Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
14/02 11:58
 

А. Власов: Кыргызстандын коомдук жана саясый турмушуна катышкандардын бардыгы биригиши зарыл-деп ойлоймун

Бишкек,14-февраль(КАБАР). Кийинки бир нече жылдын ичинде Кыргызстан дүйнөлүк шериктештиктин көңүлүнүн борборунда турат. Эксперттер менен саясатчылар өлкөнүн проблемасын активдүү талкулоодо. 17-февралда Бишкекте Россиянын белгилүү саясатчысы А. Власовдун кыргыз кесиптештери менен жолугушуусу өтөт. Анын учурунда Кыргызстандагы абал талкууланмакчы.
Алексей Викторович Власов жакынкы чет өлкөлөрдүн тарых кафедрасынын башчысын, М. В. Ломоносов атындагы ММУ тарых факултетинин деканынын орун басары.


-Алексей Викторович Бишкекке барышыңыздын максаты жөнүндө айтып берсеңиз?


-Бишкекте мен өз кесиптештерим менен жолугушам жана биздин кызматташтыктын учурдагы маселелерин талкуулайбыз. Кыргызстандагы жагдай али бир жактуу эмес. Ошондуктан бизге жерине барып таанышуу маанилүү. Ошондой эле билим берүү интеграциасы маселелерин талкуулайбыз. Биз Россиядан жогорку билим алууга Кыргызстандыктарга мүмкүнчүлүк берген долбоор боюнча иштеп жатабыз.

-Силердин ЖОЖдо канча Кыргызстандыктар билим алууда?

-Бизде 30га жакын студент окуп жатат. Жалпысынан Россиянын башка ЖОЖдорунда көп студенттер окуйт. Россиянын МГУсуна Кыргызстандын жаштары үчүн кирүүгө, окуусун улантууга жана квалификациасын жогорлатууга жакшы мүмкүнчүлүктөр берилген. Биздин өлкөлөрдүн кызматташтыгынын гуманитардык базасы алда канча келечектүү.

-Мындан бир нече жыл мурда Кыргызстан менен Россиянын ортосунда кош жарандуулукту киргизүү маселеси талкууланган эле. Бул канчалык реалдуу жана натыйжасы кандай болушу мүмкүн?

-Ооба, чынында эле мындай тема көтөрүлгөн болучу. Мен бул толук ишке ашырыла турган долбоор деп ойлоймун. Бул биздин өлкөлөрдүн кызматташтык өрүшүн кеңейтет. Мындан тышкары бул эмгек мигранттары үчүн укуктук базаны түзөт.

-Сиздин пикириңиз боюнча элчиликтин жана диаспора уюмдарынын мигранттарды колдошунун натыйжалуулугу кандай?

-Элчиликтин ишине Кыргызстандын жарандары өздөрү баа берүүгө тийиш. Улуттук диаспора уюмдары биригиши керек. Алар өз бетинче аракеттенет, албетте бул миграция проблемасына таасир тийгизүүдө.

-Сиз Кыргызстандагы саясый жагдайга кандай баа бересиз?


-Мен сырттан байкоочумун жана так кесе пикир айта албаймын. Бизге сапаттык бааны кыргыз кесиптештерибиз беришет. Алгачкы булак катары алардын берген баасы кыйла маанилүү.

-Ушул жылдын декабрына президентти шайлоо белгиленген. Сиздин божомолуңуз кандай?


-Өлкөнүн саясый көрүнүшү көп жагынан али айкын эмес. Саясый ачык лидер дагы эле ачык көрүнгөн жок жана өлкөнүн кызыкчылыгынын багыты аныкталбады. Бул көбүнчө тышкы саясатка да байланыштуу. Парламентке шайлоонун учурунда талапкерлердин жүрүш-турушу саясый элитаны калыптандырууда Кремлдин колдоосу олуттуу роль ойной тургандыгын көрсөттү. Кээ бирөөлөр анын колдоосун алууга аракеттеништи. Өзүнүн президенттик амбициясы жөнүндө али да эч ким билдирбегендиктен улам кандайдыр бир божомолдорду айтуу дагы эле эртелик кылат.

Маяектешкен Айдана Абдуваитова
«kginfo.ru» Москва. (Т. Мамбеткулов).

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу