Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
01/03 12:49
 

С. Жээнбеков: Кытайлык кыргыздар Манас бабабызга арнап 30 миллион юандык музей салабыз деп жатышат

Ош, 1-март. (Асанбек Каракозуев - Кабар). Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусуна атайын ырасмий иш-сапары менен барып келди. Губернатордун айтымында, бул иш сапар Ош облусу үчүн эле эмес, бүтүндөй Кыргызстан үчүн дагы жемиштүү болду. Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусу менен Ош облусунун ортосунда соода алаканы, бизнес чөйрөнү жана жеңил өнөр-жай, айыл-чарба тармагын өнүктүрүп, сырьелорду кайра иштетүүнү эки тараптуу колго алуу боюнча келишимдер келечекте натыйжасын бере турганын айтты. Мына ушундай жооптору менен Оштун губернатору Сооронбай Жээнбеков «Кабар» агенттигине маек курду.

-Сооронбай Шарипович, жакында Кытай Эл республикасына эмне максатта бардыңыздар? Ал жакта ким менен жолуктуңуздар?


- Бул облус менен биздин Ош облусунун илгертеден бери эле байланышта болуп келген. Биз ошол байланыштарды кайра дагы бекемдейли деп барып, Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунун жетекчилиги менен тактап айтканда, облус губернатору Фархат Турду менен жана анын орун басарлары менен тааныштык.
Биздин негизги максат – ал жактан инвестицияны Ош облусуна, дегеле Кыргызстанга тартуу болчу. Өнөр жай тармагы Кытайда аябай катуу өнүгүп жатпайбы, ошондуктан кайра иштетүү тармагы жана айыл чарба тармагы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Ал жактагы кайра иштетүүчү ишкана, мекемелердин баарын көрдүк. Абдан жакшы мекеме, ишканалар бар экен. Алардын жетекчилери менен таанышып, бизге керектүү ишканалар менен биздин дагы тийиштүү жетекчилер барып, байланыштарды түзүп келдик.

Кашкардагы сүт заводун жана пахтаны иштетүүчү үрөнчүлүк чарбасын көрдүк. Андан сырткары, ундан чыгарылуучу ар кандай макарондордун түрлөрүн жана сүттөн да жасалуучу көп убакыт сакталуучу азык-түлүктөр менен тааныштырышты.
Мен бир эле мисал айтайын, бизге мына, кышы бою жемиштер Кытайдан, Өзбекстандан келет. Ал эми бизде кышы бою жер иштетиш деген жок да, туурабы? Биздин жер иштетүүбүз ноябрда эле токтоп калат, анан жаз алдында, көпчүлүк жерлерде май, июнь айларында башталат. Ошого бизде парникти өнүктүрүү боюнча маселени көтөрүп чыктык.

Биз ушуну айыл чарбасы боюнча дагы өндүрүлгөн азык-түлүктөр менен өзүбүздү камсыз кылуу максатында парникти өнүктүрүү маселесин колго алышыбыз керек болуп турат. Эмне үчүн парник маселеси? Бул тармакта бизде көмүр жагылат, электр энергиясы коротулат, анан мунун өзүнө турган баасы өзүнө караганда бийик да, чыгымы чоң. Ал эми Кытайда болсо, күндүн нуру менен парниктерди өстүрүп, анын өзүнө турган наркы абдан төмөн, чыгымы аз болот экен. Ошондуктан аларда товарды сатууда конкуренция жаралып жатат.
Мына ушуну сүйлөштүк, биринчи алар бизге келип, бир-эки парник салып берип, достук катары, анан кийин кайра алып кете турган болушту. Ушундай парникти куруп алсак, биз рынокто конкуренцияга жол ачат элек.

-Мындан сырткары дагы кандай пландарды сүйлөштүңүздөр?


-Андан сырткары, тери иштетүүчү мини заводдорду куруу, тоо-кендери боюнча ошондой эле Кыргыз мамлекетине керектүү боло турган маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Ошто апрелдин аягында, буйруса, инвесициялык форум өткөрөбүз. Азыр Бириккен Улуттар уюму менен сүйлөштүк, бул уюмдун Борбор Азия боюнча дипломатияны өнүктүрүү боюнча атайын өкүлчүлүгү бар, ошолор акча каражатын бөлүп беребиз деп жатышат. Ошол инвесициялык форумга Кытайлыктарды дагы чакырдык, буйруса келебиз дешти. Менин ишенгеним, аларда чындыгында акча көп экен, биз алар менен иштешишибиз керек, иштешсек, сөзсүз жыйынтык болот. Бирок өзүбүздүн кызыкчылыкты биринчи кезекте эске алып туруп, иштешебиз деп жатабыз.

-Буга чейин мурдагы губернаторлор келишимдерди түзгөн жок бекен?


-Буга чейин келишимдер түзүлгөн. Мен ойлоп жатам, губернаторлор тез-тез алмашып, кийинкиси мурункунун мындай келишимдерин улантпай келгендиктен, анан саясий кырдаалдардан улам бул иштер токтоп калган го деп. Айттым го, быйыл инвесициялык форум өткөрүп, алардын бизнесмендери менен биздин бизнесмендерди жолуктуруп койсок, алар бири-бири менен келишим түзүп, ошол келишимдин негизинде иштей беришет эле. Анан эки тараптуу алакабыз мындан дагы катуу өнүгүп, токтобой кетет. Ошондо губернатор алмашабы, алмашпайбы, бизнес өзүнүн жолу менен кете бермек. Ушундай шарт түзөлү деп жатабыз.

-Терини кайра иштетүү боюнча жумуш качан башталат?


-Буйруса, тери боюнча мартын аягы, апрелдин башында келебиз дешти. Артышта 4 миллион тери иштеткен чоң завод бар экен. Айттык, биздин бизнесмендер менен аларды жолуктуралы деп жатабыз, ошол инвестициялык форумда. Алар келебиз деп айтышты. Андан сырткары, сүттү кайра иштетүү боюнча дагы долбоор менен өздөрү келебиз дешти. Анан айрыкча белгилеп кетиш керек, алар тоо-кендерине аябай катуу кызыгышат экен. Бул тармак боюнча биздин кызыкчылыктарды карап көрүп, анан кийин келишимдерди түзөбүз.

-Кытайдагы кыргыз элинин жашоо-турмушу менен Кыргызстандагы элдин жашоо шартынын айырмасы кандай экенин байкадыңыз?

-Кытай Эл республикасы ошол Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусуна абдан көп каражаттарды бөлүп жатыптыр. Азыр шаарларды сала башташыптыр, бирок жерлеринин баары таштак экен. Алар айтып жатышпайбы, силердин жериңер Кудай берген жер деп. Бир чыбыкты сайып койсо деле өсө берет дешет. Чындыгында, таштак жерлерге топуракты, кыкты ташып келип, теректерди эгип, бактарды отургузуп, гүлбак кылып алышкан. Ошол жерлерге бачокторго суу толтуруп коюшуп, ошону менен сугарып жатышат. Шарты абдан оор, бирок абдан иштерман келишет экен. Кыргыздары деле, уйгурлары деле дегеле кимиси болбосун баары тең абдан иштерман келишет экен.

Ал эми бизде, ачык айтканда, элдин жашоо-турмушу жекече алганда аларга караганда жакшы. Бизде эл бай, бирок мамлекетти көрүп жатпайсыңарбы, элде болсун деп эле келбедиби. Ал жакта мамлекет бай, бирок эли биздикиндей эмес да. Бирок, иштеш боюнча алар тим эле укмуш, аны ачык айтыш керек. Артышка чейин 250 километрди басып өттүк, баары эле таш экен да, кадимки эле сай. Ошондой жерди өздөштүрүп, жүзүм, алма, терек эгип алышыптыр. Ага мамлекети жардам берип жатыптыр.

-Кытайдагы кыргыздардын каада салттары кандай сакталып калыптыр, ошондой эле ал жактагы билим берүү тармагы тууралуу да эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алдыңыздарбы?

-Ал жерде менин сүйүнгөнүм, биздин кыргыз туугандар ата-бабаларыбыздын салттарынын, маданиятынын кээ бир жактарын бизден дагы жакшы сактап калган. Биз өзүнчө мамлекет болуп турсак дагы аларчалык сактап калган эмеспиз, аларды мен өз көзүм менен көрдүм. Кытай эл республикасынын улуулугуна дагы бир таң калганым, Артышта, облустун борборунда, чоң маданият үйү бар экен, ошол жерде кыргыздардын музейи турат. Ушул жердеги таң калганым, келээрки жылы 30 миллион юандык каражат бөлүп, Манас бабабызга арнап музей салабыз деп кыргыздар киришип жатышат. Ал эми биз Манас бабабызга музей эмес, жакшыраак эстелик кура элекпиз. Мына, биздеги мамиле. Кытайдагы ушундай музей курууга Кытай бийлиги мүмкүнчүлүк берген да. Болбосо Артышта 140 миң кыргыз бар. Ал эми ал облустун губернатору кыргыз. Анан музыка тармагында болсо, эски элдик ырларды көп сактап калыптыр, уксаң тим эле кулакка жагымдуу. Чындыгын айтканда, алар Кыргыз мамлекети үчүн күйүп, Кыргызстан өнүксө экен деп турушат экен.

Ал эми билим берүү тармагында губернатор Фархак Турду өзү баш болуп, башка бийлик өкүлдөрү бизге келе турган болду. Ошондо эки тараптуу билим берүү тармагы боюнча жана Кытайдагы кыргыз мектептерине кыргыз тилиндеги китептерди берүү боюнча дагы кенен сүйлөшөбүз деп ойлоп жатам. Аларга бизден кандай жардам керек сүйлөшөбүз, бирок аларга бизден жардамдын деле кереги жок. Каражаты бар экен, акыркы үч жылда бийлик ал жакка каражатты абдан катуу бөлүп жатыптыр.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу