкент шаарындагы «Өзбекстан» басма үйүндөгү кыргыз редакциясында иштеп келемин. Негизги милдетибиз - Өзбекстандагы кыргыз мектептери үчүү окуу китептерин жана методикалык колдонмолорду даярдоо. Мына ошол китептерди даярдоодо кыргыз каада-салты, наркы, кол өнөрчүлүгү сыяктуу маселелер менен да жакындан таанышууга туура келди. Кыргыз оймолорун көрсөм, кандайдыр бир обон салгандай туюлат. Мына ушундан улам 2001 жылдан баштап «Оймолор обон салганда» аттуу көргөзмө пайда болгон.
Көргөзмө менен Германия, Франция, Турция, Япония, Малайзия сыяктуу мамлекеттерде болуп, элдик кол өнөрчүлүк менен кыргыздарды дүйнөгө таанытууда өз салымымды кошуп келе жатамын деп айта аламын.
- Фестивалда кандай жаңылыктарды сунуштадың?
- Албетте, бул жерде ар түрдүү кол өнөрчүлүк буюмдары коюлган. Бирок негизинен жибекке жана оймого басым жасалууда. Ушуну эсепке алып, Өзбекстанда чыгарылган жибек кездемелерине кыргыздын меринос койлорунун уяң жүнү басылган шарф, жоолук, кофта сыяктуу буюмдардын коллекцияларын алып келгенмин.
Оймо иштерин кичине кезимден энемден үйрөнгөн болсом, жибекке жүн басуу технологиясын, чебердигин Кыргызстандагы атактуу дизайнер жана модельер Татьяна Воротниковадан үйрөнгөнмүн.
Фестивалдын алгачкы күндөрүндө эле аябай көп чет өлкөлүк туристтер, меймандар кыргыз кол өнорчүлүгүнө зор кызыгуу билдиришти.
- Рахмат Расия, иштериңе албан ийгиликтер!

Бухара-Ташкент, «Кабар»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу