Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
04/03 16:30
 

Талас облусунун губернатору К. Курманалиева: Негизги максатым – элдин бийликке болгон ишенимин кайтаруу


Бишкек, 4-март. (Эмилбек Момунов – Кабар). Кыргызстандагы 2010-жылдын апрель айында болгон экинчи элдик революция башталган Талас облусунда учурда коомдук-саясый абал кандай? Жаз алдында таластыктар былтыркыдай революцияга даярданып жатышабы же жазгы талаа иштерине кам көрүп жатышабы? Төө буурчак, “Кумтөр” кени көйгөйлөрү кандай чечилүүдө? Дегеле аймагы, калкынын саны чакан болгон менен кай жагынан албайлы активдүүлүктү колдон чыгарбаган Таластын былтыркы апрель революциясынан кийин эки тизгин, бир чылбырын колго алган облус жетекчиси Койсун Аблабековна Курманалиева менен маектештик.


- Койсун Аблабековна, кыргыз чиновниктеринин арасында бир сөз бар: “Эгер республикалык деңгээлдеги жетекчи болгуң келсе Таласта аким же губернатор болуп сыноодон өт” деген. Сиз республикабыздагы жалгыз аял-губернатор катары бул сөздүн жоопкерчилигин кандай сезесиз?

- Сурооңуздун төркүнүн түшүндүм. Балким, Талас өрөөнү кыргызга Манас бабабыз, Чыңгыз агабыз жана башка далай таланттуу инсандарды берген жана турмуштун саясаттан баштап, баардык тармагына жигердүү катышкан эл катары жетекчилерден да адилеттикти, калыстыкты талап кылган жана жаңылыштыгын кечирбегендиктен улам ар кандай деңгээлдеги чиновниктер үчүн чындап эле чоң сыноо болгондуктан улам ушундай сөз айтылып калгандыр. Ал эми мен Таластын кызы катары жерден баштап, элге чейин сырын кандайдыр-бир деңгээлде түшүнөм деп ойлоймун. Өткөн жылдагы апрель революциясына чейин айыл өкмөт башчысынан облус губернаторунун орун басары кызматына чейин иштеп, жетекчи катары да такшалып калдым окшойт. Ал эми ар бир жетекчи аялзаты болобу же эркекпи, эң негизи калыс болуп, иштин көзүн билсе аны эл да колдойт деп ойлоймун.

- Бүгүнкү күндө таластыктардын негизги көйгөйү төө буурчак экендиги талашсыз. Бирок өткөн жылы парламенттик шайлоо алдында далай депутаттыкка талапкерлер төө буурчак маселесин чечебиз деген менен иш жүзүндө баары баягы бойдон калды...

- Эл ар кандай сайсый акцияларды баштан өткөрүп, эми чыныгы иштермандык менен алпурушуп жаткан кези.Туура айтасыз, көрсө шайлоо алдында берилген убадалар дайым эле иш жүзүнө аша бербейт экен. Мен облус жетекчилигине келген апрелден баштап эле чет элдик фирмалар менен байланышып, алардын келишине баардык шарттарды түзүп берүүнү убада кылганбыз. Интернет аркылуу мурдагыдай укук коргоо же кылмыштуу топтор аралашпайт деп убада берип жаттык. Тилекке каршы, республикабыздагы акыркы саясый окуяларга байланыштуу жаңы фирмалар келүүдөн чочулап, мурдагы эле фирмалар менен иштештик. Алар болсо бааны 30 сомдон (1 кг. ) ашырышкан жок. Бир гана “Агроазыктүлүк” корпорациясы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 32 сомдон алып жатты.

- Түркиянын премьер-министри Реджеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга расмий иш сапар менен келгенде да түрк ишкерлери төө буурчакты 33 сомдон сатып алары тууралуу келишим түзүлдү эле го?

- Ооба, эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусунун натыйжасында түркиялык “Тираки” фирмасы 33 сомдон сатып алуу боюнча келишим түзгөн. Бүгүнкү күндө алар менен иштешип жатабыз. Мындан тышкары Россияга да 30 сомдон сатуу боюнча сүйлөшүп жатабыз. Бирок төө буурчакты мамлекетибиз өзү түздөн-түз керектөөчүлөргө сатууну колго албаса, ортомчулардын азабын тарта беребиз.

- Койсун Аблабековна, азыр канттын баасы көтөрүлүп кетти. Талас облусунда кызылча эгүүнү да колго алуунун зарылчылыгы келип жаткан жокпу?

- Туура айтасыз, Таластын климаты кант кызылчасын өстүрүүгө да ыңгайлуу. Союздун тушунда эле таластык дыйкандар кызылча өстүрүшчү. Бирок кийин аны кайра иштетүүчү жергиликтүү заводдун жоктугунан жана башка жагдайлардан улам кызылчачылардын мээнети акталбай, экпей калышкан. Бир чети заводдор дыйкандар менен алгач түзгөн келишимин күзүндө бузуп жибериши да кедергисин тийгизген. Ал эми канттын баасы көтөрүлгөн азыркы учурда кайрадан кызылча өстүрүү зарылчылыгы жаралып отурат. Ошондуктан биз үрөн сатып алуунун үстүндө иш жүргүзүп жатабыз. Буюрса, быйыл 1030 гектар аянтка кант кызылчасын эгүүнү пландаштыруудабыз.

- Таласта көптөн бери эле кызылчаны кайра иштетүүчү завод куруу маселеси көтөрүлүп, бирок ишке ашпай келүүдө. Жергиликтүү заводдун жоктугу кайра көйгөйдү жаратпайбы?

- Биз колдон келишинче бул маселени чечүүгө аракет кылып жатабыз. Бакай-Ата районунда курулган заводдун тетиктери болгон менен 15 жылдан бери токтоп турат. Өкмөт алмашкан сайын эле колдоо көрсөтүлүп келет. Бирок улам ээси алмаша берип, азыр бул завод каржы министрлигинин карамагында турат.

- Өзүңүз жакшы билгендей, азык-түлүккө баа дүйнөлүк деңгээлде көтөрүлүүдө. Бул багытта айыл жана мал чарбалуу Талас облусунда төө буурчак менен кызылчадан башка дагы кандай азыктарды өндүрсө болот?

- Ооба, азыр нанга болгон баанын улам жогорулашы баарыбызды тынчсыздандырууда. Бул жагдай бир чети дыйкан, фермерлерге ыңгайлуу шарттарды жаратууда. Таласта буудай эгүүгө толук мүмкүнчүлүк болгон менен биз кеткен чыгым акталбагандыктан, кошуна Казакстандын Жамбыл облусунан ун сатып алып калганбыз. Бирок белгилүү жагдайлардан улам ундун баасы алардын өзүндө да көтөрүлүп, сырттан сатып алуу чыгашалуу болууда. Бүгүнкү күндө базарда 1 кг. буудай 18-19 сомго чейин жогорулашы дыйкандын чыгымын актап калды. Өткөн жылы күзүндө 10638 гектар аянтка күздүк эктик, 3079 гектарга жаздык, 1542 гектарга арпа эгели деп турабыз. Үрөн жетиштүү өлчөмдө бар.

Мындан тышкары индиялык ишкерлер тарабынан картошканы кайра иштетүүчү завод куруу боюнча келишим түзүлгөн. Индиялык ишкерлер 2 млн. 460 миң доллар суммасындагы жабдыктарды мурдагы эт комбинатынын ордуна орнотмок. Азыр 11 контейнерден турган тетиктер келди. Бирок акыркы саясый окуялардан улам убактылуу токтоп калган бул иш кайра жанданмакчы. Мал этин иштетүү боюнча да иш жүргүзүп жатабыз. Сүттү кайра иштетүү боюнча төрт сүт заводу сыр, быштак, май жана башка сүт азыктарын жасап, сыртка сатып жатат. Бул өз кезегинде айылдык дыйкан, фермерлердин кирешесин арттырууда.

- “Жерүй” алтын кенинин тегерегинде ар кандай карама-каршы пикирлер айтылууда. Деги бул заводдун кереги барбы?

- Тилекке каршы, “Жерүй” алтын кенинин лицензиясы улам бир чет элдик компанияга жашыруун сатылып, иштебей келди. Буюрса, мамлекет башчыбыз да бул ишканага көңүл бурду. Келечекте ачык тендер өтүп, элдин, Кыргызстандын пайдасына иштетилет деп ойлоймун. Эгер “Жерүй” ишке кирсе, 400 жергиликтүү адамдар жумуш менен камсыз болот экен.

- Койсун Аблабековна, таластыктар ырга, бийге гана эмес, спортко да шыктуу келет эмеспи...

- Акыркы жылдардагы кыйынчылыктарга карабастан, маданият, спорт тармагы да унутта калган жок. Былтыркы Пекин олимпиадасында эки кулунубуз медал ээси болуп, кыргыз желегин желбиреткендиги бүткүл элибиздин сыймыгы болду. Азия чемпионатында да 2 спортчубуз 2-3 орунду камсыз кылышты. Бир жылга жакын аралыкта биз жалпысынан спортко 800 миң сом жумшадык. Ал эми Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылына Болот Эральханович жеке каражатына 120 адам машыга турган спорт зал куруп берди. Азыр ал жайда үч машыктыруучу эмгектенет.

Маданият тармагында болсо, облустук китеп ордосу ачылды. Буюрса, өлкөбүздө саясый туруктуулук чыңдалса, маданият, спорт жаатында далай ийгиликтер жарала берерине ишенич чоң.

- Сиз үчүн бийлик эмне?

- Эң негизгиси ким болбо, каерде болбо адамдык касетти жоготпош керек деп ойлоймун. Чындап эле акыркы 20 жылдын аралыгында бийликтин кадыры Кыргызстанда төмөн түшүп кеткен. Эл чиновниктерге ишенбей калган. Анткени сөз менен аткарылган иш бири-бири менен дал келбей, коррупция, паракорчулук күч алышы карапайым калктын чиновниктерге карата жек көрүү сезимин калыптандырган. Мен Талас облусунун губернатору катары жумушка келгендигимдин негизги максаты - мына ушул эл менен бийликтин ортосундагы ажырымды бириктирүүгө аракет кылмакчымын.

- Сиз менен жадыраган жаз менен кошо келген аялдардын эл аралык 8-март майрамынын алдында маектешип отургандыгыбыз да жакшылыктын жышааны деп ойлоймун. Бүгүнкү коомдо Кыргызстанда аялдардын ролу, орду кандай деп ойлойсуз?

- Менимче учурда турмуштун оош-кыйыштарын аялзатынын сабырдуулугу, даанышмандыгы менен жеңип келе жатабыз. Аялдар бар үчүн дүйнө көркөм. Кыргыз аялдары эзелтен эркектер менен тең ата журттун, мекендин оор жүгүн көтөрүп, кези келген жерде жоого аттанып, а түгүл даанышмандыгы менен журт башкарууда “эки чылбыр, бир тизгинди” колго алган учурлар болгон. Улуу Баяныбыз “Манаста” кыргыз аялдарынын сулуулугу, аруулугу, кеменгерлиги, чебердиги даана сүрөттөлөт. Азыр да заманга ылайык кыргыз аялдары дал ошондой баага ээ.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу