Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
14/04 17:44
 

КР Иран элчилигинин маданий өкүлү М. Абедини: Достугубуз маданий байланыштар менен гана бекем болот



Бишкек, 14-апрель. /Кабар/. Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигине караштуу Маданият иштери боюнча өкүлчүлүгүнүн иштей баштагандыгына бир жарым жыл болду. Мамлекетибиздеги чет элдик элчиликтердин арасындагы маданият иштери боюнча жалгыз өкүлчүктүн бул аралыкта аткарган иштери жана алдыдагы пландары, дегеле бай тарыхы, маданияты, искусствосу менен дүйнөгө белгилүү кыргыз жана иран элдеринин кызматташтыгы тууралуу аталган өкүлчүлүктүн жетекчиси Мохаммад Хосейн Абедини менен маектештик.

- Абедини мырза, алгач өзүңүз жетектеген өкүлчүлүктүн кандай максатта ачылгандыгы тууралуу кыскача маалымат бере кетсеңиз.


- Бисмиллахи рахмаани рахиим. Жакшы суроо узаттыңыз. Ар кайсы мамлекеттердин бири-бири менен байланыштары бир гана саясат жана экономика менен эле чектелбестен, маданияты жана маданий баалуулуктары да үзөнгүлөш жүргөндө чыныгы достук бекемделери байыркы доорлордон эле белгилүү. Ал эми дини гана эмес, дили, тарыхы менен маданияты окшош болгон Иран Ислам Республикасы менен Кыргызстан мындай карым-катнашка өзгөчө муктаж. Адатта бүгүнкү өнүккөн доордо деле мамлекет башчылары дипломатиялык байланыштарды түзүүдө, эки тараптуу же көп тараптуу макулдашууга кол коюуда алар өздөрүнүн маданий уюмдарын, ишкана-мекемелерин кызматташтыкка сунуш кылышары салтка айланып баратпайбы.

Мындай көрүнүш эки өлкөнүн достук мамилелерин жакшыртууда чоң мааниге ээ. Ошондой эле тараптар өздөрүнүн маданий баалуулуктарын, улуттук тилдерин, адабий чыгармаларын, ырларын, музыкаларын, кинематографияларын жана сахналык өнөрлөрүн башка улутка тааныштырып, өз ордун дүйнөлүк аренада көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Иран Ислам Республикасынын маданий дипломатиясы дүйнөнүн 70 өлкөсүндө ачылган маданий өкүлчүлүктөрү аркылуу (ал эми маданий өкүлчүлүк жок өлкөлөрдө аталган дипломатия саясий өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери - элчилер) ишке ашат. Ушул максатта Иран Ислам Республикасынын бир канча чет мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда бир жарым жылдан бери Маданият өкүлчүлүгү ачылып, ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

- Демек, Сиздин өлкөңүз дипломатиялык байланышты бир гана экономикалык, соода-сатык эмес, маданий, рухий карым-катнаш менен да чогуу алып жүрөт турбайбы.

- Ооба, Иран өзүнүн жаркыраган тарыхында ар дайым цивилизациянын башында туруп, маданиятты өнүктүргөн, руханиятты байытып, өнөрлөрдү өөрчүткөн жана Жалгыз Кудайга сыйынуусу менен дүйнөгө таанылып келген. Исламий Ирандын маданияты, цивилизациясы жана өнөрү өзүнүн тарыхый байлыктары жана дүйнөлүк атак - даңкы менен дүйнө жүзүнө сыймыктуу, ажайып ажарын түбөлүккө калтырды. Иран Ислам Ыңкылабы жаңы маданияттын лидери болуп, өлкөнүн жаңы исламий маданиятын дагы бир ирет көрсөтө алды. Өлкөбүздүн жана башка мамлекеттердин элдери биздин маданиятыбыз башка элдердин маданиятынан алынган эместигин, таза маданият экенин жакшы билишет. 1979-жылы Иранда ишке ашкан Ислам ыңкылабы маданияттары окшош болгон, бирок азыркы күндө бири -биринен алыс болуп турган элдерди кайра маданий тамырлары бир болгон учурдагыдай абалга жеткирүүнү көздөйт. Ошол себептен биздин эл жапырт ыңкылап өз максатына жетишин колдошту. Ал эми дипломатиялык байланыш менен маданий иш чараларды кошо жүргүзүү Иран Ислам Республикасынын маданий дипломатиясынын милдетин мурдагыдан да бийик жана жоопкерчиликтүү кылып койду.

- Эгерде карт тарыхка кайрылсак, жети миң жылдык тарыхы бар Иран мамлекети менен дини, дили бир байыркы Борбор Азия элдеринин байланышы белгилүү себептерден улам кийинчерээк үзүлүп калган. Мисалы, V-VI кылымдарда азыркы Кыргызстандын аймагына мусулман динин жайылтуу максатында ирандык дааватчылар келишкен. Бул айтканыма Баткен, Кадамжай деген жер аттары фарсча аталып калышы далил. Ал тургай Али пайгамбардын ташка изи түшкөн кадам издери Кадамжай аталып калган экен. Балким, Иран мамлекетинин бул саясаты тарыхый салтка кайрылуу болуп жүрбөсүн.

- Сөзүңүздө калет жок. Ал тургай менин жообумду да өзүңүз айтып койдуңуз. Биздин элдердин достугун эң оболу дал ушул маданий байланыштар бекемдеп келген. Иран Ислам Республикасы 1991-жылы биринчилерден болуп Борбор Азия мамлекеттеринин эгемендүүлүгүн расмий түрдө тааныган. Ал эми 1992-жылы элчиликтерин, андан аз убакыт өткөндөн кийин Тажикстанда, Түркмөнстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда маданий өкүлчүлүктөрүн ачкан. Кыргызстанда да бир жарым жыл илгери ушундай өкүлчүлүк ачылып, өз ишмердүүлүгүн аткарып келе жатат. Мындай иш-чаралар мамлекеттер арасында, анын ичинде Кыргызстан менен болгон маданий, илим жана билим берүү тармагында байланыштарды күчөтүп, жандандырарына шек жок.


Жогоруда өзүңүз белгилегендей, Борбор Азия мамлекеттеринин маданияты менен Иран өлкөсүнүн маданиятынын жакындыгы жана окшоштуктары көп болгондугуна карабай, тилекке каршы бул өрөөндөр коммунисттердин колуна түшкөндүктөн, маданий байланыштар тарыхта болбогондой бири-биринен алыстап калган. Борбор Азия мамлекеттеринин элдеринин жана фарс тилинин ондогон, жүздөгөн окшош сөздөрү жана макал-лакаптары Иран менен ажырагыс улуттардын маданиятынын айкын дилили болуп саналат.

- Абедини мырза, бир жарым жыл өтө кыска аралык. Болгондо да маданият тармагында көзгө көрүнөрлүк иштерди жасоо үчүн. Ошондой болсо да өзүңүз жетектеген өкүлчүлүктүн бул аралыктагы аткарган иштери тууралуу эмнелерди айта аласыз?

- Кыргызстан эгемендүү, өз алдынча мамлекет болгондон кийин, Иран Ислам Республикасынын Кыргызстан менен болгон маданият, илим-билим тармагындагы байланыштары да жогорку деңгээлде өз кезегинде мамлекет башчылардын кол коюсу менен бекемделген. Алардын бири – Кыргыз - Орус Славян Университетинде, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинде, Бишкек Гуманитардык Университетинде жана И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинде фарс тили жана адабиятын үйрөтүүчү бөлүмдөрү ачылып, студенттер билим алып жатышат. Бул жетишкендик Кыргызстан жана Ирандын мусулман элдеринин достук байланыштарын күчөтүүдө чоң таасирин тийгизүүдө. 1993-жылы маданий байланыштар тууралуу макулдашууга эки тарап тең кол койгондон бери маданий жана билим берүү жаатында эки өлкөнүн тиешелүү мекемелери жана окуу жайлары менен келишимдер түзүлдү. Макулдашууда белгиленген шарттардагы маданий иш-чаралар ошол макулдашуунун негизинде аткарылып келүүдө.

- Менимче билим берүү жана маданият жаатындагы байланыштар мамлекеттер аралык келишимдин негизинде ишке ашса керек.

- Ооба, 2000-жылы Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаевдин Тегеранга болгон расмий иш сапарында эки өлкөнүн маданият министрлери илимий-маданий макулдашууга кол коюшкан. Аталган макулдашуу боюнча илимий-маданий багыттагы көптөгөн кызматташтык тууралуу келишимдер түзүлгөн. Алардын катарында белгилеп өткөн Кыргызстандын жогорку окуу жайларында фарсы тилин үйрөтүү жана эки өлкөнүн маалымат алмашуусу көрсөтүлгөн. Бул келишимдердин аткарылышы үчүн Иран Ислам Республикасынын илим-билим жана изилдөө министрлиги менен Кыргыз Республикасынын илим-билим министрликтеринин милдеттери жогорулаган.


2002-жылы апрель айында Иран Ислам Республикасынын президентинин Кыргызстанга болгон иш сапарынан кийин жогоруда белгиленген маданий байланыштар бир кыйла жанданды десек жаңылышпайбыз. Бул иш сапардын дагы бир берекеси – эки өлкөнүн президенттеринин катышуусунда Кыргыз Улуттук Университетинин Чыгыш таануу факультетинде Ислам таануу бөлүмүнүн ачылышы жана ал окуу жайда Ирандын окутуучулары келип сабак бериши болду.


Бишкек шаарынын тарыхында биринчи жолу Иран Ислам Республикасынын маданий жумалыгы болуп өттү. Ошол эле учурда Ирандын ар кайсы аймактарынын өкүлдөрү келип, кол өнөрчүлүк көргөзмөсүн өткөрүштү, музыкалык топ шаардын ар кайсы бөлүктөрүндө жана Ала-Тоо аянтында Ирандын улуттук музыкаларын аткарышып, кыргыз элине өздөрүнүн маданий мурастары менен тааныштырышты.

2007-жылы эки өлкөнүн даанышмандары жана университеттеринин ректорлорунун адегенде Бишкек шаарында, андан кийин Тегерандагы жолугушуулары илим, билим жаатындагы байланыштарды бир кыйла өрчүттү. Кыргыз Улуттук Университетинин Билим Берүү Программаларын Интеграциялоо Институтунда кыргыз - иран илим, билим борбору ачылды.

2010-жылы Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы маданий өкүлчүлүгүнүн ачылышын эки мамлекеттин маданий байланыштарынын чыңдалып баратканы деп билсек болот. Үстүбүздөгү жылы Бишкек шаарынын маданий-илимий борборлору менен биргелешип өткөрүлгөн Нооруз майрамы элдин колдоосу менен жогорку деңгээлде өттү.

-“Миң уккандан бир көргөн” демечи, демейде ар кандай иш чаралар карым-катнаш болгондо да максатына жетери белгилүү...

- Биз өз ишмердүүлүгүбүздө бул жагдайды да эске алганбыз. Өткөн бир жарым жылдын ичинде тажрыйба алмашуу жаатында Ирандан Кыргызстанга жана Кыргызстандан Иранга делегациялар жөнөтүлүп, бул иш чара көбүрөөк аткарылды.

Биргелешип чыгарган “Адеп” маданий-көркөм журналы да басма сөз каражаттарынын бир мүчөсү болуп, өз окурмандарын табууда.

Эки ирет Иран кино жумалыгы уюштурулуп, коюлган кинолор дагы бир ирет “ Манас жаңырыгы” телеканалынан көрсөтүлдү. Кыргыз жазуучулары жана котормочуларынын эмгектерин бастырып чыгаруу өкүлчүлүктүн пландарында каралгындыктан, алардын кээ бирлерин жарыкка чыгарып бердик.

Өткөн жылы ыйык Рамазан айында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын диний иштер боюнча мамлекеттик комиссиясы менен биргелешип өткөргөн Куран жумалыгын да элдер кубатташты.

Эки өлкөнүн улуу инсандарынын урматына арналып маданий-илимий семинарлар жана тегерек столдор уюштурулду. Кыргыз Республикасынын Улуттук Китепканасында Ирандан келген фотографтарынын сүрөт жана китеп көргөзмөсү өткөрүлдү.

ЖОЖдордо фарсы тилин окуган студенттердин арасында бир айлык квалификацияны жогорулатуу курсу уюштурулуп, алдыңкы орунду алган үч студент Тегеран шаарына барып, атайын бир айлык курска катышып келишти. Азыркы күндө Кыргызстандан эки студент фарсы тили боюнча докторантураны бүтүрүп жатышат.

Аталган маданий иш-чаралардын баары Кыргызстандын мамлекеттик маданий ишкана-мекемелери жана уюмдары менен биргеликте ишке ашты.

Маданий өкүлчүлүктүн аталган иштерден тышкары төмөндөгү маанилүү иш-чаралары аткарылууда:

- фарсы тили боюнча адистердин бирикмесин түзүү;

- Кыргызстан жана Иран достук коомунун иштерин жандандыруу;

- фарсы тили боюнча олимпиада уюштуруу;

- “Кыргызстандын маданий ажары” аттуу китеп жазуу ж.б.

-Балким, Сиз жетектеген өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгүн жандандыруу үчүн Кыргызстандын расмий бийлигине сунуштарыңыз да бардыр?

- Эң оболу өткөн жылдагы апрель жана июнь кайгылуу окуяларынан кийинки кыйын күндөрдү баштан өткөрүп жаткан кыргыз элине жана бийлигине тынчтыкты, ынтымакты, бейпилдикти каалаймын. Жаңыдан шайланган парламент эки ирет революция жасаган элдин үмүтүн актайт деп ишенем. Албетте, жаңы кыргыз өкүмөтүнүн маданият тармагына көңүл бөлүүсү тууралуу бир нече сунуштарды тартуулап кетмекчимин. Азыркы күндө Кыргызстандын маданияты эки негизги көйгөй менен беттешип турат: биринчиси – маданиятты глобализациялоо аракети, экинчиси – экстремисттик салафизм жана вахабизм сыяктуу диний агымдардын пайда болушу. Маданиятты глобализациялоо Иран Ислам Республикасында көздөгөн максатына жете албай калды. Бирок Кыргыз Республикасы ата- бабалардан калган улуттук маданий мурастарын сактоо жана аларды келечек муундарга жеткирүүсү үчүн улуттук каада-салтты, аруулукту чет элдин жапайы маданиятынан коргоодо төмөндөгү бир нече сунуштарды тартуу кылабыз:

- Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министрлиги тарабынан 5 жылдык маданий иш-чаралардын программасын иштеп чыгуу;

- Жаш мусулмандардын дүйнөдөгү кризистик абалдардан жана чет элдик жапайы маданиятынын үстөмдүгүнө каршы улуттук борборун түзүү;

- Кыргызстандагы маданий мекеме, ишканаларынын, уюмдары менен Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы маданий өкүлчүлүгүнүн байланышын чыңдоо;

- Бишкек шаарынын парктарынын биринде эки өлкөнүн көрнүктүү маданий ишмерлеринин эстеликтерин тургузуу;

- Иран Ислам Республикасынын маданият жана Исламий байланыштар Уюму менен КР маданият жана маалымат министрлигинин кызматташуу келишимин түзүү;

- Эки өлкөнүн маданий-искусство, илим-билим борборлору аркылуу түзүлгөн макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу.

-Маегиңизге ырахмат, ишиңизге ийгилик каалайбыз.

Маектешкен Эмилбек Момунов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу