Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
08/03 10:58
 

Кыргызстан: революциядан кийинки саясий жашоо


(Р. Отунбаеванын «Евроньюс» телеканалын берген маеги)

Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева эки революцияда тең маанилүү роль ойногон. Адегенде 2005-жылы өлкөнүн биринчи президенти Аскар Акаев бийликтен сүрүлгөн. Беш жылдан соң элдик революциянын натыйжасында президент Бакиевдин бийлиги да кулатылган.
Роза Отунбаева нааразылык акцияларынын демилгечиси болду: бул философ жана дипломат аял татаал жана коркунучтуу өткөөл мезгилде өлкөнү башкарууну өз колуна алып, коррупцияга, кландык системага, улутчулдукка жана диний экстремизмге каршы күрөш жарыялады.
«Евроньюстун» журналисти Нарик Папоян андан интервью алганда биринчи эле берген суроосу мындай болду: «Кыргызстан Борбор Азиядагы парламенттик демократияны тандап алган бирден-бир мамлекет болуп саналат. Мындай ойдо жок кырдаал кантип пайда болду?»


Роза Отунбаева (Р.О.): Бир жыл мурун бир катар оппозициялык партиялар чогулуп, Бакиевдин коррупциялашкан режимине каршы бириккенбиз. Андан соң биз парламенттик башкаруу формасын көздөй барыш керек экендигин түшүндүк. Биз ал максатыбызга жеттик, бирок ошентсе да ар кандай коркунучтарды жана маселелерди баштан өткөрүп келатабыз. Бирок арттагы баскан жолубузга кылчайып карап көргөн сайын башкаруунун табиятын өзгөртүүгө андан бетер чечкиндүү аракет кылуудабыз. 7-апрелде «Ак Үйдүн» чатырынан атылган окко учуп 87 киши курман болгондо эле бийликти өзгөртүш керек экенин түшүнгөнбүз.

«Евроньюс»: Мурдагы президент Бакиевди алдырып келиш үчүн кандайдыр бир мыйзамдуу чара көрүп атасыңарбы?

Р.О.: Ал азыр Беларуста жүрөт, ал жакта ага башпаанек сыяктуу статус берилген. Азыр Түндүк Африкада болуп аткан окуялар көп нерсеге башкача көз менен караганга себепкер болууда. Элди атууга буйрук берген мындай адамдар жазага тартылууга тийиш экени көрүнүп эле турбайбы.

«Евроньюс»: Силер аны алдырып келгиңер келеби?

Р.О.: Биз анын кайсы жерде экенин билебиз. Биз анын уулун да Лондондон алдырып келгибиз келет.

«Евроньюс»: Максимдиби?

Р.О.: Анын бир туугандарын дагы, айрыкча убагында коопсуздук кызматын жетектеп турган бир тууганын. Ал биздин өлкөдө болгон бардык баш аламандыктарды уюштурган деген шегибиз бар. Биздин жөнөткөн талабыбызды айрым өлкөлөр тоготпой койгонуна биз кайдыгер карай албайбыз. Биздин маалымат боюнча, Бакиевдин айрым тарапкерлери Кыргызстандан уурдап чыккан акчасын ошол башка өлкөлөргө жумшаганы үчүн качкын статусун же ал тургай жарандык статус алганын да билебиз.

«Евроньюс»: Сиз айрым араб өлкөлөрүндөгү революциялык окуяларды эске сала кеттиңиз. Өз тажрыйбаңызга таянганда, бул өлкөлөргө коррупцияга бөгөт коюу боюнча кандай кеңеш берет элеңиз?


Р.О.: Эмне дейин? Эң негизгиси - убакыттан уттурбаш керек. Жасай турган нерсени убагында жасаш керек. Кырдаалга бериле турган жоопту создуктурсаңар өтө эле кеч болуп калышы мүмкүн. Мындай окуялар болуп атканда тээ түпкүрдөгү нерселердин баары өйдө көтөрүлүп чыгат, адатта ал түбүндө кала бериши керек, бирок ал тээ түпкүрдөн бери көтөрүлөт. Андай нерсени кайра түбүнө түшүрүш үчүн чечкиндүү иш-аракеттер талап кылынат. Кылмыш дүйнөсүнүн таасири астында калган коомдун келечеги жок. Ошондуктан мындай учурда так жана таасын иш планы керек. Эл өлкөнү тартипке салгысы келген бийликти жана жол башчыларды дайыма колдойт.

«Евроньюс»: Кыргызстан - Орусиянын да, Американын да аскердик базалары жайгашып турган бирден-бир мамлекет. Алардын өз ара жанаша жашоосунда маселе барбы?

Р.О.: Албетте, Кыргызстандагы азыркы абал бирөөлөргө парадокс катары көрүнүшү мүмкүн, бирок биздин саясат үчүн баары ачык-айкын эле болуп турат.

«Евроньюс»: «Манастагы» базанын келечеги кандай? Анын жабыла турган белгилүү бир мөөнөтү барбы?

Р.О.:
Ооба, бүгүнкү күндө бизде Бакиевдин тушунда кол коюлган келишим бар, ага ылайык база 2014-жылга чейин калышы керек. Ошол жылы коалициянын аскерлери Ооганстандан чыгып кетүүгө тийиш. Менимче биз ал милдеттенмелерге урмат менен мамиле кылышыбыз керек.

«Евроньюс»: Кээде силердин өлкөнү үч чоң державанын - Орусиянын, Кытайдын жана АКШнын - кызыкчылыгы төп келген жер деп айтып жүрүшөт. Деги силердин тышкы саясатыңардын багыты кандай?


Р.О.:
Менимче, биздин негизги өнөктөштөрүбүз болгон үч мамлекеттин тең кызыкчылыктарын байкап турушубуз керек. Ал сөзсүз эле жаман нерсе эмес. Мунун артыкчылыгы да болушу мүмкүн - биздин өлкө Азиядагы стратегиялык жактан маанилүү жерде жайгашкан жана ошол өлкөлөрдүн баарынын кызыкчылыгы биздин аймакта кесилишет. Биз муну өз кызыкчылыгыбызга пайдаланганга аракет кылабыз.

«Евроньюс»: Жакында Сиз Брюсселде Евробиримдик менен НАТОнун жогорку даражалуу өкүлдөрү менен кездештиңиз. Силер Европа өлкөлөрүнөн эмнени күтөсүңөр?

Р.О.: Евробиримдик - Дүйнөлүк Банктан кийинки эле Кыргызстандын экинчи чоң финансылык демөөрчүсү. Евробиримдиктин жетекчилиги менен жолугушканда биз финансылык жагдайлар тууралуу, биздин өлкөдөгү бюджеттин бир топ тартыштыгы тууралуу, демократияга байланышкан маселелер жана биздин өлкөдөгү парламенттик системаны өнүктүрүү тууралуу сүйлөштүк. Биз ал системаны бекемдешибиз керек, сот системасын жаңыртып, жаш журналисттерди окутуп чыгышыбыз керек. Брюсселде талкууланган маселелер ушулар болчу.

«Евроньюс»: Борбор Азиядагы бир талдоочу Сизге «көрүнүктүү, жаны тынбаган саясатчы» деп мүнөздөмө берди. Бирок «прагматизмге жакын эркек-саясатчылардан айырмаланып, анын алдыга койгон максатында романтикалык белгилер бар» дейт. Сиз чын эле саясат романтиканы көтөрө алат деп эсептейсизби?


Р.О.:
Менин пикиримде, бардык кыйынчылыктарга карабастан, романтикага орун бар. Биз татаал, чыңалган абалда жашап жатабыз. Романтикалык жагы - биздин коомдо жалаң эле революционерлер эмес, акындар да бар. Прагматик экономисттер эле эмес, жүрөгү илгери үмүткө жана ишеничке толгон жаштар менен аялдар да бар. Биз баарыбыз балдарыбыздын келечеги үчүн өз бутубузга бекем тургубуз келет.

«Евроньюс»: Интернеттеги баракчаңызда «Саясат жетиштүү, ыр окубайлыбы» деп ошон үчүн жаздыңызбы анан?

Р.О. (күлүп): Ооба, ананчы!

«Euronews», 4-март, 2011-жыл
Которгон - «Zpress.kg» агенттиги

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу