Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
14/03 11:25
 

К. Качкынбаев: Кыргызстан алкоголдук продукциясын эл аралык рынокко эскспорттоодо

Бишкек, 14-март. (Махабат Момуналиева-Кабар). 2010-жылы Кыргызстан 9 миң декалитр алкоголдук ичимдик экспорттогон. Бул, тармак 5-6-жыл мурун республикалык бюджетти түзүүчүлөрдүн бири болгон.
Бүгүнкү күндөгү алкоголду өндүрүүчү ишканалардын абалы туурасында Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Каныбек Качкынбаев айтып берди:

“КАБАР”:
- Алкоголдук тармак бюджетти негиздөөчү тармактардын бири болуп эсептелинчү, азыр абал кандай?

К. Качкынбаев: - Алкоголдук продукцияларды чыгаруучу тармак бюджетти түзүүчүлөрдүн бири эле, бирок акыркы 4 - 5 жылда коррупцияланышып, бийлик адамдары үчүн иштеп келген.
2010-жылы Кыргызстанда өндүрүлгөн спирт ичимдиктеринин 60 пайызы легалсыз түрдө чыгарылган. Алкоголдук тармактан түшкөн акциздик салыкты жогорулатуу үчүн, биринчи кезекте көмүскөдөгү ишканаларды мыйзамдаштыруубуз зарыл.

“КАБАР”: - 2010-жылы бюджетке салык катары канча сом которулду? Алкоголдук тармак мамлекеттик жардамга муктажбы?

К. Качкынбаев: - 2010-жылы республиканын алкоголдук тармагы акциздик салык катары бюджетке 800 миллион сом которгон. Ал эми, быйыл бул тармак 1 миллиард 300 миллион сом бюджетке которуу планын бекитти, ага ылайык 2,5 миллион декалитр ичимдик өндүрүлөт. Планды аткаруу багытында иш алып барабыз. Аны аткаруу үчүн биринчи кезекте Кыргыз өкмөтү шарт түзүп берүүсү керек. Мыйзамдык базага өзгөртүүлөрдү киргизүү менен салыктардын чендерин, текшерүүлөрдү азайтуу зарыл
Бүгүнкү күндө кыргыз өкмөтү менен спирт ичимдиктерин чыгаруучулар ортосунда макулдашууга кол койдук.

“КАБАР”: - Кыргызстандын алкоголдук продукциясын сыртка экспорттоого мүмкүнчүлүгү барбы?

К. Качкынбаев: - 2010-жылы Кыргызстан 9 миң декалитр алкоголдук ичимдик экспорттогон. Кыргызстан бүгүнкү күндө кыргыз коньягын жана аракты Россия менен АКШга экспорттойт. Алар, биздин продукциянын жогорку сапатын баалайт. АКШга экспорттоо боюнча “Аю” компаниясы быйыл жаңы келишимдерге кол койду.

Алар, “Самогон” деген атайын марканы АКШ рыногу үчүн иштеп чыгышкан. Америкалык ишкерлер тарабынан биздин продукция жогору бааланып, жакшы баа менен алып кетишүүдө. Биринчи кезекте бизде өндүрүлгөн спирттин, суунун сапаты бааланат жана ар кыл кошундулар өзгөчө даам берип турат.

Бүгүнкү күндө бизде спирт өндүрүүчү 3 завод, арак чыгаруучу 10 ишкана, пиво боюнча 14 анын үчөө ири компания, коньяк жана шампан боюнча 6 ишкана, шарап продукциясын чыгаруучулардан 14 ишкана бар.

“КАБАР”: - Эгерде биз өзүбүздү алкоголдук ичимдик менен камсыз кыла алсак, эмне себептен базарда импорттук продукция үстөмдүк кылат?

К. Качкынбаев: - Кыргызстанда сатып алуучулардын укугун коргоочу мыйзам бар. Биз импорттук продукцияны көзөмөлгө алабыз, республикада чыкпаган алкоголдук сыйымдуулугу аз болгон алкоголдук продукция, бул “жин тоник”, “ягура” жана башка коктейлдер алынып келинет.
Эгерде, чет элдик продукцияга суроо талап болсо, ал республиканын аймагына киргизилет.

2010-жылкы импорттун көлөмү - арак 122 миң декалитр, пиво 2 миллион декалитр, коньяк 7 миң декалитрди, шарап 78 миң декалитрди түздү. Ошондой эле, бизге алкоголдук сыйымдуулугу аз суусундуктар импорттолот, анын көлөмү эң эле көп 280 миң декалитрди түзөт. Импорттук продукция Казакстандан жана Россиядан алынып келинет.

“КАБАР”: - Алынып келинген, бизде чыгарылган продукциянын сапатын ким көзөмөлдөйт?

К. Качкынбаев: - 2009-жылга чейин Мамлекеттик алкоголдук агентство текшерүүчү органдардын бирине кирген. Бул функцияны алып салгандан соң, көзөмөлдөөгө мүмкүндүк болбой калды, алкоголдук продукция тамак-аштын бир түрү, демек көзөмөлгө алынуусу керек эле. Биз жасалма арак сатылып жатканын көрсөк да, эч нерсе кыла албайбыз. текшерүүчү функцияны агенттике кайтарып берүү зарыл.



Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу