Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
30/03 12:11
 

Япониядагы кыргыз жараны Б. Асанбаева: Биз жашап жаткан жерде радиациянын коркунучу жок

Бишкек, 30-март /Мээрим Ибраева - Кабар/. Япониядагы катуу жер титирөө, “Фукусима” АЭСиндеги жарылууга бүгүн дүйнө эли кооптонуп, жапондордун сабырдуулугуна таң беришүүдө. Кыргызстан ал жактагы кыргыз жарандарынын көпчүлүгүн чыгарып кетип, зилзаладан жабыркагандар болгон жок. Бирок учурда ал жерде бир топ кыргыз жарандары жүрөт. Алардын бири - 30 жаштагы Бермет Асанбаева. Ал Токиодон 200 чакырым алыстагы Майбаши шаарында жашап, япондорго англис тилинен сабак берет.
Бүгүн Бермет менен телефон аркылуу байланышканыбызда ал жердеги абал тууралуу учкай айтып берди.

“Кабар”: Япониядагы катуу жер титирөөдөн кийин кандай кыйынчылыктарга кабылып жатасыздар?

Б. Асанбаева: Азыр баары жайында. Бирок жер титирөө болгон алгачкы күндөрү кыйынчылыктар болгон. Алсак, дүкөндөрдө нан, сүт, күрүч жок калып, бензин да аз болуп, кезек көп болгон. Бирок бул көпкө созулган жок. Ашып кетсе 3-4 күн гана. Азыр болсо баары жайында. Дүкөндөрдө бардык азык-түлүктөр бар. Андыктан, биз олуттуу деле кыйынчылыктарга кабылганыбыз жок. Болгону азыр электрди маал-маалы менен өчүрүшүүдө. Күн сайын 3 саатка өчүрүлөт. Бирок ал алдын-ала маалымдалып, биз даярдык көрүп алабыз.

“Кабар”: Сиз ал жакта кыргыздар менен байланышып жатасызбы?

Б. Асанбаева: Ооба. Учурда Япониядагы Кыргызстандын элчилиги кыргыздарга үзгүлтүксүз маалымат берип, бири-бирибиз менен байланышып жатабыз. Ошондой эле бул жерде Кыргыз жаштарынын ассоциациясы да байланышты үзбөй, электрондук почта аркылуу кат жазышып жатабыз. Нагоя шаарында Япониянын эл аралык университети бар. Кыргыз студенттеринин көпчүлүгү ошол жерде окушат. Мен өзүм да убагында ошол университеттен билим алгам. Учурда Япония эл аралык университетинде он чактыдай кыргыз студенттери бар. Алардын жарымы Кыргызстанга кетишип, үч-төртөө калган. Бирок калып калган студенттер менен байланышканымда Кыргызстанга кеткен 3 студент кечээ түнү кайра кайтып келээрин кабарлашты.

“Кабар”:Сиз жашап жаткан жерде радиация коркунучу барбы?

Б. Асанбаева: Биз жашап жаткан жерде радиациянын коркунучу жок. Бул жактан 30-40 чакырым алыстыктагы суудан плутонин деген металлды табышкан. Бирок бизге чейин радиация коркунучу жетпейт. Анткени жапон өкмөтү кайсы жерде коркунуч бар экенин аныктап, зарыл жумуштарды жасашууда. Учурда бизге радиациянын өлчөмү нормалдуу экендигин айтышып, эч кандай кооптонуулар жок. Бирок биз алдын-ала сактанып, дайыма маска тагынып, тамагыбызды йод менен чайкап жатабыз. Анын үстүнө биз үзгүлтүксүз маалымат алып, ага жараша чара көрүүдөбүз.

“Кабар”: Япониядагы Кыргызстан элчилиги убагында жардам көрсөтүшүп, чара колдонуштубу?

Б. Асанбаева: Мен Кыргызстан элчилигин ишине ыраазымын. Алар жер титирөө болгон күндөн тартып эле баарыбыздан маалымат алып, электрондук почта аркылуу биз менен байланышып турушту. Ошондой эле алар кыргыз жарандарын эвакуация кылуу ишин ыкчам аткарышты. Мындан тышкары учурда да биз менен байланышып, бири-бирибизден маалымат алып турууга чакырууда. Ошондуктан, элчилик кыйын кырдаалда жакшы иш аткарды деп айта алам.

“Кабар”: Кыргызстанга келейин деген ниетиңиз жокпу?

Б. Асанбаева: Мен бул жакта япон улутундагы адамга турмушка чыккам. Үй-бүлөм бул жакта болгондуктан, кеткеним жок. Анын үстүнө жолдошум эч кандай коркунуч жок экендигин айтып атат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу