Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
14/03 18:52
 

Кыргызстандын жаңы профсоюз жамаатындагы жаңылануулар


Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагасы Канатбек Осмонов кабарчыбыздын суроолоруна жооп берди.


Кабар: -Азыркы учурдагы профсоюздук уюмдардын ал-ахвалы тууралуу айтып берсеңиз.

Канатбек Осмонов: -Кыргызстандын жер-жерлердеги профсоюз уюмдарынын биринчи максаты болуп, бул – жумушчулардын, кызматкерлердин жана алардын социалдык-экономикалык кызыкчыларын коргоо болуп эсептелет. Жалпыга маалым болгондой, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын эл арасындагы аброю өтө эле төмөндөп кеткени жаңылык эмес. Мунун бир канча себептери бар. Негизги себептеринин бири – профсоюздук уюмдардын ички пикир келишпестиктери пайда болуп, ынтымагы ыдырап кеткен. Анын ар кайсы даражадагы жетекчиликтеринин көз караштардын ар түрдүү болушу мунун башкы себеби. Тагыраак айтсак, союз таркагандан кийин бардыгына маалым, мамлекеттик менчиктерди көрүнөсүн көрүнө, көмүскөсүн көмүскө талап-тоноого жол берилген.

Эң башкысы, профсоздук уюмдар, кайсы бир деңгээлде, өз статусун сактап кала алды. Шексиз демократиялык институттардын бирөөсү болгон, бул уюмдардын эч кимге кереги жок деген да сөздөр бекеринен айтылып баштаган эмес эле.
Мына ушул, профсоюз уюмдары азыркы учурда жандануу жолуна түшүүдө. Буга чейин мамлекет жетекчилери профсоюз уюмдарына өзүлөрүн адамдарын ар түрдүү жолдор менен коюп келишкен. Алар, профсоюздук уюмдардын иштерин жакшы билбегендиктен биз менен аралашып иштеп кете албады.

Кабар: -Өзүңүз жасаган иштер жөнүндө айта кетсеңиз.

К. О.: -27-майда мен биринчи жолу шайлангандан кийин Убактылуу Өкмөттүн отурумунда ушул профсоюздар комитетинин маселелери каралган эле. Ошондо жанагы мен айтып өткөн профсоздук уюмдардын мүлктөрү туура эмес сатылып, туура эмес берилип кеткен жагдайларды карап туруп, Убактылуу өкмөт чечим чыгарган: “Бардык мыйзамсыз сатылып кеткен профсоюздук мүлктөр кайтарылып берилсин” деген. Укук коргоо органдарына ошондо тапшырма берилген. Ушуга жардам бересиңер деп. Мына ушунун алкагында биз прокуратурага да кайрылганбыз. Тилекке каршы, биз ал жактан жардам ала алган жокпуз. Бир эле факт боюнча жооп келди - «кылмыш иши козголду деп». Башка андан ары кыймыл болгон жок. Бул, кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатабы, кандай жүрүп жатат, кызыгышкан, көзөмөлгө алган жок.
Андан тышкары, апрель окуяларынан кийин биздин тармакта жаңылануу, өзгөрүүлөр жүрө баштады деп айта алам. Мисалы катары айтып кетсек, жай айларында болуп өткөн жалпы токой-чарба кызматкерлеринин жалпы республикалык көтөрүлүшү көпчүлүккө маалым болуп жатты. Алар токой-чарба тармагындагы өзгөрүүлөрдүн туура багыт алышына көмөгүн көрсөтө алышты.

Андан кийин, мына, «Кумтөр» алтын кенинде иштеген жумушчулардын айлык акысын жогорулатуу боюнча талабын билесиздер. Алар, биздин жардамыбыз менен, толук болбосо да, талаптарынын жарым-жартылай аткарылуусуна жетишишти.
Андан тышкары, мына жакында эле болуп өттү, болуп жатат дагы эле – республика боюнча мугалимдер жамаатынын көтөрүлүшү. Билим берүү тармагынын профсоюздар комитетинин штабы биздин имаратта жайгашып, мыйзамдын чегиндеги нааразылык акцияларын өткөрүүгө байланышкан кеңештерибизди берип турдук.

Кабар: -Акыркы убактарда сиздин үстүңүздөн кылмыш иши козголду деген маалыматтарды угуп жатабыз.

К. О.: - Менин тегерегимде да, чындыгында эле, акыркы учурларда бир топ терс иштер жүргүзүлүп жатат. Мен сөзүмдүн башында маалымдагандай, профсоюздук комитеттин мүлктөрүн мыйзамсыз сатуу, которуу тууралуу көп иштер болуп келгенин жана алардын өз калыбына келтирүү боюнча биз тараптан бир катар иш-аракеттер кылынып жаткандыгын билдирдим эле. Мага каршы айрым чөйрөлөр тарабынан уюштурулуп жаткан бир факт тууралуу ачыкка салып айтууга туура келет.

Кыргызстан профсоюзунун туризм боюнча бир башкармалыгы бар болучу. Бул, башкармалыкты 2002-жылдан 2008-жылга чейин Темиралиев Кадыр деген башкарып келген. Ушул аралыкта бул адам профсоюздарын сегиз кыймылсыз менчик мүлктөрүн мыйзамсыз сатып жибергени дайын болгон. Биздин прокуратурага көзөмөлдөөгө койгон талаптарыбыздын ичинде ушул объектилер да бар болчу. Тилекке каршы, мыйзамдуулукту көзөмөлдөө боюнча башкы тармак – Башкы прокуратура органдары да азыркы учурда, ичинен кылдат тазаланчуу тармактарыбыздын бири экендигине көзүм жетти. Эң кызыгы, так ошол биз кайрылган прокуратура тарабынан, тескерисинче, менин үстүмдөн кылмыш иши козголду. Тагыраак айтканда, 15-февраль күнү, күтүүсүздөн, мени Башкы прокуратуранын көрсөтмөсү менен шаардык прокуратуранын тергөөчүсү чакырып, ал жерден мага күтүүсүз жерден күнөө тагышып, ошол эле күнү, мени эч жакка кетирбестен, Биринчи Май райондук сотуна алып барып, камакка алынсын деген чечимин ишке ашыруу аракеттерин кылышты. Бирок, бул шашып-бушуп токулган кылмыш ишинин чалалыгына көзү жеткен сот, мени камабастан, «үй камагына» чектеди. Бул аракеттери ишке ашпай калган соң, анын эртеси эле күнү, прокуратуранын тергөөчүсү жумушума чейин келип, мени жумуштан четтетти(!). Кыскасы, мени заматтын ортосунда эң коркунучтуу кылмышкер кылып таанып, моралдык жактан «сындыруу» аракетин кылышты. Бул, окуядан кийин мен кайрадан сотко кайрылууга аргасыз болдум. Биринчи Май райондук соту менин берген арызыма ылайык, прокуратуранын койгон кинесинин жумушума тиешеси жок экендигин аныктап, менин суранычымды 28-февралда канааттандырды. 1-марттан баштап кызматтык милдеттеримди кайрадан аткара баштадым.

Кабар: - Ал эмне жөнүндөгү иш эле?


К. О.: - Мага тагылган арыз мындай болуп жатат. Биздин профсоюздук уюмдардын өткөн учурдагы коррупция иштерине катыштыгы бар Темиралиев Кадыр – мурунку туризм тармагындагы «Кыргыз туризми» ишканасынын профсоюздук уюмун жетектеген адам, 2007-жылы бир адам аркылуу мага чоң суммадагы акча карыз берген имиш. Анын билдирүүсүнө ылайык, мен алдамчы, көз бойомочу экенмин. Мен болсо, ал адамдан эч убакта, эч кандай карыз акча сураган да эмесмин, алган да эмесмин. Акчаны мага берген киши жок, алдым деген мен жок. Эмне себептен, прокуратура органдары куру жалаа менен мени күнөөлөп, алардын жетегине кирет, мен алигиче түшүнө албай турам. «Ак ийилет, бирок, сынбайт», дегендей, бул иштин жыйынтыгы сот кароосунда аныкталат деп ишенип турам.

Кабар: -Сизге тагылган болбогон жалаалардын артында ошол Темиралиев эле турабы, же дагы бирөөлөрдүн көлөкөсү барбы?


К. О.: -КРнын Президенти Роза Отунбаева жарыялаган уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн бир тайпасы, чынын айтканда, мына ушул эле, биздин профсоюз тармагында десем жаңылышпайм. Мен айтаар элем – уюшкан кылмыш топторунун тамырлары азыркы жогорку бийлик бутактарында чырмалышып, жабышып жүрүшөт. Ошолордун кысымы менен, алар менен табакташ болуп жүргөн, «куйруктары кууш» прокуратура органдарынын айрым өкүлдөрү, айласыздан, алардын айткандарын аткарууга барып жатышат. Бул жерде, Темиралиев жалгыз эмес, анын артында жоон топ коррупционерлер бар.

Кабар: - Алардын бул аракеттери мындан ары кандай улантылуусу мүмкүн?

К. О.: -Булардын менин үстүмдөн тез аранын ичинде жанагыдай иштерди уюштуруусунун себеби жок эмес. Бишкекте белгилүү «Турбаза» аттуу туризм тармагындагы профсоюздар уюмунун менчиги бар болчу. Союз таркагандан кийин, ал «кытай базары» аттуу кирешелүү жайлардын бири катары белгилүү болуп туруп, бир күнү эле күйүп кетпедиби. Ошол кездеги жетекчилер, «эми эмне кылабыз деп» башын оорутуп атып, анан эле, бирөөлөр аркылуу кытайга барып, ал жактан инвесторлорду таап келет. Алар ал жерде заманбап, туристтик – соода комплексин куруу жөнүндө долбоорду сунуш кылышат. Ал долбоор боюнча бир катар курулуш имараттары салынып, 2003-2005-жылдарда анын 40-45% курулушун аяктап калат. Ошондо, Темиралиев жана анын өнөктөштөрү, анын ичинде ошол «Турбазанын» директору, бүгүнкү күндө Президенттин Иш Башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп жаткан Карыбеков Таалай деген адам да бар. Мына ушулар, 2005-жылкы тополоңдордон улам кытайлыктар өлкөдөн чыгып кеткенинен пайдаланып, жаңы курулуп жаткан туристтик комплексти бирөөлөргө сатып жиберишкен. Мына эми ошол, кытайлар азыркы учурда кайра келишип, ал курулушту улантуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү өткөрө башташкан. Бирок, текшере келсе, жанагыдай болуп, дагы бир «ээси» чыгып калып жатпайбы?!

Кабар: -Демек, бул жерде Мамкаттоо институтунун да тиешеси барбы?

К. О.: -Албетте, алардын бул объектинин ээлери бар экендигин билип туруп, башка бирөөлөргө сатылышына жол берүү укугу жок болчу.

Кабар: -Батыштагы профсоюздук уюмдардын социалдык саясаттагы ордун, маанисин угуп, билип жүрөбүз. Бизде аларды саясый күч катары баалай алабызбы?

К. О.: - Ооба, профсоюздук уюмдардын мүчөлөрү саны боюнча, бизде, Кыргызстанда ал, эң чоң коомдук уюмдардан. Мындан саны боюнча көп уюм жок. Кыргызстандагы профсоюздар уюмдарынын мүчөсү болуп 800 миңден ашуун адам эсептелет. 21 тармактык профсоюздар уюмдары бар. 6 облустук профсоюздар кеңеши бар.
Батыштагы мамлекеттердеги профсоюздук уюмдардын укуктары алардын коомдук уставдарында так белгиленип, мамлекет тарабынан, мыйзамдуулуулукту көзөмөлдөө органдары тарабынан ар тараптуу корголууга жатат. Анткени, анын мүчөлөрүнүн укуктары бузулган учурларда өкмөт тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүшү милдеттендирилген. Ошондуктан, нааразы болгон тараптар жумуш берүүчүлөр менен эмес, өкмөткө каршы көтөрүлүп чыгуулары закон ченемдүү көрүнүш болуп калыптанган.
Ал эми, «Бийлик эл менен» деген канат алып калган учкул сөз, буюрса, «Бийлик профсоюздук уюмдар менен» деген айтылышка жете турган жолго түштүк. Биз дагы батыштын кээ бир калыптанган демократиялык багыттарын өздөштүрүшүбүз керек. Бизде да, акырындап, өз мүчөлөрүбүздүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн бутубузга турабыз.

(Н. Куланбаев, “Кабар”)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу