Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
15/03 18:44
 

Азык-түлүк бааларына кыска мөөнөттүк жөнгө салууну киргизүү керек

Бишкек, 15-март. (Мээрим Ибраева - Кабар). Кыргызстанда баалар кымбаттаган сайын аны жөнгө салуу маселеси көтөрүлүүдө. Рынок экономикасынын шартында бийлик бааны ооздуктай албастыгы белгилүү. Бирок азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жаатында аларды жөнгө салуу зарылчылыгы турат. Бул багыттагы “Кабар” агенттигинин суроолоруна Өкмөткө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин талдоо, атаандаштык чөйрөнү баалоо жана баалар мониторинги бөлүмүнүн башчысы Сеит Асанбаев жооп берди.

“Кабар”:-Кыргызстанда азык-түлүктөрдүн баасынын кескин жогорулашына байланыштуу бааны көзөмөлдөө зарылчылыгы айтылууда. Сиздер болсо ыйгарым укуктун аз экендигин айтып келесиздер. Бааларга көзөмөл кылуу үчүн кайсы мыйзамдарга, кандай өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү зарыл?


С. Асанбаев:
-Бизде “Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” мыйзам бар, дал ошол мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл деп эсептейбиз. Анда Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңештин жумушчу органы катары Айыл чарба министрлиги гана көрсөтүлгөн. Бул Кеңеш Өкмөткө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо өзгөчө абалды киргизүү боюнча сунушту берет. Аталган мыйзамга баалар кескин кымбаттап кетсе, кыска мөөнөттүк жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн берген өзгөртүү киргизүү керек. Мисалы, шекердин баасы бир айда 10 пайызга чейин кымбаттап кетсе, Өкмөт бул азык-түлүктүн баасын жөнгө салууну колго алгыдай болушу керек.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 18-беренесине ылайык, Өкмөт тигил же бул товар боюнча баа саясатын аныктай алат. Бул да Өкмөткө зор мүмкүнчүлүктөрдү берет. Ал эми биздин мамлекеттик агентте мындай ыйгарым укуктар жок. Негизги азык-түлүктөрдүн баасын жөнгө салуу боюнча башка мыйзамдар да жок. Мындай азык-түлүктөр атаандашуу күчтүү болгон товарлар рыногуна кирет, ушундан улам алардын баасы сунуш жана суроо-талаптын негизинде аныкталат. Ал эми бийлик атаандашуу күч алган товарлар рыногунда бааны жөнгө сала албайт. Кыргызстанда 1992-жылы азык-түлүк рыногундагы баалар эркин кое берилип, азык-түлүк баасы суроо-талап жана сунуштун негизинде гана белгиленип келет. Ошондуктан, алардын баасын жөнгө сала албайбыз. Мындан тышкары Конституциянын 42-беренесинде ар бир жаранга экономикалык эркиндик кепилденген. Жарандар өз каалаганындай экономикалык ишмердик менен алектене алат.

“Кабар”: -Агенттикте бааларды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү болгондо иштин ачыктыгын камсыздоо көйгөйү жаралбайбы?

С. Асанбаев: -Кыргызстанда товар бааларына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилсе, биринчи маселе ачыктык болот. Биз керектөөчүлөргө жөнгө салынып жаткан бааны жеткиришибиз керек. Алсак, нандын баасын аныктап, аны сайттарга, телеберүү, дүкөндөргө жарыялоо аркылуу жарандарга маалымат беришибиз зарыл. Тагыраак айтканда, жарандар нанды сатып алганга чейин анын баасынан кабардар болуп турушу абзел. Бааларды аныктоо апта сайын жаңыртылып турса, жаман болбойт.

“Кабар”: -Бизде кайсы товардын баасы көтөрүлбөсүн, аны дүйнөлүк баага шылташат. Кыргызстандагы товарлардын баасы дүйнөлүк баалардан канчалык деңгээлде көз каранды?

С. Асанбаев: Бардык өндүрүүчү товарга баа койгондон мурун, баарын талдайт. Анын ичинде коңшу өлкөлөрдөгү, дүйнөдөгү баасын карайт. Кыргызстандын экономикасы ачык жана эркин экономика негизинде бекемделип, бизге кайсы гана товар болбосун эч тоскоолдуксуз ташылып келип, сатылат жана сыртка чыгарылат. Тагыраак айтканда, товар алмашууда тоскоолдуктар болбошу керек. Ушундан улам товарлардын баасына дүйнөлүк баа таасир этет.

“Кабар”: -Кыргызстандын өзүндө өндүрүлгөн азык-түлүктөр, алсак, айыл чарба продуктуларынын баасычы?

С. Асанбаев: -Бизде дүйнөлүк баа багыт алуу үчүн зарыл. Анын негизинде товарлардын баасы аныкталат. Бул жерде биз өзүнчө ваакум болуп, алардын таасири жок деген туура эмес. Дүйнөлүк баанын кыйыр таасири болсо да дайыма тиет. Мисалы, бизде азыр буудай баасы эмне үчүн өсүп жатат? Биринчиден, сунушталган буудай аз. Анткени Кыргызстанда буудай аз өндүрүлгөн.

“Кабар”: -Үстүбүздөгү жылдын башталышынан бери азык-түлүк бааларынын кымбатташы боюнча маалымат айтып бере аласызбы?


С. Асанбаев: -Жыл башталышынан бери буудайдын баасы 41,5 пайызга кымбаттады. Үстүбүздөгү жылдын 6-январынан 9-мартка чейинки убакыт аралыгында жогорку жана биринчи сорттогу ундун баасы 16 пайызга кымбаттап, натыйжада жогорку сорттогу ундун килограммы 30 сомдон 35 сомго, биринчи сорттогунуку 25,20 сомдон 29,40 сомго чейин жеткен. Экинчи сорттогу ундун баасы 25 пайызга чейин көтөрүлүп, жыл башында килограммы 18,10 сом болсо, учурда 22,60 сомдон сатылууда. Буудай жана ундун кымбатташына байланыштуу нандын баасы да көтөрүлдү. Биринчи сорттогу ундан даярдалган нандын килограммы 32,20 сомдон 33,60 сомго чейин жетип, 4 пайызга кымбаттаган. Экинчи сорттогу ундун наны 28,30 сомдон 30,10 сомго же 0,6 пайызга көтөрүлгөн. Мындан тышкары шекердин баасы 8 пайызга кымбаттап, 56,70 сомдон 61,70 сомго жеткен. Өсүмдүк майларынын баасы өзгөргөн эмес. Эттин баасы болсо 3,3 пайыздан 5,8 пайызга чейин кымбаттаган.

“Кабар”: -Сиздер айрым товарлар кымбаттап кетиши мүмкүн деп алдын-ала мониторинг жасай аласыздарбы?

С. Асанбаев: -Бизде бул багытта ыйгарым укук жок. Ушундан улам алдын-ала бере албайбыз. Бул багытта баа саясатын Экономикалык тескөө министрлиги аныктайт.

“Кабар”: -Бүгүнкү күндө сиздер жүргүзүп жаткан баалар мониторинги канчалык деңгээлде чындыкка жакын?

С. Асанбаев: -Негизи эле бааларга мониторинг жүргүзүүнүн маңызы мындай, биздин кызматкерлер базарларга барып, 10 кишиден сурамжылоо жүргүзөт. Алардын эң жогорку жана эң төмөнкү баасы алынып, орточо баа чыгарылат. Мында негизинен сатуучулар сурамжылоого алынып, товар баасы аныкталат. Биздин мониторингге ишенбөөчүлүк боло элек. Анткени биз базардагы бааны аныктайбыз.

“Кабар”: -Жалпысынан эле атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн кандай иштер жүргүзүлүүдө? Кандай административдик же экономикалык тоскоолдуктар бар?

С. Асанбаев: -Биздин азык-түлүк рынокто атаандаштыкты бузуу көп деле катталбайт. Былтыркы жылы гана ун чыгаргандар бааны кымбаттатып, биз “ бири-бири менен сүйлөшүп алып, бааны көтөрүп атат” деп жолдомо бергенбиз. Алар Башкы прокуратура аркылуу жазасын алышкан. Ал эми атаандаштыкты өнүктүрүүдө эч кандай административдик же экономикалык тоскоолдук жок.

“Кабар”: -Айрым коңшу өлкөлөр азык-түлүк товарларын ташып чыгарууга тыюу салууда. Кыргызстан мындай кадамды жасай алабы?

С. Асанбаев: -Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү болгондуктан, мындай кадамга бара албайт. Бизде сезондук мүнөздөгү бажы төлөмдөрүн киргизүүгө болот. Бирок биздин өкмөт мындай кадамга барбай жатат. Биз бир катар азык-түлүк товарлар боюнча сунуштаганбыз. Алсак, картошка, эт, пиязга деп.

“Кабар”: -Бул суроо азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого байланыштуу болуп жатат.


С. Асанбаев: -Азык-түлүк коопсуздугун өзүбүздүн өндүрүш менен камсыздашыбыз керек. Биз жалаң импорттон көз каранды болуп отурсак, кайдагы азык-түлүк коопсуздугу болот. Эгерде 60 пайыздан ашык импорттон көз карандылык болгон шартта бул өтө кооптуу абал болуп саналат. Бизде болсо өсүмдүк майы, кумшекердин 70-80 пайызы сырттан ташылып келинүүдө. Ал гана эмес Казакстандан буудай боюнча көз каранды болуп атабыз. Мындай шартта азык-түлүк коопсуздугун кантип камсыздайбыз, билбейм.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу