Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
10/02 12:47
 

2010-жылы июнь коогалаңында УӨ Жалал-Абад шаарына бөлгөн акча кайда жумшалган?

Бишкек, 10-февраль. (КАБАР). Ош, Жалал-Абад облустарындагы өткөн жылдагы июнь окуясына байланыштуу жергиликтүү бийликтин аракети, алар сарпталган каражаттар тууралуу коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда. Ошол окуянын күбөсү Жалал-Абад шаарынын 1-вице мэри Абдималик Элемановду маекке тарттык.

-Абдималик Исмаилович, апрель окуясынан кийин шаарды жаңы бийлик колуна алган. Сиз бул кызматка кандай жол менен келип калдыңыз?


- Жаңы бийликтин алмашуусуна мен Баткен шаарында күбө болдум. Ал кезде Баткен аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча башкармалыктын жетекчиси кызматында иштеп жаткамын. Ошол кезде Жалал-Абад шарында саясый абал өтө курч болуп, шаарда жаңы бийликтин өкүлдөрүнө ар тараптан кысым болуп турганда жардам берүү максатында кызматка аралашып калдым.

- Сиз шаардын кайсы тармагын тейлейсиз, дегеле сиз келгенден бери шаарда кандай иштер жасалды?

- Азыркы күндө мен айыл чарба менен өндүрүштү, соода жана транспорт, курулуш, финансы экономикалык тармакты тейлейм. Чындыкты айтыш керек, бул тармактарда мурда иштебегендиктен ишибиз дароо эле шыр жүрүп кеткен жок, анын үстүнө тез-тез эле бийликти басып алуу, жаратылыш кырсыктары, этникалык кагылыш, андан кийинки референдум, шайлоолор көп убактыбызды алып, шаарыбыздын социалык-экономикалык өнүгүшүнө, гүлдөп өсүшүнө салымбыз биз каалагандай болбоду. Кээ күндөрү күн-түн кабинетте жатып иштөөгө туура келди. Кээ бир шаарга караган коммуналдык кызматтардын жетекчилери атайы саботаж кылуу, иш таштоолор менен эл арасында жаңы бийликке атайын нааразылыктарды пайда кылып жатты. Жыйынтыгында жогорудагы оор кырдаалга карабастан шаарда бардык көрсөткүчтөрдү 2009-жылдан кем кылбастан, толугу менен аткарууга жетиштик, киреше бөлүгү 26 млн. сомго ашыкча жыйналды. Эң негизгиси - Президентибиз тарабынан коюлган агрессияны токтотуу жана шаарда бейпилдикти камсыз кылуу талабын аткара алдык.

- Сиздерди мурунку режимди сындап, кулатып ордуна келгенден кийин таза иштеген жок деп жатышат?

- Биз кызматта отургандан кийин ачык, таза иштөөгө милдеттүүбүз. Анткени бардык кызматта отурган адамды ушул карапайым элибиз багып жатат. Ошондуктан сындоого, талап коюуга укуктуу. Анан биздин кызматыбызга эл өзүнүн баасын берип жатат, мага кайрылган шаар тургундарынын көйгөйлөрүн толук чечип бердим деп айта аламын.

- Негедир апрель, май, июнь окуяларынын тегерегинде маалымат согушу журуп жаткандай сезилет. Бул эмне акыйкатты издөөбү же кызмат талашуубу? Ошол учурда чын эле кырдаал оор беле? Окуялардын алдын алууда мэрия эмне иш кылган?

- Бул окуялардын келип чыгышынын бирден бир себеби - бийлик үчүн болгон күрөш, башкача айтканда ак менен каранын кыргыз элибиздин келечеги үчүн болгон таймашы жана мамлекетибиздин демократиянын алкагында өнүгүп бара жатканына ичи күйүп жаткан, бийликке умтулган адамдардын аракети болду.

Жогоруда белгилеп кеткендей, Жалал-Абад шаарында да саясый абал оор болуп, ал гана эмес Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн жок болуу коркунучунда турганын, бийлик үчүн элин да садага чаба турган азаматтарыбыз пайда боло калганына өзүңүз деле күбө болдуңуз. Ал эми коогалаңдын алдын алуу боюнча ар бир лидермин дегендер менен сүйлөшүүлөрдү, ынтымакка чакыруу боюнча иш- чаралар ар жерде, мекемелерде, мечиттерде, шаардын чет жакаларында жүргүзүлүп, ошону менен эле коопсуздук чараларын көрө алдык. Тилекке каршы, шаарыбыздын материалдык-техникалык базасы, жаратылыш кырсыктарына жана коогалаң болгон учурда ыкчам талапка жооп бербейт экен. Ошондой эле ыкчам мобилизациялык иш пландар дагы кагаз бетинде эле калыптыр. Элди нан азык менен камсыз кылууда муниципалдык базар, нан бышыруучу цехтер, муниципалдык транспорттук авто каражаттарынын жоктугу көп кыйынчылыктарды туудурду.

-Бакиев жана анын жакындарына тиешелүү деген акчаларды кимге канча бергендиги тууралуу мурдагы Убактылуу Өкмөттүн каржы министри Темир Сариевдин маалыматынан кийин ошол каражаттарды кимдер, кантип пайдаланды деген суроо коомчулуктун бүйүрүн кызытууда. Жалал-Абад шаарына 100 миң доллар бөлүнгөн экен. Ал акчаларды кантип алып, кандай максатта пайдалангансыздар? Ачык, туура маалымат берсеңиздер?

- Чындыгында шаарга берилген акча каражаты Убактылүү Өкмөттүн 13.05.2010-жылдагы 341-буйругунун негизинде 12.06.2010-жылдагы 441 акт менен Жалал-Абад шаарына «жашыруун кызматтык сыр» -деген аталышта РСК банкына шаардык аймактык 2-казына бөлүмүнүн башчысы Зинатхан Арзыматованын наамына жөнөтүлүп, кечки саат бештер чамасында алынган. Өзүңүзгө белгилүү болгондой, Жалал-Абад шаарында 2010-жылы эки жолу 19-майда жана 12-июнда этникалык кагылыш болгон. 12-июнь күнү саат 12де Жалал-Абад шаарында башталган, ал убакка чейин биз жана шаардагы мамлекеттик кызматчылар болуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жүргөнбүз. Шаарга коменданттык саат киргизилгенден кийин шаарга келген 1000ге жакын күч органдарын тамак-аш, автотранспорт, күйүүчү май жана жатакана менен камсыз кылуу жергиликтүү бийликке жүктөлгөн. Ошол мезгилде базар, нан жабуучу жана май куйуучу жайлар иштебей калган. Ошону менен бирге шаарда калган 50 миңге жакын шаардын тургундары, ооруканаларда, балдар үйлөрүндө, кары-картаң майыптарды тамак-аш менен камсыз кылууга жогоруда акча каражат менен колго алдык. Элдик кошундарды уюштуруу аларга тапшырмаларды берүү жана аларды камсыз кылуу жүргүзүлүп жатты.

Мындан сырткары , эки бусик «мерседес-бенц» автомашинасын сатып алууга 20 миң доллар жумшалган. Коомдук абалды жөнгө салуу максатында калган 30 миң доллар 743 миң сом сарпталган.

Бөлүнгөн каражаттардын 1 млн. 413 миң сому облустук ИИБ тарабынан каржы-чарба бөлүмүнүн башчысы Абдыкапар Маткасымов тарабынан сарпталган. Жалал-Абад автобекетинин жетекчиси Азамат Эшматовго 90 миң сом акча каражаты шаарга Бишкектен келген элдик кошундарды жөнөтүү үчүн жумшалган. Шаардагы мамлекеттик жана чарбалык ишкана, мекемелердин ишин жандандырууга жана ысык тамак уюштурууга 39 миң сом, автомашиналарды ижарага алып, күч органдарын камсыз кылууга 40 миң 700 сом мен тараптан уюштурулду.

Азыр эми ал күндөр түш сыяктуу сезилет. 12-июнь саат 14-00дөн кийин кол телефонум үч күн күнү-түнү тынбады, кансыраган, ач калган, жабыр тарткан элибиз жардам сурап кайрылып жатты. Ошондой кезде өзүн ойлогон же ошол акчадан бир пайда табайын деген адамдын кудайдан үмүтү жок.

Ушул эле күнү борбордук ооруканадан кабар беришип, суу скважинасы иштен чыккандыгынан ооруканада операциядан кийин кол жууганы суу жок болуп, дарыгерлер менен ооруулуу адамдар тамак-ашсыз калды деп кайрылгандыктан, шаардын мэри М. Женбеков экөөбүз 20 литрдик суу куюулуучу идиштерге суу куюп жана тамак-ашты өзүбүз өмүрүбүздү тобокелчиликке салып кызматтык автомашинада ташып берип жаттык. Ошол мезгилде айланабызда тынымсыз атышуу болуп турду. Мен өзүм ач, ток экенимди билбей, ал турсун тамактын даамын сезбей калдым. 15-июнь күнү М.Женбековду жолдон бир адам суу бере коюп, отравление кылып ооруканага алып барып врач Жаныбек Карабаевге дарылатып, ал эми өзүмүн кан басымымды текшертсем 180ге чыгып кетиптир, дары ичип, укол алып кайра кызматыбызды уланттык. Бул биздин үчүнчү уйкусуз түнүбүз болчу. Дагы бир кызматкерибиз Бегимкулов Мурат күн-түнү май куючу жайда отуруп, үйү өрттөнүп кетип үйсүз калды. Ошону менен бирге базарды иштетүүгө шаардык автотранспорт каттамдарын жандандырууга, нан бышыруучу навайканаларды күн-түнү иштетүүгө шаардагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын ишин жандандырууга кызматчыларга ысык тамак уюштуруп, эки эселенген айлык акы төлөп берүүгө акча каражаттары жумшалып жатты. Жыйынтыгында аз да болсо жогорудагы иштер жандана баштады.

- Сиздер тарабынан алынган каражаттардын пайдалануусуна шектенген көз караштар бар. Каражаттарды пайдалануу комиссия аркылуу макулдашылып бөлүнгөнбү? Бөлүнгөн каражаттар тууралуу эмне үчүн азыр айтылып, талкууланып жатат? Мурда эмне үчүн айтылган эмес.

- Биздин эл мурунку эки бийликтен көңүлү калып, бийликте отурган адам жегич болуп көрүнүп калгандыгы жашыруун эмес, азыркы бийликтен да шектенүү дале бар. Элдин мындай көз карашын аз убакта өзгөртүп жиберуу кыйын экен, таза иштеп, аракет кылып, жаңы бийликтин жүзүн көрсөтүүгө убакыт келет.

Акча каражаты жашыруун сыр болуп берилип жатса дагы комиссия түзүү, комиссияны топтоо жана алардын макулдугун алуу тез арада чечүүгө жардам берет беле? Азыркы сындаган кайра-кайра текшерүү жүргүзгөн адамдар ошол мезгилдеги согушту эске албагандыгы жана ошол оор мезгилде элибиздин жүгүн көтөрө албадым деп тынчсыздангандын ордуна жумурткадан кыр издеп, ошол акча каражатын бөлүштүрүүгө катышпай калдым, комиссия болсо катышып калат белем эле деген бүдөмүк ойлору өкүндүрөт.

- Сиздерди курал менен жүргөн дешет...

-Биз адегенде жөн эле жүргөнбүз. 12-июндан 16-июнга чейин ички аскерлерден бронежилет сурап кийип жүрдүк.

- Июнь айынан кийин жабыр тарткандарга жардам берип, шаарды калыбына келтирүүдө Убактылуу Өкмот тарабынан 10 млн сом бөлүнүп, алардын 7 млн 379 миң 652 сомун шаардын мэри М. Женбеков өзүнүн буйруктары менен максатсыз пайдаланды деген маалыматты эсептөө палатасынын текшерүүчүлөрү таратты. Чын эле ушундайбы? Ал кайсы каражаттар, кандай максатта жумшалган?

- Мамлекеттик бийлик бутактарында иштеген адамдар ошол эле бийликте отурган саясый кызматты ээлеген адамдар туурасында жорудагыдай маалыматтарды тарата берсе эл арасында ушундай терс ой-пикирлер жарала берет. Убактылуу Өкмөттүн №465 15-июнь 2010-жылдагы буйругу менен Убактылуу Өкмөтүн фондунан 10 млн акча каражаты шаардын бюджетине «Түзүлгөн өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу Жалал-Абад шаарынын тургундарына азык-түлүк товарлары менен өз убагында камсыздоо максатында» бөлүнгөн. Кыргыз Республикасынын түштүк аймагы боюнча инспектор А.Түркбаев Жалал-Абад облустук финансы башкармалыгынын тергөөчүсүнүн токтому боюнча текшерип, 7 млн 379 миң 652 сом максатсыз колдонулгандыгын көрсөткөн. Бирок Жалал-Абад шаардык кеңешинин сессиясы тарабынан 9 млн 100 сомго чыгымдалуучу смета бекитилип берилген. Жалал-Абад шаарына гумманитардык жардам келип, базар иштей баштагандыктан, азык-түлүктү кошумча сатып алуу токтотулган. Ошол эле убакта көчөлөрдөгү баррикадалардан тазалоо, калкты электр энергия, суу, газ менен камсыз кылууга ошол эле укук коргоо органдарына (ИИБ, прокуратура, финполиция)кошумча акча каражатын бөлүп берүүгө, ЖТРдин жана мекеме ишканалардын ишин жандандыруу ошол учурдун талабы эле. Бир гана максатыбыз - шаардагы бейпилдикти тез арада калыбына келтирүү, элдин коопсуздугун камсыздоо, жарадар болуп өлгөндөргө жана жабыр тарткандарга жардам берүү болду. Юридикалык жактан туура болбосо да саясый туура чечимдер болгон.

- Мэриянын финансы бөлүмүнүн башчысы И. Сарманов мыйзам бузуучулук болуп жатат деп кайрылган экен, эмне үчүн эске албадыңар?

- И. Сарманов мага мыйзам бузуучулук болуп жатат деп айткан эмес жана андай мазмундагы каты да катталган эмес. Ошол 10 млн сомдун ичинен 2 млн сом акча каражатын жылуулук менен камсыздоо мекемесине бөлүү боюнча буйруктун долбоорун даярдап, мага кирген экен, мен “шаардын абалы ушундай болуп турган убакта жылуулук менен камсыздоо мекемесине бөлүп берүүнүн кереги жок” деп каршылыгымды билдирип кол койгон эмесмин.

-Эмне үчүн 1 млн сомду райондорго бөлгөнсүздөр? Ал каражат кимге, эмне үчүн берилген? Мэрдин райондорго каражат берүүгө укугу бар беле? Ал каражаттардын айрым суммаларынын баш-аягы табылбай жатат деген текшерүүчүлөрдүн маалыматына эмне деп жооп бересиз?

- 1 млн сом акча каражатын бөлүүгө облустук мамлекеттик администрациясынын буйругу чыккан. Референдум өткөрүү мезгилинде айрым күчтөр ошол референдум өтпөй калышына аракеттерди жана ачык үгүттөөлөрдү жүргүзүп, дагы этникалык аралык кагылышты уюштуруу иштери тымызын жүргүзүлүп жаткан. Ошондуктан жер-жерлерде элдик кошундарды уюштуруп, аларга ысык тамак, күйүүчү майлар жана автонуаалар менен камсыз кылуу жергиликтүү бийликтерге жүктөлгөн. Ал акча каражаттары Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондоруна келишимдин негизинде гана берилген жана кайтарып берүү боюнча соттун чечими бар, бир тыйынына чейин кайра шаардык казынага түшөт.

- Коогалаңды изилдөө боюнча ар түрдүү комиссиялардын ар кандай жыйынтыктары боюнча ошол жерде болгон адам катары оюнуз кандай? Жыйынтыгында Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн күнөөлөп жатышат?

- Менин бир гана айтайын дегеним чындык, факт бул өжөр нерсе, аны канчалык бурмаласаң дагы убакыт жана тарых өз ордуна коет. Ошондуктан азыр канчалык оор болсо дагы биз туура баа берип, туура жыйынтык чыгаруубуз керек. Ошондо гана элибиздин убалына калбайбыз жана балдарыбыздын астында жүзүбүз жарык болот. Азыр мамлекетибиз оорулуу адамдай, башы ооруп атса туура эмес диагноз коюп, жүрөгү ооруп атат деп дарылай баштасак мамлекетебизге гана залалы тиет.
-Жалал-Абад шаарынын мэри М. Женбековдун ишмердүүлүгүнө кандай баа берет элеңиз жанында жүргөн адам катары?

- Женбеков Максат Беккелдиевичке эл баасын берсин, шаарыбыздын элинин башына түшкөн оор кырдаалда иштиктүү аракеттерин көрдүм, азыркы күндө бүткөн ишке сынчы көп дегендей, бүгүн шаарда тынчтык болуп, өнүгө баштаганы бул факт. Ошондуктан шаарыбыздын тарыхта баары бир өз орду болот.

-Өзүңүз жөнүндө эмне дей аласыз?

- Менин Аллаага ыраазы болгонум күч - кубат берип, ошол оор күндөрдө элибиз үчүн кызмат кыла алганыма ичимден канааттанам.

-Келечек боюнча оюңуз кандай?

- Кыргыз элибиздин келечеги кең, кылымдар бою эңсеген эркиндикке жетип, өзүнчө демократиянын жолун түптөп алга баратабыз. Ар бир жетекчи өзүнүн кызыкчылыгын, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгынан кийин койсо эле, эл да мамлекет да, өзү ток болуп, бар болуп, өсүп - өнүгө берет жана биз кыргызстандыкбыз деп сыймыктана турган күндөр да алыс эмес.


Маектешкен Эмилбек Момунов(КАБАР)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу