Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
17/02 10:03
 

А. Алымкулов: Биздин негизги максат-жаштарды колдоп, аларды көтөрүү

Бишкек, (КАБАР) Мамлекетибиздеги жаштардын көйгөйлөрүнүн бири бул- жумушсуздук. Ушундан улам Кыргызстанда жаштар арасында сырткы миграция күч алууда.
Кабарчыбыз КР Жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкуловго бир нече суроолор менен кайрылган.

-Алиясбек мырза, жаштардын көбү чет өлкөлөргө кетип жатышпайбы. Жаштар иштери боюнча министирлик кандай иш-чараларды көрүүдө?

-Эми, жаштар коңшу өлкөлөргө кетип жатат деп көп кейий бергендин кажети жок. Алардын кетпешине шарт түзүү керек, ошондо гана сырткы миграция басаңдашы мүмкүн. Ал эми, Жаштар иштери боюнча министирлиги бүгүнкү күндө жаштар үчүн иштеп, алардын өлкөдөн чыгып кетүүсүнө кичине болсо да таасирин тийгизип, майда жана пайдалуу жумуштарга үгүттөп жатат.
Мисалы былтыр “Сенин колунда!” деп аталган маалымат турдун алкагында Ысык-Көл областында жашаган жаштар арасында сурамжылоо жана түшүндүрүү иштери өткөрүлгөн. Быйыл дагы февраль айында Жалал-Абад облустунда “Жаркын келечек-сенин жоопкерчилигин” деп аталган долбоору, мамлекетибиздин эмгек ишке орноштуруу жана миграция министрлиги менен эл аралык бирикмелер, коомчулуктардын каржылоосу менен ишке ашуу босогосунда турат. Анткени жумушсуздуктун келип чыкканынын дагы бир себеби көп учурда саналуу кесиптин түрлөрүнө көптөгөн кадрлар даярдалып, ал эми эң эле жөнөкөй, бирок турмуш тиричилигинде керектүү инженер, электрик жана ушул сыяктуу кесиптердин ээлери бүгүнкү күндө аз кездешет. Ошол себептен жаштарга айтаар элек, кесипти абдан жоопкерчилик менен тандоо керек.

-Министирлик түзүлгөн убактан бери жаштардын кандай маселелери чечилди?

-Албетте жаштардын көйгөйлөрү бүгүнкү күндө арбын. Анткени көп жылдан бери жетишээрлик деңгээлде чечилбей жана каралбай келген. Ошол себептен биз атайы жумушчу топ түзүп, мамлекетибиздин баардык аймактарында жашаган жаштар менен жолугушуп, алардын көйгөлөрүн жана сунуштарын эске алдык. Мунун негизинде министрликтин стратегиясын иштеп чыгып, жаны түзүлгөн өкмөт жана Парламент алдында сунуштаганы турабыз. Анткени, мамлекеттик денгээлде конкреттуу жана масштабдуу иш жүргүзүү үчүн мыйзам чегинде укукка ээ болушубуз керек. Бирок, буга карбастан министрлик түзүлгөн күндөн тартып бир нече иш- чараларды жүргүзүп келди. Анын ичинен эн негизгисин белгилей өтсөм, Эгемендуу Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу “Кыргызстандык жаштар” конгресси болуп өттү. Бул иш-чаранын алкагында өлкөбүздүн баардык аймактарынын жаштары, окуу жайлардын студенттери, бирикмелердин лидерлери чогулуп өлкө башчыбыздын жана министерлердин алдында аймактык көйгөйлөрдү жана сунуштарды айтып өтүштү. Мындай жолугушуу мыйзам алкагында бекитилген бирок буга чейин эч өткөрүлгөн эмес.

-Сиз жетектеген министрликтеги жооптуу кызматтардын бардыгына кадрлар алындыбы?

-Жаштардын мамлекеттик кызматка кирүүсү чынында кыйынга тургандыгын байкап жатабыз. Анткени Мамлекеттик кадрлар кызматы тарабынан коюлган талаптар таланттуу, бирок тажрыйбасы аз жаштардын жумушка кабыл алынуусуна тоскоолдуктарды жаратууда. Ошол себептен бүгүнкү күндө жетишээрлик штатыбыз толуктала элек жана биз бул мыйзамга өзүбүздүн сунуштарыбызды киргизүү демилгесин даярдап жатабыз. Анткени биздин министрлик тааныш же коррупциянын негизинде жумушка албай, адамдын профессионалдуу жана жеке сапаттарына ылайык кабыл алат.

-Мындан ары жаштар үчүн кандай кызыктуу долбоорлор же иш-чаралар уюштурулмакчы?

-Азыркы убакта, “Кыргызалтын” акционердик коомдун президенти О. Артыкбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, кудай буюрса жаштарга жумуш орундар бериле турган болду. Биздин учурда көрүп жаткан иш-чарабыз бул-жаштар үйү, эмне үчүн жаштар үйү? Себеби ал жерге көптөгөн жаштар чогулат, ар кандай кызыктуу ойлор пайда болот. Биргелешип долбоорлоду иштеп чыгышат жана ошондой эле, кичи кредит жөнүндө көптөгөн донорлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Бул иштердин баары жаштар үчүн. Бул долбоордо жаштардын бизнес жасоосуна, кесиптик-техникалык билим алуусуна шарт түзүлүп, гранттар берилет. Биздин негизги максат жаштарды колдоп, аларды көтөрүү. (маектешкен Г. Касымкулова)


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу