Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
26/05 15:02
 

С.Бакиров: Жалал-Абад облусунун милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Станбек Бакиров азыркы учурда облустун аймагындагы коомдук-саясий жана криминогендик абалды туруктуу кармап туруу багытында тартип сакчыларынын аткарып жаткан иштери боюнча «Кабар» маалымат агенттигинин суроолоруна жооп берди.

- Станбек Нурдинович, Сиздин облустук ИИБнын жетекчиси болуп иштегениңизге бир жылдын жүзү болуптур. Бул аралыкта тартип сакчылары кандай иштерди аткара алышты?

-  Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы бир топ ийгиликтерге жетишти. Атап айтсак, 2010-жылдын май, июнь айларындагы коогалаңда жалпысынан 723 кылмыш иши катталды. Бул кылмыш иштери боюнча оперативдик тергөө амалдары толугу менен жүргүзүлүп жатат. Бир да кылмыш иши кароосуз, же тергөө амалдары аткарылбай калган жок. Ошонун негизинде, бүгүнкү күндө жалпысынан облустагы июнь коогалаңы боюнча 94 киши жоопко тартылды. Анын ичинен бир факты боюнча 17 киши, экинчи факты боюча 5 киши өмүр бою эркинен ажыратылды. Мындан тышкары, катталган оор кылмыштардын 89 пайызы ачылды. Муну менен катар ошол коогалаңда 79 автомат элдин колуна өтүп кеткен болсо, анын 72си кайра алынды. Облустун аймагындагы күнүмдүк кылмыштардын бетин ачууда да көп жылыштарга жетиштик. 2009-жылга салыштырмалуу өткөн 2010-жылы болгон коогалаңдарда милиция кызматкерлери кайгуул күзөт кызматында, же күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте нарядда турганына карабай, кылмыштын бетин ачууда мурдагы позицияга жетише алдык.
КР ички иштер министринин өткөргөн коллегиясында бизде негизги багыттардын бири – уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөш экени айтылган. Бул багытта биз 8 кылмыштуу топтун ичинен 11 адамды кармадык. Акыркы мезгилде Базар-Коргон районунан тоноочулук менен алектенген бир уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып, убактылуу кармоо жайына жеткирилди. Ал ушул жылдын башында кылмыш кылганы үчүн сот жообуна тартылып, шарттуу түрдө кесилип чыккандан кийин бир айга жетпеген убакытта кайра эле тоноочулукка өткөндүктөн, эл анын үстүнөн арыз менен кайрылган.
- Июнь окуяларынын бир жылдыгына байланыштуу эл арасында ар түрдүү ушак-айыңдар айтылып жаткандыктан, мунун алдын алуу багытында сиздер кандай иш жүргүзүп жатасыздар?
- Биздин облустун аймагында азыр эл арасында ар түрдүү ушактар айтылып жатат. Азырынча ар бир айтылыган ушак, бизге түшкөн ар бир маалымат өз убагында оперативдүү түрдө текшерилүүдө. Ошол ар түрдүү маалымат бизге түшүп турсун деп, облустук ички иштер башкармалыгынын ичинде 5-13-46 деген ишеним телефонун ачып койгонбуз. Андан тышкары, ар бир район-шаарларда ИИБдө ишеним телефондору жазылган. Алар күнү-түнү иштейт. Бул телефондор ар кандай маалыматтарды, ушак-айыңдарды оперативдүү текшерүү максатында коюлган.
Ошондой эле, июнь окуяларынын бир жылдыгына карата ар кандай тополоң чыгып кетпесин деген максатта 2 жолу облустук, бир нече жолу район-шаардык деңгээлде конференциялар өткөрүлдү. Бул конференцияларга облустук мамлекеттик администрациядан, облустук прокуратурадан, коопсуздук комитетинен, аксакалдар сотунан, ардагерлер жана аялдар кеңештеринен, жаштар союзунан, ар бир улуттук диаспорадан өкүлдөр катышып, сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Биринчи сүйлөшүү Жалал-Абад шаарынын мэриясында өтүп, ал жерде облусубуздагы коомдук-саясий жана криминогендик абалды түшүндүрдүк. Андан кийин мурдагыдай дүжүр адамдарды сүйлөтпөстөн эркин микрофон коюп, ким эмне кааласа, ошону ачык айткыла деп, элдин өз эркине койдук. Мунун максаты келе жаткан июнь окуяларынын бир жылдыгына карата эл арасында кандай сөздөр, ушак-айыңдар бар экендигин билүү болду. Экинчи жолу мындай жыйын Сузак районунун акимчилигинде өттү. Ал жерге облустук мусулмандар казыятынын казысы, айылдагы мечиттердин имамдары катышты. Сузакта да жогоруда айтылгандай эле бардык мамлекеттик кызматкерлер менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышып, өздөрүнүн ойлорун ортого салышты. Эркин микрофонго каалагандар өз ойлорун ачык айтып, бизге коюлган дооматтарды уктук.
Бирок, ошого карабастан бизде июнь айы жакындаган сайын эл арасында ар кандай ушак-айыңдар, туура эмес маалыматтар айтылып жатат. Бизге түшкөн маалыматтын 95 пайызы текшерүүдөн өтүп, далилденбей чыкты. Ал эми 5 пайызын текшерүү ошол айткан адамдардын жоктугуна байланыштуу дале улантылып жатат. Ошентсе да, эл арсында айтылып жаткан маалыматтардын эч бири текшерүүдө такталбады.
- Мына ушул жолугушууларда «Сузак айылынын тургундары Өзбекстандын жарандары менен байланышып алып, Кара-Дарыя айылындагы элдин малын уурдап, чек арадан өткөрүп берүүгө көмөктөшүп жатышат» деген маалыматтар айтылыптыр. Ушул уюшкан мал уурулукка бөгөт коюга болобу?
- Сузак районунун Кара-Дарыя айылында катталган мал уурулук боюнча биз атайын топ түзүп, ал жерде Өзбекстан менен биздин ортобузда эч кандай тосмо жок болгондугуна байланыштуу, 4 мал уурулук фактысы катталган. Жүргүзүлгөн оперативдик иштердин натыйжасында ал жакта чек арачылар жок деп туруп калбастан, өзүбүздүн ички иштер аскерлерден күч алып, милиция кызматкерлерин, айылдык округдун элдик кошундарын, айылдык аксакалдарды топтоп туруп, түнү бою атайын кайтарып чыктык. Ошентип, Өзбекстандын эки жараны, алар менен кошо Кыргызстандын үч жараны уюшуп алып мал уурулук кылганын билдик. Аларга уурдалган малды өткөрүп берип жаткан жерден алып калып, дагы бир мал уурулуктун алдын алдык. Бизге келип түшкөн, «ушул күнү уурулук болот болуш керек» деген маалымат боюнча иштедик, ошол күнү кармадык. Биз кармаганда алар каршылык көрсөттү. Өзбекстандык бирөө чек арадан ары жакка өтүп кеткенге далбас урду. Биздин кылмыш издөө бөлүмүнүн кызматкерлери барып кармаган кезде өзүнө-өзү бычак сайып, өзүн өлтүргөнгө аракет кылды. Бирок, ошого карабастан биздин балдар асманга бир-эки ок атып, аны чек арадан ары өткөрбөй кармап калышты. Ошондо беш адамдан турган кылмыш тобу кармалды. Экөө өзбекстандык, үчөө Сузак районунун тургундары.
Ошондой эле, Ноокен районунда да мал уурулук боюнча эки-үч факты катталган. Аталган жерде биздин чек арачылардын жакшы карабаганына байланыштуу, Өзбекстандын чек арасынан чыгып, Кыргызстандын малын уурдап айдап кирип кетип жатышкан фактылар болгон. Биз ал жерге кайгуул-күзөт кызматындагы балдарды, участкалык милицияны, элдик кошундарды кошуп койдук. Мына ошол жерде да түн ичинде Кыргызстандын аймагына өтүп, сарайдан 4 мал уурдап бара жаткан жеринен Өзбекстандын 2 жараны кармалды. Алар атчан болгондуктан, түн иичнде биздин кызматкерлер барып астын тоскондо алар каршылык көрсөтүп качкан. Ошого карабастан, биздин кызматкерлер кылмышкерлер минген атты бутка атып жыгып, бүгүнкү күндө 2 өзбекстандык кылмышкер Ноокен райондук ИИБнүн убактылуу кармоочу жайында отурат.
Аксы районунун Өзбекстан менен чектешкен 1-2 жеринде да чек арачылар жок. Ошол жакта бир сарайдан мал уурдалып кеткен факты бар. Ал факты боюнча Өзбекстандан кирип, кайсы ууру мал уурдап, уурдалган мал кайсы жерде кармалып турганын да билебиз. Биз Өзбекстандын бийлик төбөлдөрүнө райондук, облустук, республикалык деңгээлде «ушул ууруларды, же малды кайтарып бергиле» деп кайрылдык, азырынча анын жообу келген жок.
- Жакшы ийгиликтер менен катар, Сиздин аткарып жаткан иштериңизге нааразы болгон айрым кызматкерлериңиздин пикирлери жалпыга маалымдоо каражаттарында чыгып кетип жатат. Мына ушул багытта да өз оюңузду айтып өтсөңүз?
- Былтыр апрель элдик революциясынан кийин биринчи кезекте кадр маселеси орчундуу орунда турду. Мен жетекчи болуп келгенден кийин эле талапты катуу койгонмун. Андан кийин биздин министрибиздин койгон негизги тапшырмасы боюнча кезектик чин, же наам келгенде, кызматтан-кызматка жылганда эч кандай акча бербестен, биздеги 7 адамдан турган оперативдик кеңешме аркылуу чечилет. Биринчи орунда кызматкердин кесипкөйлүгү, билиминин жогорулугу, өзүнүн алып жүрүшү, ден соолугунун чың болушу негизги талаптардан болот. Ар бир район-шаардык ИИБнүн кадрлар боюнча орун басарларына, өздүк курамдын баарына айтабыз, «эгерде кимдир-бирөө наам, же кадр маселеси боюнча акча сурай турган болсо, күнү-түнү чыккыла» деп, телефондун номерлерин таштап келебиз. Ошого карабастан, тескери ниеттеги кээ бир кызматкерлер бар экен, ага кызматтык иликтөө жүргүзүп, ошонун негизинде чара көрсөк дагы, кайра ага нааразы болгон кызматкерлер болуп жатат. Бир эмес, бир канча кызматтык иликтөө жүргүзүп, бирок жыйынтыгы мурдагыдай эле болуп чыккандар бар.
Жакында эле Майлы-Суу шаардык мамлекеттик жол коопсуздук кыймылынын кызматкерин биринчи жолу облустук МАИден атайын топ барып кызматтык ишмердүүлүгүн текшерип, жыйынтыгын чыгарып келген. Ошого карабастан, ал кайра арыз жазды эле, биз кайрадан облустук МАИден тышкары, ар бир кызматтан атайын топ түзүп, алар кызматтык иликтөө жүргүзүштү, алар да мудагыдай эле жыйынтыкка келишкен. Кээ бир кызматкерлер өздөрүнүн кемчилигин билбей эле «кызматтан туура эмес алды» деп арыздана беришет экен. Кызматтан алуу маселесин мен өзүм чечпейм, ал боюнча 7 адамдан турган оперативдик кеңешме кылдат тескөө менен чечим кабыл алат.
- Былтыр апрель, май, июнь окуяларында милиция кызматкерлери жакшы иштебей коюшканын моюнга алышыбыз керек. Аны биз өзүбүз да көрүп жаттык. Эми азыркы мезгилде тартип сакчыларынын иши жанданып калды. Буга айлык акынын көтөрүлгөнү, мамлекет тарабынан көңүл бурулганы таасир эттиби же башка да себептери барбы?
- Ошол былтыркы май, июнь коогалаңынан кийин милиция кызматкерлери психологиялык, моралдык, материалдык жактан да кичине сынып калган эле. Мына ошол учурда биздин өкмөт көңүл буруп, биздин тармакка туура түшүнүп, биздин айткан арыздарыбызды угуп, айлык акыбызды көтөрүп бергени да себеп болду. Андан кийин биз коллегияга барганда, бизге коюлган тапшырманы туура түшүнүп аткаргандыктан, азыр милиция кызматкерлери элдин ишеничине кирип бара жатат.
Бүгүнкү күндө июнь айы жакындаганына байланыштуу облустун аймагында ички иштер кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Күндүз да, түнкүсүн да патрулдар күчөтүлгөн. Мурда 2-3төн патруль жүргөн район-шаарларда 3-4 патруль иштеп жатат. Шаар-райондордо кирип-чыккан жерлерде автомашиналардан шектүү адамдарды алдын-ала текшерүү жүрүп жатат. Бизге кирип жаткан буюмдарды, жардыруучу заттарды, же баңгизаттарды, ок атуучу куралдарды алуу максатында атайын блок посттор түзүлгөн. Ал жерде ички аскер кызматкерлери менен бирге атайын түзүлгөн «Шер» отряды блок-посттордо текшерүү жүргүзүп жатат. Маалыматтарды алуу максатында оперативдүү кызматкерлер иштеп жатышат. Бүгүнкү күндө облустун аймагында коомдук тартипти сактаган 1,5 миңдей кызматкер, ар бир райондордо элдик кошундар, бизде каттоодо турган «Ардагер» деген уюмдан 500 ардагер коомдук тартипти сактоодо иштеп жатышат. Биздин ардагерлер күчөтүлгөн режим болгон учурда сөзсүз түрдө жардам беришет.

Маектешкен Анархан Жаңыбаева, «Кабар»
Жалал-Абад шаары, 26/05/2011

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу