Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
24/03 19:02
 

Жалал-Абадда 24-март – Элдик ыңкылап майрамы белгиленди




Жалал-Абад, 24-март /Анархан Жаңыбаева – Кабар/.
24-март күнү Жалал-Абад шаарынын «Сүйүнбек» кафесинде облустун район, шаарларынан келген 400 гө жакын өкүлдөрдү облус губернатору Бектур Асанов элдик революциянын 6 жылдыгы менен куттуктап, анын маани-маңызы жана бул майрамдын тарыхта алган орду жөнүндө кеңири сөз сүйлөдү.

Майрамга келген ыңкылаптын катышуучулары жайыл дасторкон үстүндө олтурушуп, ошол кездеги өздөрүнүн аракеттери азыр жемишин берип жатканына бир чети ыраазы болуп, көңүлдөрү жайдары олтурушту.

Мындан алты жыл мурун «Жалал-Абад шаары – Элдик революциянын бешиги» аталып, тарыхта өз ордун алганы эч кимге деле жашыруун эмес. 2005-жылы февралда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо административдик ресурстар пайдаланылып, шайлоонун жыйынтыгы бурмаланган. Буга нааразы болгон эл толкуп келип, 4-мартта Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын имаратын басып алышкан. Алар 20 күн боюу «Акаев кетсин!» - деген талап менен облустук бийликтин имаратынан чыкпай отурушкан. Бийликке нааразы болгондордун саны улам өсүп отуруп 10 миңден ашып, жер-жерлерден элдер агылып шаарга келе баштаган. Ошентип, Жалал-Абад шаарында 15-мартта Кыргызстандын тарыхында биринчилерден болуп элдик курултай өтүп, ага республикадагы оппозиция лидерлери катышкан. Курултайга келген делегаттар элдик губернатор кылып Жусупжан Жээнбековду, анын орун басарлыгына Жаныш Курбановду шайлашкан. Ж.Курбанов 24-марттын тарыхый мааниси жана бул майрамдын өзгөчөлүгү боюнча өз оюн төмөндөгүчө билдирди:

- Бул 24-март – Элдик революциянын тарыхы эч качан кумга сиңбейт, абага учпайт. Себеби Кыргыз Республикасы Эгемендүүлүк алгандан кийин, Акаевдик бийлик келди. Ал 15 жыл ичинде эмне кылганын эл өз көзү менен көрүп, ошонун туура эмес кылып аткандыгы жөнүндө Ноокен, Базар-Коргон райондорунун эли социалдык маселебизди чечип бер, пахтанын баасын, айлык акыны көтөрүп бер деп, көтөрүлүшкө чыга башташты. Бирок, аны бир да киши уккан жок. Жерлерибиздин бүтүндүгү урап, четинен сатыла баштады. Ошол мезгилде Аксы элинен А.Бекназаров чыгып, жердин бүтүндүгүн сактап калыш боюнча элге үнүн угузду. Ошондо жалпы эл социалдык маселе эмес, саясий күрөшкө чыккан. Бул «социалдык-экономикалык маселебизди өзүбүз чечип алабыз, сен кеткиниң!» - деген күрөш болчу. Бул күрөш 3-4 жылга чейин уланган. Эч качан талап-тоноочулукка барбастан, элдин биримдиги менен акчага, бийликке сатылбастан, эл биригип келип туруп революцияны жараткан.

Ал эми 2005-жылдын 24-мартындагы революция – бул чыныгы элдик революция деп эсептейм. Элдик революция майрамын белгилебеш керек деген, айрым саясатчылардын, адамдардын айтып жатканын мен түшүнө албайт экемин. Бул революцияны эч ким тарыхтан өчүрө албайт. Келечекте ал окуялар тарыхта жазылып кала берет. Ал эми калган революциялар ушул 24-марттагы революциянын уландысы катары тарыхта жазылып калат. Ар бир революциянын өзүнүн орду, максаты болот. Анткени, биз тарыхты эч качан бурмалап буза албайбыз, анын ордун тарых гана белгилеп берет. Өткөн беш жыл ичинде жакшылык да, жамандык да болду. Үй-бүлөлүк бийликке айланып кеттик. Ошонун негизинде 7-апрель окуялары келип чыкты, - дейт Жалал-Абад облустук курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой экосистемаларын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Жаныш Курбанов.

Аксы районунан келген Аксуу айылынын башчысы Айтбү Дозоева эже да 24-март-Элдик революциясынын белгиленишине К.Бакиевдин эч кандай тиешеси жок экендигин жана эл ал мезгилде ким президент болуп калаарын билишпестен туруп үй-бүлөлүк акаевдик башкарууга каршы күрөшкө чыгышканын айтып өттү:

«Бул 24-март – элдик революциясы өзү эле келе койгон жок. 2002-жылы 4-январдан баштап Аксыдагы биздин депутат А.Бекназаровду камап койгондон баштап, Аксы районунун Кара-Суу айылынан революциянын башаты башталган. Акаевке нааразычылык менен эл жүрүшкө чыккан. Жөн келе жаткан элди 17-март күнү Боспиек айылында токтотуп, 6 балабызды шейит кетирди. Андан кийин элдин каны кызып, эл дүрбөп жолго чыктык. Жолго чыкканыбыздагы ошондогу элдин ынтымагына, биримдигине азыр да мен элге ыраазымын. Элдер бийликтин жакшы сөздөрүнө, эч кандай алдоолоруна, акчага азгырылбастан, Таш – Көмүр шаарынан, Шамалды – Сай шаарчасынан, Ноокен, Базар – Коргон, Сузак райондорунан элдер бизге колдоо көрсөтүп, тапкан тамак-ашын беришип, бизди тойгузушкан, өздөрү да кошулушкан. Эмнеге дегенде биз саясий күрөшкө чыгып, Акаевдин саясатына каршы болгонбуз. Ошол себептен «Акаев кетсин!» - деген талаптарды ачык айтып чыкканбыз. Биз революцияны бир да кан чыгарбай, бирөөнүн чекеси жарылбай, ынтымак менен жасаганбыз. Муну эч ким эч качан эсинен чыгарбай турган дата. Бул революцияны эл өзү жасаган. Бул элдин жеңиши!», - дейт А.Дозоева.

Элдик революцияга өзүнүн салымын кошуп, 2002-жылдан баштап эле «Акаев кетсин!» - деген ураандарды коркпой – үркпөстөн айтып жүрүп, 2005-жылы февраль айынан баштап Жалал-Абад шаарында өткөн нааразычылык акциялардын башында жүргөн Медер Үсөнов да 24-март – бул накта кыргыз революциясы болгон деген оюн билдирди.

Бүгүнкү күндү белгилеш керек. Себеби, ошол акаевдик бийлик системанын үй-бүлөлүк болуп кеткенине, шайлоонун таза өтпөгөнүнө каршы Кыргызстандын ар бир облусунан, районунан уюштурулган. Аны башка чет элдик журналисттер «жоогазын ревлюциясы» - деп айтып жатышпайбы. Жок, бул 24-марттагы революция чыныгы кыргыз революциясы болгон. Боз үйлөр тигилип, бийликтин имараттары алынган. Бир да адамдын каны төгүлбөстөн, тынчтык жол менен алынган. Ошондо да бийлик өзүнүн тескери жүзүн көрсөтүп, качып кетип калган.

- Эмне себептен, кийинки келген бийлик өкүлдөрү кайра эле мурдагы президенттин кетирген каталарын кайталап калды?

- Эми ушул нерсенин себеби, мурдагы акаевдик бийликте иштеген адамдар эле кайра кийинки бакиевдик бийликте иштеп калышты. Ошол себептен, алар мурдагы каталарынан сабак алыша алган жок. Эл эмес, бийликте отурган чиновниктер. Кандайдыр сабак алып, элдин талабын орундатуунун ордуна коррупция, үй-бүлөлүк система, криминал кайра башкарып калгандыктан, ошондон тажап, былтыркы жылдагы 7-апрель окуялары болуп өттү. Чиновниктердин жеке өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп калгандыктан, ушундай туура эмес иштер, кан төгүлүү, уруу-урууга, түндүк-түштүккө, улут-улутка бөлүнүп кагылышуу пайда болуп жатат. Эгер ошолор туура түшүнүп, бийликке караганда, өзүнүн элинин, тууган - уругунун абийирин жогору койгондо гана бийлигибиз таза, туура болот эле. Себеби, эл бир гана адамды Президенттикке шайлайт. Анын тууган - уругун, аялын, бала-чакасын шайлабайт. Кийинки бийликке келген К.Бакиев да А.Акаевдин жолуна түшүп алды. Биринчи кезекте, үй-бүлөлүк башкарууну токтото албай калды. Ошонун кесепетинен 7-апрелдеги кандуу окуялар пайда болду.

- 7-апрель окуяларынан кийин бийликке келген Убактылуу Өкмөттөн кандайдыр реформа жасап, Кыргызстанда өзгөрүүлөр болгонун байкадыңызбы?


- Ал эми 2010-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо бийлик кийлигишпестен, күч органдарын колдонбостон, элдин өзүнүн оюна коюп койду. Эл сатылдыбы, башка болдубу, шайлоо тынч, таза өттү. Себеби, качан шайлоо таза өттү деп айтабыз, качан бийлик киришпегенде таза өттү деп айтабыз. Административдик ресурс колдонулган жок, эл өзү чечип алды. Ошол себептен, мен азыр жылыш 50 пайызга бар деп ойлойм. Азыркы парламенттик башкаруу мага жагып жатат. Бир адам башкарганга караганда, бир нече адамдар биригип алып туруп, бири-бирин көзөмөлдөп, эч болбосо өз ойлорун туура айтып жатышат. Мен ыраазы болуп жатам ошого, - деди М.Үсөнов.

Элдик революция күнүн белгилөө боюнча уюштуруу тобунун жетекчиси, 2005-жылдагы март окуяларында активдүү катышкан Асан Шакиров бүгүнкү күндөгү майрамдык дасторконду уюштуруунун негизги максаты боюнча кыскача айтып берди. Анын сөзүнө караганда, 24-мартта эл тынчтык жол менен бийликти алмаштырган. «Эгерде 2005-жылдагы элдик революция болбогондо, өткөн жылдагы 7-апрель окуялары да болбойт эле. Ошондуктан, элдин ичинде ошол март революциясына катышкан адамдарды облустун район, шаарларынан чакырып, ушу бүгүн куттуктап, элге чай берип коёлу деп жатабыз. Облус губернатору баш болуп, район, шаарлардын жетекчилери көмөктөшүп, ишкер жигиттердин кошкон салымы менен элдин майрамдык маанайын көтөрүп жатабыз», - дейт А.Шакиров.

Бул майрамда Сузак районунун «Достук» эстрада тобу, Жалал-Абад облустук Т.Тыныбеков атындагы филармониянын артисттери өздөрүнүн концерттик программасын беришти. Акырында келген коноктор майрамдык маанайда бийлеп, баары ыраазы болуп кайтышты.




Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу