Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
03/03 18:33
 

Чындык издегендер журналисттерге кайрылышты

Бишкек, 3-март, (Нияз Куламбаев -Кабар). Акыйкат издеген дагы бир топ “Кабар” агенттигине маалымат жыйынын уюштуруп, журналисттерге кайрылышты.
Алардын башкы максаттары: Бишкектеги “Фатихат” коомдук бирикмесинин жетекчилигинин айланасындагы таң калычтуу окуялар жөнүндө коомчулукка, эң башкысы, жогорку бийлик өкүлдөрүнө жеткирүү.
Биринчиден, жалган жалаа менен, уюштуруучулар тарабынан “Фатихат” коомдук бирикмесинин жетекчиси, 59 жашар Нарынбек Баякуновдун, өтө коркунучтуу кылмышкер катары темир тордун артына отурушу-дешет алар. “Андан дагы, медициналык кызматкерлердин текшерүүсүнөн өтүп, коркунучтуу стадиядагы оору залакалары көтөрүлүп чыкканына карабастан, шарты, мүмкүнчүлүктөрү чектелүү түрмө лазаретинде кармалуусу, бизди өтө тынчсыздандырууда”,- деп кошумчалашты.
“Учурдагы мамлекет башчысы Роза Отунбаеванын уюшкан кылмыштуулук, коррупция менен күрөшүүнү күчөтүү талабы коомчулуктун колдоосуна ээ болгону менен, ортодогу айрым мамлекеттик кызмат өкүлдөрү, баягыдай эле, өз кызыкчылыктары менен жашап жаткандыгы өкүнүчтүү”,- деп оюн бөлүштү “Фатихат” коомдук бирикмесинин башкы бухгалтери Макиль Кадырова.
“Кабар” агенттигине келип, жардамга кайрылгандар анын атайын кабарчысына эксклюзивдик маалыматтарын берүүгө макул болушту.
Татыбек Баякунов, айыпталуучу Н. Баякуновдун иниси:
- Окуя эмнеден башталганын кыскача айтып берсеңиз.
- 2005-жылы “Фатихат” коомдук бирикмеси “Кыргызстандын улуттук электр тармагынын” ЧуПЭС филиалынын Бишкек шаарындагы “Учкун” кичи районундагы толук курулуп аяктабай калган №24-үйүн 3 млн 641 миң 700 сомго сатып алган. 2009-жылы өз ара түзүлгөн келишимдердин негизинде үлүш кошумчаларын төлөгөн кооператив мүчөлөрүнүн 91 үй-бүлөсү өздүк квартираларга ээ болушкан. Бул көп кабаттуу үйдүн курулушуна мамлекет тарабынан бир тыйын каражат бөлүнгөн эмес. Жаңы тургундар үйлөрүн ээлей баштаганда, айрым курулуш прорабдарынын өз алдынча жасаган алдамчылык иштеринин аркасында, бир катар тургундар өз “укуктарын” талаша башташты. Көрсө, аларга үй алып беребиз деген жалган убадалары менен алардан прорабдар Акматов Медетбек, Бабажанов Ярмухамед жалпысынан 4,5 миллион сом акча каражаттарын алып коюшкан. Бирок, аларды касса аркалуу кириштебей өз кызыкчылыктарына жумшашканы аныкталган.
- Эмне себептен анда кылмыш жообуна алар тартылбай коомдук бирикменин негиздөөчүсү камалып отурат?
- Бизди таң калтырганы, юридикалык негизсиз, жалган жалаа менен гана караланган Н. Баякунов, бул талаш-тартыштар башталганда, тергөөчүнүн чакыруусу менен өзү келген жерден түз эле түрмөгө камакка алынганы болду. Ал эми, 2004-2005-жылдары ар түрдүү суммадагы акчаларды Акматов менен Бабажановго квартирага деп тил кат менен акчаларды бергендиги тууралуу документтер турганына карабастан, укук коргоо органдары эч кандай чара көрүшкөн эмес. Ал эми биздин баамыбызча, Н. Баякуновдун жөндөн-жөн отургузулган себеби, жанагы алдамчы прорабдардын бул курулуш боюнча финансалык ката кетирүүлөр бир нече текшерүүлөрдөн соң аныкталбай калгандан кийинки акыркы жандалбастоосунан келип чыккан деп ойлойбуз. Анткени, алар карыздарынан кантип кутулаарын билбей, өзүлөрү акчасын алган адамдарды атайын уюштурулган коркутуу оюндарына түртө алышкан. Эми Н. Жуманалиев жана А. Төрөканова дегендер “биз акчаны прорабга берип жатканда сен анын жанында отурбадың беле” деген шылтоо менен, “бизге квартира бересиң, болбосо мен ички иштер министринин жакын тууганы болом, акыры баары бир түбүңө жетем” деген аныкталбаган, жалган жалаалар менен, өздөрүнүн тергөөчүсү аркылуу ушул мыйзамсыз иштерге барышууда.
- “Кылгандын билгени бар”, дегендей, жанагы прорабдар алган айлыктарына ыраазы болбой, өз алдынча махинация жасоого барууга эмне түрттү деп ойлойсуз?
- Ооба, мүмкүн алардын ою боюнча, кооператив жетекчилери үй бөлүштүрүүдө абдан көп каражат таап жатышат деген ойдо болушса керек. Бул кадимки эле мыйзам чегинде жүргүзүлүп жаткан орто бизнестин бир түрү эле. Анын үстүнө менин агам Меккеге хаджга барып келген, кудай деп корккон, элдин алдында абийирин сактап, башкаларга да ошону үгүттөп келе жаткан, момун адамдардын бири. Ага карабастан, акыркы эле эки жылдын ичинде “Фатихат” коомдук бирикмесинин финансалык-чарбалык ишмердүүлүгү 5 жолу ар түрдүү фискалдык органдар тарабынан ар тараптуу текшерүүлөргө дуушар болду. Текшерүүлөрдүн жыйынтыктары алар каалаган натыйжаны бере албаган соң, акырында, жанагыдай арзан шантаждыкка өтүшкөн.
- Арыздануучулар тууралуу эмнелерди айта аласыз?
- Прораб Акматов Медетбек 2004-жылдан 2006-жылга чейинки аралыкта “Фатихат” КБне финансалык эсептешүүнүн негизинде 228 299 сом карыз болуп калган. Андан сырткары, өз укуктарынан аша чаап, 2 комната квартира алып берем деген убада менен Сакмаматов Тоолукбек деген адамдан 6500 доллар акча алып, өз кызыкчылыктарына жумшаган.
Прораб Бабажанов Ярмухамед да ушул сыяктуу өз укуктарынан аша чапкан иштер менен активдүү аракеттенип келгени белгилүү болду. Кассалык жасалма киреше ордерлерин колдонуп, квартира алып берем деген шылтоо менен 2004-жылы Сайпидинов Нематжандан 360 400 сом, Исманова Калбүдөн 500 АКШ долларын, 2005-жылы Тайбагарова Айнурадан 1650 АКШ долларын, Шерматов Таалайбектен 1000 АКШ долларын алып, өз керегине жумшаган. Андан сырткары, ал “Ислам фондунда” (Ильяз уулу Урмат төрагалык кылган) иштеп жүргөн убагында да жасалма документтерди колдонуу менен кылмыш иштерин жасап, ал үчүн, ал тургай, соттолуп да келгени белгилүү болду. Бизге жумушка орношкондо өзүнүн соттолгондугу тууралу албетте, жашырып койгон экен.
- Эми учурда бул иш боюнча кайсы амалдар жасалууда?
- Учурда оорукчал агам түрмөдө күнөөсүз, тергөө амалдары аяктаганча, жок дегенде, эки айдай отурууга мажбур болууда. Анын ишин карап жаткан Сверлов райондук ички иштер башкаралыгынын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Турумбекова Алия, бизге жасаган орой мамилесине караганда, аны күнөөкөр кылуу аракетинде.
- ...
Макель Кадырова, “Фатихат” коомдук бирикмесинин башкы бухгалтери:
- Көз көрүнө, ушунчалык уятсыздык менен, жалган жалаалар менен каралап, жогору жакка арыздануу менен эле бир заматта адамды камап коюу фактысынын бүгүнкү күндөгү орун алуусу, мен элес-булас билген 1936-39- репрессия жылдарды элестетет. Тууган министри менен коркутканы аз келгенсип, экинчи фронттон, кайдандыр-жайдандыр “Centeral Fsia-TV” ТРКсынын президенти, кайсы бир Камбаралиев деген чыкты бизди каралап. Анын Бишкек прокуратурасына кайрылып, баягы эле “суу кечпеген” жалган билдирүүлөрү прокуратура тарабынан текшерилип, кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу