Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
11/03 17:20
 

Депутат У. Аманбаева: Ишкерлерге мамлекет тарабынан жеңилдиктер каралышы керек

Бишкек, 11-март. (Махабат Момуналиева - Кабар). Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева менен учурдагы айымдардын саясаттагы орду, ишкерлик, миграция маселеси тууралуу агенттиктин суроолоруна жооп берди..

“Кабар”: - Эмне үчүн бизнес өкүлдөрү депутат болгусу келет?

Урмат Аманбаева: - “Бизнесте жүргөндөр депутат болуп келишүүдө, алардын Жогорку Кеңешке келишинин негизги максаты өзүнүн бизнесин коргоо” деп эл арасында айтылып келет. Бизнесте жүргөндөр саясатка келсе экономикада өнүгүү болот.

Мисалы бизнести баардык эле адам өркүндөтүп, жолго кое албайт. Жоктон бар кылып, өндүрүштүк ишкана, жаңы идеяларды ойлоп чыгуу, ошону татыктуу алып кетүүнүн өзү дагы чоң түйшүктү талап кылып, адамдын жөндөмү болуш керек. Совет доору кулагандан кийин ар бир адам өз киндигин өзү кесип, көпчүлүк бизнеске киришти. Анын ичинен дагы жөндөмдүү, дээринде барлары бизнесин мыкты алып кетип, бүгүнкү күндө чоң өндүрүшкө айландырды.

Азыр мамлекет элди жумуш менен камсыз кыла албай келет, ошол эле маалда бизнесмендер жумушчу орундарды түзүүдө. Бизнесмендердин саясатка келгени жат көрүнүш эмес. Азыр көпчүлүк жапа тырмак бизнес кылганга өттү. Ошолорго ылайыктуу шарт, мүмкүнчүлүк түзүп бергенге, бизнести билген депутаттар аларга ылайыктуу мыйзамдарды жазып беришет.

“Кабар”: - Кыргызстанда жумуш ордулары жок, мигранттардын саны өсүүдө, ишке жарамдуу жаштар чет жакка чыгып кетүүдө, алардын агымын кантип токтотуп, мекенге кантип алып келебиз?


Урмат Аманбаева: - “Бирөөнүн жеринде султан болгончо, өз элиңдин ултаны бол» деген кеп бекеринен айтылбаса керек. Алар жыргаганынан Россия, Казакстанга кетип жаткан жок. Акыркы убакта ал жакта ыңгайлуу иштөө үчүн ошол мамлекеттин жарандыгын алышууда. Азыр мамлекеттин жарандарды жумуш менен камсыз кылууга чамасы жетпей турат.

Биринчи кезекте шаарларда, район, айылдардагы ишке жөндөмдүүлөргө жумуш ордун түзүп берүү керек. Тоолуу, чек арага жакын аймактарда эч ким калбай калды. Жаштар окууга, жумуш издеп шаарларга кетти. Мына ушундай көптөгөн маселелер жатат. Буларды кармап калыш үчүн ошол жерге ылайыктуу чакан ишканаларды ачып, аларга мамлекет тарабынан жардам, жеңилдиктерди берүү керек.

Чет жакадан тажырыйба топтоп, каржы маселесин чечип, каражат топтогон мекендештерибиз бар алар келип, Кыргызстанга ишканаларды ачса жакшы болот эле. Аларга дагы коопсуздук жагынан кам көрүп, мамлекет тарабынан жеңилдиктер каралмак. Жаңы келген парламент, өкмөт кимдин жакшы идеясы болсо аларга жагымдуу климат түзүп колдоого даяр.

“Кабар”: - Саясатта айымдардын орду кандай?

Урмат Аманбаева: - Тарыхта саясий ишмердүүлүгү менен чыйыр жол салып кеткен айымдарыбыз абдан көп. Алардын эмгегинин алдында зор иштер аткарылып, кыргыз айымдарынын акылкөй, ишинин артында кыргыз элинин тарыхый жолунда чоң өзгөрүүлөр, тарыхый бурулуштар болуп келген.

Каныкей эненин акылмандыгы да Манастын Манас болушуна салымын кошсо, Курманжан энебиздин акылмандыгы менен тарыхый бурулуш, чоң кыргындан аман калганбыз. Мен дагы ошол Курманжан датканын тукумунанмын. Кыргыз айымдары сулуулугу, улуулугу, боорукер, акылкөйлүгү менен айырмаланып турат.

“Аял жакшы эр жакшы” деген кеп бекеринен айтылган эместир. Бүгүнкү күндө дагы саясий турмушубузда аялзаты чоң салымын кошуп апрель окуясынан кийин оор кырдалды мойнуна алып, элдин жоопкерчилигин аркалаган Роза Исаковна дагы кыргыз аялдырынын саясий турмушубуздагы ордун көргөздү.


“Кабар”: - Депутат болгонго чейин кайсы тармакта жүрдүңүз, эмне менен алектендиңиз?


Урмат Аманбаева:
- Саясатка чейин кыргыз элинин арасында болдум. Болгондо дагы карапайым катмардын арасында аралашып, алардын түйшүктүү турмушун жакындан сезип, туюп жанында, бизнес чөйрөсүндө жүрдүм. Ошол кезде көптөгөн чийелешип, чечилбеген маселелерди чечүү, бизнес жаатындагыларга кандай шарт, колдоо көрсөтүү керектигин түшүнүп, кийинки парламенттик шайлоодо депутаттыкка талапкерлигимди коем деген максатым бар эле, буюруп Жогорку Кеңештин депутаты болуп калдым.

Бизнес жаатында чакан иш ачып, элди 250дөй жумуш орду менен камсыз кылганга жетише алдым. Депутаттыкка чейин дагы коомдун, экономиканын өнүгүшүнө колдон келишинче салымымды кошуп келдим.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу