Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
01/04 19:06
 

Билим берүүнү башкаруу өркүндөө жолунда баратат

Бишкек, 28-март. /Кабар/. Жакында Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери кезектеги мамлекеттик аттестациядан өтүштү. Аттестациянын жыйынтыгы жана борбордук аппараттын кызматчыларынын кесиптик дарамет-даярдыгы жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Акунжан Абдрашев «Кутбилим» менен маектешти.

- Акунжан Баказович, аттестация министрликтеги кызматкерлердин кесиптик даярдыгынын канчалык экендигинин айкын көрсөткүчү болуп саналат эмеспи. Аттестациянын жыйынтыгы боюнча министрлик өзүнүн кызматкерлеринин деңгээлине кандай баа берет?

- Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери кезектеги аттестациядан 15-16-мартта өтүштү. Аттестация чынында эле мамлекеттик кызматчылар үчүн жооптуу сынак болуп саналат.
Борбордук аппараттын 54 кызматкери аттестациядан өтүүгө тийиш эле, иш жүзүндө аттестацияга 12 кызматкер жүйөлүү себептер менен катыша албады. Алты кызматкер иш сапарында, үчөө ооруга байланыштуу, экөө эмгек өргүүсүндө жана бир кызматкер баласын карап декреттик отпускада болчу. «Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык, командировкада, өргүүдө жүргөн кызматкерлер ишке чыккандан кийин бир айдан кийин аттестациядан өтүшү керек.

Аттестацияга катышкан 42 кызматкердин ичинен 39 өздөрүнүн кызмат ордуларына толук ылайыктуу кесиптик даярдыкта экендигин көрсөтүштү. Алардын ичинен 20 кызматкерге аттестациянын жыйынтыгы боюнча кезектеги класстык чиндер ыйгарылды. Үч кызматкер аттестациялык комиссиянын сыноосунан толук өтпөй калды, алар алты айдан кийин аттестациялык комиссиянын койгон шарттарын аткарып кайрадан электен өтүшөт.

Билим берүү тармагында мамлекеттик кызматчыларды даярдоо, ылгоо жана жайгаштыруу, кесиптик даярдыгын жогорулатуу боюнча “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамда каралган талаптарга жооп берген бирдиктүү саясатты ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Борбордук аппараттагы жана райондук, шаардык деңгээлдеги бош кызмат орундарына кызматчылар сынак жолу менен кесиптик квалификациясы жана жеке сапат-касиеттерине карап сынак жолу менен тандалып алынууда.
Аттестациялык-конкурстук комиссиянын курамына агартуу тармагындагы алдыңкы кызматкерлерди, жарандык уюмдардын өкүлдөрүн киргизип жатабыз. Мындай өзгөртүүлөр чынында эле аттестациялык-конкурстук комиссиянын ишин ачык-айкындыгын күчөтүп, аларга болгон ишенимдин жана жоопкерчиликтин жогорулашына алып келет деп ойлойм.
Азыркы учурда мамлекеттик органдардын иштерин уюштурууда стратегиялык мамилелерди өздөштүрүү, кесипкөй аппаратты туруктуу кармоо маселелерине орчундуу көңүл бурулуп жатат. Мамлекет статс-катчылардын алдына мамлекеттик кызматтын кесипкөйлүк жана туруктуулук принциптерин ишке ашырууну өркүндөтүү, мамлекеттик башкарууну дагы натыйжалуу уюштуруу милдетин коюп отурат. Ошол негизде президент мамлекеттик башкаруу түзүмдөрүнүн иштерин стратегиялык башкарууну жана пландаштырууну өркүндөтүү, мамлекеттик кызматчылардын ишинин сапатына көз салуу жана баалоо, алдыңкы башкаруу технологияларын, стратегиялык менеджемент, электрондук документ жүргүзүү милдеттерин мамлекеттик органдардын ишин уюштурууда артыкчылыктуу багыт кылып аныктады.

- Мындан мурда райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары дагы кызматтык аттестациядан өтүштү эле. Биздин агартуу тармагыбыздын райондук жана шаардык деңгээлдеги жетекчилерибиздин кесиптик даярдыгы учур талабына жооп береби?

- Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары кызматтык аттестациядан өткөн жылы декабрь айында өтүшкөн. Аттестацияга баардыгы райондук жана шаардык деңгэлдеги 38 жетекчи катышып, 29 сынактан ийгиликтүү өтүштү. Тогуз жетекчи аттестациялык комиссиянын чечими менен алты айдан кийин кайра өтө турган болду.
Райондук жана шаардык деңгээлдеги жетекчилердин ишиндеги жоопкерчиликти дагы күчөтүп жатабыз. Алар азыркы шартта билим берүү уюмдарындагы окуу-тарбиялык процессти уюштуруунун заманбап менеджмент формаларын, ыкмаларын, электрондук документ жүргүзүүнү, алдыңкы маалымат технологияларын жетиштүү өздөштүрүшү керек. Жогорку бийлик органдары кабыл алып жаткан чечимдер жана мыйзамдар жөнүндө маалыматтарга кечикпей ээ болуп, аларда коюлган маселелерди чечүү боюнча эффективдүү чечимдерди кабыл алганга даяр болушу керек. Биз райондук жана шаардык башкаруу деңгээлиндеги жетекчилерди аттестациядан өткөрүп жатканда мына ушул критерийлерге орчундуу көңүл буруп жатабыз.

- Билим берүү тармагындагы жүрүп жаткан реформалардын натыйжасы өткөн жылы кандай болду? Жаңы жылда кандай иш чараларды пландаштырылып жатат?


- Азыркы учурда дүйнө абдан күчөгөн темп менен өзгөрүп жатат. Дүйнөдөгү өзгөрүштөргө, сыноолорго жана чакырыктарга билим берүү системасы татыктуу жооп бериш үчүн тынымсыз өркүндөө жолунда болушу керек. Ошондуктан 2010-2020-жылдарга карата Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын кабыл алганбыз. Бул стратегияда билим берүү тармагы Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн негизги таянычы болууга тийиш деп белгиленген.

Өткөн жылы министрлик өлкөдөгү курч саясий окуялардын шартында иштеди, бирок кыйынчылыктарга карабай, бардык баскычтагы окуу жайларында окуу-тарбия процессин үзгүлтүксүз жүргүзүүгө жетишти. Билим берүү тармагындагы реформалар азыркы учурда негизинен натыйжага багытталышы керек. Мектептердеги окуу жүктөмүн жана мазмунун ийкемдештирүү аркылуу билим сапатын жогорулатуу милдети коюлууда. Ушул максатта биздин министрлик Жалпы орто билим берүүнүн алкактык улуттук куррикулумун бекитип, предметтик куррикулумдарды иштеп чыгууда. 1-4-класстардын куррикулуму даяр. 5-9 жана 10-11-класстардын куррикулумунун концепциялык негиздерин министрликтин коллегиясы жактырды. Куррикулум мектептерге баскыч-баскычы менен киргизилет. 26-февралда жыл жыйынтыгын чыгарган коллегия 1-4-класстардын предметтик куррикулумдарын жаңы окуу жылында колдонууга киргизүүнү чечим кылды. Куррикулум мугалимдердин да жаңыча иштешин талап кылат. Ошондуктан азыр мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу үчүн тийиштүү чаралар көрүүдө. Атап айтканда, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуунун жана балоонун жаңы формалары жана усулдары иштелип, сынактан өткөрүлө баштады. Эми баалоодо окуучу менен мугалимдин ишмердигине тутумдук түрдө көз салуу, жаңы стандарттарга шайкештигин аныктоого көбүрөөк маани берилет.

Жогорку билим берүүнүн сапатын көтөрүү жана Болон декларациясынын принциптерин ишке ашыруу максатында жогорку билимдин эки баскычтуу (бакалавриат-магистр) системасына өтүү жөнүндө министрликтин коллегиясы чечим кабыл алды. Лицензиялоонун жаңы көзөмөлдүк формасы иштелип чыкты. Мына ушундай чаралардын түпкү максаты – билим берүү процесин натыйжалуу уюштуруу, билим сапатын жогорулатуу болуп саналат.


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу