Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
05/03 20:38
 

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарындагы «Кыргызнефтегаз» ишканасында нааразылык чыкты

Бишкек, 5-март. Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарындагы «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомдунда нааразылык чыкты. Ишкананын азыркы жетекчиси Каныбек Масировду жумуш ордунан бошотуу аракетине жамаат каршы болууда.

Нефтчилердин айтымында, К. Масировду кызматтан кетирүүгө аталган ишкананын мурдагы жетекчиси, Максим Бакиевдин досу, Жогорку Кеңештин «Республика» фракциясынын депутаты Искак Пирматов кызыкдар болуп, өзүнүн адамын алып келүүгө аракет кылып жаткан шекилдүү.
Мындай аракеттин алдын-алуу максатында «Кыргызнефтегаз» ААКнун ардагерлери, Кочкор-Ата шаарынын аксакалдары, Ноокен райондук жана Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттары жана тургундары болуп 2000 ден ашык адам катышкан жыйын болуп өттү.
Анда мына ушул көйгөйлүү маселе - «Кыргызнефтегаз» ААКда түзүлгөн кырдаал талкууланды.

Жыйынга “КНГ” ААКнун профсоюз комитетинин төрагасы А.Б. Райымкулов жетекчилик кылды. Ал төмөндөгүлөргө токтолду:

-Биздин тынч иштеп жаткан ынтымактуу коллективибизде Башкармалыктын төрагасы Каныбек Масировду жумуштан алып, ордуна башка жетекчи келет деген сөздөр чыгууда. Бул айтылгандарды тастыктаган фактылар да бар. Биринчи сөздөр айтылып, анан ал ишке ашып жаткан учурлар республикабызда көп эле учурайт.

Чукул мөөнөттүн ичинде директорлор кеңешинин кезексиз отурумун чакырышып, ушул маселени коюушмак. Мына эки күндөн бери коллектив дүрбөлөңгө түшүп жетекчилерден профсоюз комитетинин төрагаларынан так маалымат берүүсүн талап кылышты. Себеби азыркы «КНГ» ААКнун финансылык-чарбалык иштери аябай жакшы жүрүп бир топ жетишкендиктер болду. Ошондуктан, биз элге туура маалымат жеткизүү максатында бүгүнкү жыйынды өткөрүп жатабыз. Бүгүнкү жыйналышка райондон, областтан да жетекчилер жана ошондой эле, бул маселеге кайдыгер карабаган райондун тургундары катышып жатат. Бүгүнкү жыйынды өткөрүү боюнча «КНГ» ААКнун жетекчилери менен да макулдашып, уруксат сураганбыз.

“Мына шаарыбыздын эли дагы толкунданып, дагы бир жолу адилеттүүлүктү талап кылып жатат. Себеби, эл кимдин кандай иштегенин жакшы билет. Мурунку Исхак Пирматов дагы үч ай иштегенде “КНГ” жок болмок” - деди, андан кийин сөзгө чыккан ардагер С. Ахмедов.

-Каныбек Масиров жетекчи болуп иштегендеи бери элге далай жакшылыктарды жасады. Ал, иш эч качан бааланбай калбайт. Ошондуктан, биз ушул кишини колдойбуз. Ал, аягына чейин иштесин. Ишинде кемтик жок. Бул жерге жетекчи болом - деп умтулгандардын бир гана максаты бар. Топтолгон байлыкты талап-тоноп кетиш. Алардын бул ою ишке ашпайт - деп ойлойм. Себеби, Масировдун артынан эл бар. Баарыбыз ынтымакта ишкананын кызыкчылыгын жогору коюп, аны сактап калышыбыз керек.

Ардагер Маматраим Жоробаев да жогорудагылардын айткандарын колдоп чыкты.
“Мына бүгүн биз аябай тынчсызданып, бул жерге келип олтурабыз. Жакшы иштеп жаткан жетекчилерди жумуштан алабыз деп аракет кылгандарды жазага тартыш керек. Себеби, ушунча жылдан бери жасалбаган жумуштарды жасады. Союз бузулгандан бери алынбаган жаңы бургулоо установкасын, андан сырткары “КНГ” ААКнун техникалык базасын чыңдоо максатында бир топ жаңы үлгүдөгү техникаларды алып келди”-деди.

-Мен өзүм “Кыргызнефтегазда” 40 жылдан ашык эмгек кылып ардактуу эс алууга чыкканмын. Мени элдин баары тааныйт, алар менен көп сүйлөшөмүн. Биздин нефтичилер азыркы түзүлгөн жумуш шарттарына, алган айлык акыларына аябай ыраазы. Ошондуктан, жетекчиликти алабыз деп аракет кылып жаткан адамдардын оюн түшүнбөйбүз. Себеби, Масиров мага окшогон эле “Кыргызнефтиде” иштеген карапайым адамдын баласы. Өзү да ушул ишканада көп жылдардан бери иштеп, такшалган жигиттерден. Ошондуктан, бул жигиттин эл үчүн иштеп беришине биз ишенебиз жана колдойбуз. Күч менен келебиз деген баскынчыларды киргизбейбиз. Биз, аксакалдар ушундай чечимге келдик - деп сөзүн жыйытыктады.

Ноокен райондук кенешинин депутаты Мухтар Артыкбаевдин айткандарына караганда кээ бир адамдар “Кыргызнефтегазды” кайтып колго алабыз деп аракет кылып жатышат. Бул кишилерди коллективдин, элдин тагдыры кызыктырбайт. Себеби, алардын максаты - жетекчиликке келип, кыска мөөнөттүн ичинде болгон каражатты алып, ишкананы банкротко учуратуу болуп саналат - деп билемин.

Жөнөкөй гана мисал: Эгерде 2009- жылы ишкана болгону 18 млн сом киреше алган болсо, 2010-жылы бул көрсөткүч 255 млн сомду түздү. Бул, деген мурдагы жылга караганда 14 эсе көп көрсөткүч. Бул, азыркы иштеп жаткан жетекчиликтин таза ишинин күбөсү. Азыркы убакта мамлекетке төлөнүүчү бардык төлөмдөрдүн көрсөткүчтөрүн бир нечеге көтөргөн. Мисалы, соцфондго 2009-жылы 57,4 миллион сом которулса, 2010-жылы ал 78,9 миллионго жеткирилген.

Бул, дегенибиз биздин пенсионерлерибиздин, бюджеттен айлык алган бардык жарандарыбыздын айлыгын көтөрүп, жакшы шарт түзүүгө жасалган аракеттер. Биздин Ноокен районунунда топтолгон бардык төлөмдөрдүн 85 % ушул «Кыргызнефтегаз» ААКму берет. Эгерде бир эле ишкананын көрсөткүчтөрү төмөндөп кетсе, анда биздин райондун гана эмес жалпы областыбыздын экономикасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Баарыңыздарга белгилүү болгондой Майлуу-Суу шаарында жайгашкан Электролампа заводу азыркы убакта кандай акыбалда экенин жакшы билебиз. Өз убагында бул завод бир шаарды бакчу. Сатылып кеткенден кийин шаар кандай акыбалда экенин жакшы билесиңер. «Кыргызнефтегаз» ААКу да ошол жол менен кетип жатканын эл билип жатат.

Азыр эле, бир жумушчу айтып кетти, «Керемет» эс алуу жайы “Кыргызнефтегаздын” акчасына салынган, буга 240 миллион акча жумшалган деп. Ушул, фактыларды тастыктоо максатында Эл депуттаттарынын Ноокен райондук Кенешинин комиссиясы азыркы убакта «Кыргызнефтегаз» ААКнун коллективинин кайрылуусун карап жатат.

«Керемет» эс алуу жайы «Кыргызнефтегаз» ААКмунун эсебинен ремонт жасалып, Исхак Пирматовдун менчигине өтүп кеткен. Ноокен районунун аймагындагы ысык суунун булактарын, санаторийге келген 7 км ысык суу келүүчү түтүктөрүн И. Пирматов мыйзамсыз менчиктештирип алган.
Элдин арасында И.Пирматов 20-30 «Кыргызмунай» автозаправкаларын Кыргызнефтегаз» ААКнун эсебинен куруп алган деп жатышат.

Ошондуктан биз ичпей-жебей таза, ак ниет иштеген азыркы жетекчиликти колдоп, ишкананын чыңалышына өз салымыбызды кошобуз. Масиров жакшы эмгектенип жатат. Мисалы, алсак жакында келген жаңы бургулоо станогу, техникалардын жаңыланышы, жумушчулардын айлыгын көбөйүшү, түзүлгөн шарттар буга далил. Баардыгыбыз ынтымакта болуп биргеликте ишкананы коргойбуз - деди Мухтар Артыкбаев.

-Андан кийин, сүйлөгөн Ноокен райондук кеңешинин депутаты Акрам Сакиев бул маселени райондук кенештин сессиясында карап чыгып, азыркы жетекчиликтин аткарган ишин жогору баалаганбыз - деп айтты. Азыркы убакта депутаттык комиссия түзүлүп, акыркы жылдары жасалган жумуштарды иликтеп жатабыз.
“Кыргызнефтегаз” республикадагы эң бир чоң ишканалардын бири. Анын жакшы, жаман иштеши региондун өнүгүшүнө өз таасирин тийгизет. Биз качанкыга чейин жогору жактан чечим кабыл алынды деп эле, унчукпастан кала беребиз. Эгерде, туура эмес чечимдер кабыл алынса, ага өз оюбузду айтып, туура сунуштарыбызды беришибиз керек. Азыр бийлик элде, баардыгын эл чечет. Ошондуктан, Кыргызстанда эки жолу эл көтөрүлүп, революциялар болду.
Патриот эр азаматтарыбыздын өмүрлөрү кыйылып, каны төгүлдү. Муну жогорку бийликтегилер ар дайым эсинде тутушу керек. Эл туура эмес коюлган маселелерге каршы чыга берет. Мен ошондуктан “Кыргызнефтегаз” ААКнун коргоо комитетин түзөлү деген сунушту айтаар элем. Антпесек бул, ишканага көз арткандар арам оюн ишке ашырууга дагы деле аракет жасашат. Буга туруштук бериш үчүн коллективдин, жетекчиликтин мүмкүнчүлүгү аздык кылат. Райондук масштабда коргоо комитетин түзүп, иш чара көрсөк - деп сөзүн жыйынтыктады.

Директорлор кеңешинин мүчөсү Канат Эрбаев жыйында чыгып сүйлөп мындай деди:
2-март күнү саат төрттөр чамасында Мамлекеттик мүлк министрлигинен телефон аркылуу чакыруу келип, бизди директорлор кеңешинин 3 мүчөсүн тез арада кезексиз директорлор кеңешинин заседаниесине келүүбүздү талап кылышты. Мен кайсы суроолор боюнча деп сурансам, эч кандан жооп айткан жок. Андан кийин, биз өзүбүздүн каналдар аркылуу маалымат алсак «Кыргызнефтегаз» ААКнун төрагалыгына Ринат Макеновду бекитип берүү боюнча отурумга чакырышыптыр.

Биз кат жүзүндө чакыруу келбегендиктен баралган жокпуз. Эртеси күнү бизге Мамлекеттик мүлк министрлигинен телефон аркылуу коркутуу боло баштады. Барбай тургандыгыбызды тастыктагандан кийин телефон аркылуу ар кандай сунуштар түштү. Бирок, биз ал сунуштарга каршы болдук - деген оюн билдирди.

Жыйында чыгып сүйлөгөндөр М.Сулайманов, Т. Анарбев , А.Токтоналиев , Т. Эсеналиев, А. Асатов , Ф. Байматова, К. Эрбаев, У. Анарбев, А. Шеримбековдор ушундай эле, маанайдагы ойлорун ортого салып, жогоруда айтылгандарды колдоп чыгышты.

Жыйынтыгында жалпы чогулуш «Кыргызнефтегаз» ААКнун коллективинин, райондун жарандарынын атынан, Кыргыз Республикасынын Президенти Р.И.Отунбаевага, Жогорку Кеңештин фракцияларына, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Ш. Атамбаевка кайрылуу кабыл алды.

Ошондой эле, Ноокен райондук кеңешинин, Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынан, «Кыргызнефтегаз» ААКнун жамаатынан, ардагерлерден жана райондун, шаардын жамааттарынын өкүлдөрүнөн турган «Кыргызнефтегаз» ААКун коргоо комитети түзүлдү.
Ал, комитет ишкананы сактап калуу боюнча ар кандай иш-аракеттерди жүргүзмөкчү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу