Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
18/05 15:27
 

Ю. Тойчубеков: Кыргызстанда оюн залдары 12 эсе азаят


«Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча милдеттүү патентке салык төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө» өкмөттүн токтомуна өзгөртүү киргизилгени турат. Аталган токтомдун долбоору Жогорку Кеңештин фискалдык жана акча-кредиттик саясат боюнча комитети менен макулашылды. Ага ылайык, оюн залдарын көмүскөдөн чыгарып, бюджетке түшө турган акчанын көлөмүн көбөйтүү каралган. Бул боюнча КР Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Юруслан Тойчубеков төмөндөгүлөрдү айтып берди.


- Буга чейин кыргыз өкмөтү оюн залдары боюнча атайын токтом кабыл алып, «бир оюн автоматына 4 миң сом төлөсөң, иштей берсең болот» деп уруксат берип койгон. Тагыраак айтканда, ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын көлөмүн 4 миң сом деп белгилешкен. Андан кийин көзөмөлдөөчү касса машинасына карата шарт коюлган. Анда оюн залына канча адам ойносо, ошого жараша салык төлөө каралган. Ушундан кийин Кыргызстанда оюн залдары толуп кетти. Үчтөн-бештен оюн автоматын коюп алып иштегендер көбөйдү. Ошондуктан быйыл өкмөт жаңы токтом кабыл алды. Ага ылайык өз ыктыяры менен алынган патент эмес, милдеттүү патенттин негизинде ар бир оюн автоматына 4 миң сомдон салык салуу каралган. Ошону менен бирге «Оюн залдары жөнүндө» мыйзамга да өзгөртүү киргизилет. Натыйжада учурда иштеп жаткан 600дөн ашык оюн залдарынын 50сү гана калат деген ой бар. Башкача айтканда, оюн залдары 12 эсе азаят. Антпесе азыркы абалында салык да төлөшпөйт, жаш балдарды да бузуп жатышат.

- Мындай оюн залдарын көмүскөдөн чыгаруу аракети менен көбүрөөк салык түшөбү?

- Ооба. Өкмөттүн токтому күчүнө кирсе, оюн залдары көмүскөдөн чыгат. Натыйжада бюджетке 230 миллион сом түшөөрү болжолдонууда. Былтыр болгону 28 миллион сом гана чогулган.

- Демек, бир оюн автоматына айына 4 миң сом салык төлөнөбү?

- Кыргызстанда көмүскөдө иштеген оюн залдары көбөйдү. Алар оюн залын жапкан болуп, көңүл ачуучу жайларды ачышкан. Бирок оюн автоматтары ордунда кала берген. Шарт боюнча бизде оюн залы 100 чарчы метрден ашпашы керек. Ошондой эле ал жерге жашы 18ге чыга электер киргизилбейт. Бирок Игорь Чудинов премьер-министр болуп турганда оюн залдары көзөмөлдөн чыгып, жайылып кеткен. 2009-жылы Салык кодексине өзгөртүү киргизүү менен бир оюн автоматынын патенттик төлөмү 2,5 миң сомдон 10 миң сомго көтөрүлгөн. Бирок патентти төлөгөндөр азайган. Анткени алар «кумар оюндарынын жайы эмес, көңүл ачуучу жай» деген шылтоо менен акча табышууда. Оюн-зоок бизнеси – бул өзгөчө олуттуу мамиле жасай турган бизнес. Ошондуктан аны катуу көзөмөлгө алыш керек. Көзөмөл жоктугунан оюн залдарынын саны 600гө чыгып кетти.

- Кыргызстанда оюн залдары 100 чарчы метрден ашпашы керек деген шарт бүгүнкү күндө аткарылып жатабы?

- Бул шарт таптакыр аткарылган жок. Ал тургай Кыргызстан боюнча лицензия алган бир да зал жок. Мыйзамды бирөөсү да сактаган жок. Буга Игорь Чудиновдун убагындагы кабыл алынган мыйзамдар жол берип койгон.

- Буга казинолордун тиешеси барбы?

- Жок. Учурда Кыргызстанда 21 казино бар. Анын ичинде Бишкекте 14, Ошто 4, Жалал-Абадда, Чүйдө жана Баткенде бирден казино бар. Бирок алардын ону гана иштеп жатат. Казинолор боюнча атайын мыйзам долбоорун даярдап, ага ылайык казино ачуунун баштапкы ченин 200 миң долларга, ал эми оюн залдары үчүн 100 миң долларга жеткирүүнү пландап жатабыз.

- 600дөн ашык оюн залдарынын көбү Бишкекте жайгашса керек?

- Оюн залдарынын дээрлик көбү Бишкекте жайгашкан. Бирок алар эч кимге баш ийбей калган. Алар ыктыярдуу патент алып иштеп атышат. Ошондуктан биринчи кезекте аларды иретке келтирип, анан кийинки келечекти карайбыз.

- Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөнүн аймагында оюн автомат залдарынын ишине таптакыр тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштап жатышат. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

- Менин бүгүнкү күнгө карата позициям мындай: депутаттар ар кандай мыйзамдардын демилгечиси болушат. Биз болсо мурунку мыйзамга өзгөртүүнү сунуштап жатабыз. Анткени алгач оюн залдарын иретке келтириш керек. Мисалы, бүгүн көп киши арак ичип кетти деп эле, арак-шарапка тыюу сала албайбыз да.

- Демек, сиз оюн залдарын таптакыр тыюуга каршы экенсиз да?

- Жок, мен каршы эмесмин. Бирок бардык эрежелерди сактаган оюн залдарынын иштешине бөгөт коюунун зарылчылыгы жок деп эсептейм. Салыкты төлөп, коюлган талапты аткарып жаткандарды мыйзамсыз иштегендер менен кошо жабууга болбойт. Бардык нерсени ар тараптан карап туруп, анан аракет көрүш керек.

Маектешкен Мээрим Ибраева, «Кабар» маалымат агенттиги

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу