Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
10/03 17:09
 

Ж. Касаболотов: Коалициянын тагдырына көптөгөн жагдайлар таасир этет

Бишкек, 10-март. (Мээрим Ибраева - Кабар). Кыргызстанда жаз алды менен кайрадан кызуу саясый талкуулар башталды. Элдик революциялардын мезгили болгон жаз айлары быйыл да саясый оюндарга бай болот өңдөнөт. Бул ирет коалициянын күңгөй-тескейи тууралуу кептер айтылып, анын тагдыры кеңири талкууга алынууда. Бул багытта “КАБАР” агенттигинин суроолоруна эркин серепчи Жыргалбек Касаболотов жоооп берди.


“КАБАР”: Акыркы күндөрү коалицияны таркатуу тууралуу ойлор айтылууда. Бул сырттан эмес, коалициянын өз ичинен чыгып жаткан көрүнүш эмеспи?

Ж. Касаболотов:
Коалициянын ичинде ар кандай адамдар бар. Алардын чыныгы ниети кандай өзгөрүп жатканы боюнча так маалымат болбогондон кийин, айтыш кыйын. Азырынча көзгө урунганы - коалициянын ишине сын-пикирлер анын сыртындагы күчтөр тарабынан айтылып атат.

Бирок, коалициянын сыртын сыпайгерчилик үчүн жымсалдаган менен ичинде чечилбей турган карама-каршылыктар бар экендигин айта кетиш керек. Мисалы, “Республика” фракциясынын программасы оңой менен аткарылбай турган программа. Ага кошулган башка партиялар анын аткарылышы үчүн убада бербесе да, кошо жооп берип калып жатышат. Экинчиден, КСДП фракциясы менен “Ата-Журт” фракциясы Бакиевдин убагына карата алганда антагонисттер. Ал антагонизм же КСДПдагылар өз баалуулуктарынан баш тартып, жөн гана кызмат же стабилдүүлүк үчүн “ата-журтчулар” менен жуурулушуп кетишине алып келет. Анда КСДП фракциясы өз баалуулугун жоготот. Же болбосо карама-каршылыктар ачыкка чыгат, анда коалиция ыдырайт.

Азыр Бакиевдин командасындагы адамдарды кызматка коюу жагынан “Республика” фракциясы “Ата-Журттан” да ашып түштү. Бул сырттан айтылган сынга негиз болууда.

“КАБАР”: "Республика" фракциясынын программасындагы аткарылбай турган аракет катары кайсыларды белгилей аласыз?


Ж. Касаболотов: Электр кубатынын өздүк наркында элге берүү убадасы, 7 пайыздык насыяларды таратуу убадасы.

“КАБАР”: Коалициянын тарашына парламенттик оппозиция көбүрөөк кызыкдар болуп жаткан жокпу. Буга далил катары Текебаев менен Бабановдун кайым айтышуусун алууга болобу?


Ж. Касаболотов: Парламенттик оппозиция өзүнүн идеялары жүзөгө ашып, элдин көңүлүн алууга кызыкдар. Ошол эле Текебаевге азыркы Конституция, азыркы система иштеп кетиши маанилүү. Азыркы системанын иштеп кетишине жолтоо болгон, же элдин нааразылыгын жаратып, кийин азыркы системага каршы нааразылыкка айландыра турган жагдайларды сынга алып жатат. Жакында ал “буларга түрткү керек, парламенттин ичинен эле эмес, көчөдөн да түрткү керек” деп айтты. Демек, парламенттеги оппозициянын бир бөлүгү нааразылык акцияларын колдобойт деп кесе айтууга болбой калды.

Ал эми, Бабановдун кадр саясаты жана жүргүзгөн иштери тууралуу сын бекер жеринен келип чыккан жок. Азыр эл ичинде жана Кыргызстандын өнөктөштөрүндө да Максим Бакиевдин түзүп кеткен схемаларына жана калтырган командасына карата аябай терс мамиле калыптанган. Бизнесмен адамдар бийликке келгенде да көп учурда бизнесмен катары ой жүгүртүшөт. Текебаев ошону айтып, ошону сынга алып атат. Бирок, ал өзү мүчө болгон Убактылуу Өкмөт өз учурунда тазалануу процессин жүргүзбөй, революциянын көптөгөн талаптарын аткарбай, ушундай абалга өздөрү жеткирген.

Анын үстүнө бул коалиция жасалма түзүлгөн уюшма экендиги башынан эле белгилүү болчу.


“КАБАР”: Коалициянын олку-солку болушуна сырткы күчтөр да таасирин тийгизиши мүмкүнбү?


Ж. Касаболотов: Ооба, чет мамлекеттердин кызыкчылыктары да бул жерде чоң роль ойношу мүмкүн.


“КАБАР”: Демек, коалициянын тагдырына бир катар факторлор таасир этет экен да. Ал эми элдин бейкуттугу кимди ойлонтот? Жазгы талаа жумуштары жаңы башталган учурда саясый абал дагы курчуп, кедергисин тартпайбызбы?

Ж. Касаболотов: Ооба, коалициянын тагдырына көптөгөн жагдайлар таасир этет. Бул жерде саясый кызыкчылык гана буларды бириктирип, кармап турушу мүмкүн. Анткени, булар тарап кетсе, башка коалицияны түзүш кыйын экендигин өздөрү деле түшүнүп турушат. Азыр былтыр кабыл алынган Конституциянын кемчиликтери чыга баштады, кийинчерээк дагы чыгат. Эгерде азыркы парламент намазкана ачуууну кечке талкуулабастан, экономикага жана мыйзамдуулукка түздөн-түз тиешеси бар мыйзамдарга киришпесе, булардын тагдыры кейиштүү болот. Тилекке каршы, абалдын ошондой экендигин жаңы келген депутаттардын көбү түшүнө элек.

“КАБАР”: Коалициянын тарашы өлкөдөгү туруктуулукка кедергисин тийгизбейби?


Ж. Касаболотов: Коалиция тарап, башка коалиция түзүлсө, ал кедергисин көп деле тийгизбейт. Кийинки абал кийинки коалициянын курамына, жүргүзгөн иштерине жараша болот.

Коалиция тарап, башка коалиция түзүлбөй калса, парламент таратылып, парламенттик шайлоо өлкөдөгү саясый активдүүлүктү кызытат. Демек, ал өлкөдөгү туруктуулукка коркунуч келтирет. Бирок, ал орточо даражадагы коркунуч.

Коалиция ордунда калып, бирок ишинин жыйынтыгын көрсөтө албаса, азыркы парламенттин да, өкмөттүн да, конституциянын да күнү бүтөт. Анда таптакыр башка күчтөр бийликке келиши мүмкүн. Бирок, ал кандай күчтөр болоорун азырынча так айтыш кыйын. Антсе да, кандай гана саясый күчтөр болбосун, жаңыдан башын көтөрүп келаткан улутчулдар менен эсептешпей кое албайт. Улутчулдар болсо, азыркы саясый күчтөрдүн көбүнө каршы. Анткени, алардын эч кайсынысы улуттук кызыкчылыктарды камсыз кыла албайт деген пикир басымдуулук кылат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу