Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
18/02 18:07
 

А. Газыбеков: Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы 45 жылда чоң жолду өттү

Бишкек, 18-февраль. (КАБАР). Бүгүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы 45 жылдык юбилейин белгилейт.
Ага байланыштуу “Кабар” агенттиги КР ИИМнин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Абдыхалил Газыбеков менен маек курду.

“КАБАР”: - Абдыхалил Жапарович сиз жетектеген башкармалыктын республиканын коопсуздугун камсыз кылуудагы ролу тууралуу айтып берсеңиз?


А. Газыбеков: - 2010-жылы республикада саясый кырдаал өзгөрүп, ар жерде тополоңдор болуп өттү, коомдук коопсуздук абал начарлаган. Коомдо коопсуздукту, элдин, мамлекеттин мүлкүн сактоо үчүн күзөт кызматы биро топ чоң иштерди аткарды.
Күзөт кызматына өзгөчө маанилүү обьектилер бөлүнгөн. Мындай объектерден республика боюнча 900гө жакын – суу сактагычтар, жарылуучу заттар сакталган кампалар, УТРК, телемунара, банктык тутум.
2010-жылы апрель жана июнь окуяларында биз кайтарган обьекттерге кол салуулар болду. Биздин кызматкерлер мыйзам чегинде курал колдонгонго чейин барып, баардык объекттерибизди сактап калдык.

“КАБАР”: - Күзөт кызматы Оштогу каргашалуу июнь окуяларында коопсуздукту камсыз кылууга катыштыбы?

А. Газыбеков: - Былтыр республиканын түштүгүндөгү каргашалуу июнь окуяларында ай сайын ал жакка 100дөн кызматкер жөнөтүлүп турду. ИИМдин жетекчилигинин буйругунун негизинде Бишкек жана Чүй өрөөнүндө жайгашкан бөлүмдөрүндө кызмат өтөгөндөрдүн арасынан эң биринчиден өз каалоосу менен баргандар тандалды, андан соң бир топ жыл иштеп такшалган кызматкерлер жөнөтүлгөн.
Оштогу абалды турукташтырууга, мамлекеттик мүлктү сактап калууда биздин кызматкерлердин ролун да айтып кетүү керек.

“КАБАР”: - Иштөө тутуму тууралуу айтып берсеңиз?


А. Газыбеков: - Бизге таандык болгон объектерге атайын техникалар орнотулган, мыйзамсыз кирүү болгон маалда биздин башкы түйүнгө маалымат түшөт, ал жакта отурган операторлор өз кезегинде ар бир райондо патрулда жүргөн ыкчам топко маалымат берет. Маалымат башкы түйүнгө түшкөн маалдан баштап ал жакка ыкчам топтун жетиши 3-4 мүнөттү түзөт.
Кылмышкер кармалгандан соң кыска мөөнөттүн ичинде райондук ички иштер башкармалыгына протокол түзүлүп, өткөрүлүп берилет жана бул кылмыш ишин мындан аркы иликтөө иштерине взводдун командири катышат. Биздин башкы башкармалыктагы штабдын жооптуу кызматкерлери 1- 2 ай ичинде кылмыш иши сотко өткөнгө чейин көзөмөлгө алат. Биз өзүбүз ачкан кылмыш ишибизди аягына чейин алып барабыз.

“КАБАР” : - Абдыхалил Жапарович Күзөт кызматында эмгектенгендердин билим деңгээли, турак жай менен камсыздалышы кандай?

А.Газыбеков: - Күзөт кызматында эмгектенгендердин билими, кесиптик деңгээли бүгүнкү күндүн талабына жооп берет. Биздин кызматкерлердин кызматына кылган мамилеси, өзүнүн жоопкерчилиги жагынан айырмаланышат.

Кызматкерлердин иштөө шартын гана түзүп бербестен жашоо шартын да ойлоп биринчи кезекте Баткен жана Кызыл-Кыя шаарында кызматкерлер үчүн жатакана куруу пландарыбыз бар, курулуш быйыл башталат.

Мындан тышкары Бишкек шаарында да турак жайы жок, үй-бүлөлүү кызматкерлер үчүн көп кабаттуу үй курулат. Быйыл анын долбоорун бекитсек, андан аркы иш бөлүм башчыларынан да көз каранды.

“КАБАР”: - Мамлекеттик күзөт кызматынын 45 жылдык тарыхына токтолсоңуз?

А. Газыбеков: - Кыргызстанда күзөт кызматы 1919-жылы түзүлүп кыргыз милициясынын өнүгүү тарыхы менен тыгыз байланышта. 1925-жылы Совет өкмөтүнүн курамына кирген биздин да республикада мамлекеттик мүлктү кайтаруучу куралданган күзөттөн, маанилүү мамлекеттик объектерди кайтаруу боюнча атайын аскер бөлүктөрүнөн, ведомстволук милиция жана ведомстволук кароол кызматынан турган алгачкы күзөт системасы түзүлгөн.
1966-жылдын 18-февралында СССРдин Министрлер Кеңешинин “Ички иштер органдарына караштуу ведомстволук эмес күзөт жөнүндө Жобону бекитүү боюнча ” Токтому чыккандан кийин Күзөт кызматы биротоло түзүлгөн.

Күзөт кызматын бул аралык ичинде - милициянын полковниги Эргеш Оролбаев, Мелис Бейшеев, Петр Карпов, Кубанычбек Темиркулов, Мукамбет Айтбаев, Эрмек Сатиндиев, Талантбек Исаев, Осмоналы Гуронов жетектеген.
Бүгүнкү күндө республика боюнча 36 күзөт бөлүмдөрү иштейт.

(маектешкен Махабат Момуналиева)



Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу