Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
08/02 11:43
 

Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Манучехр Моради: Жаңы өкмөткө жардам берип, колдоо көрсөтсө жакшы ийгиликтер жаралат

2010-жыл Кыргызстан үчүн өтө оор болгон менен мамлекетибиздин тышкы саясатында бир топ ийгиликтер жаралып, дипломатиялык байланыштар чыңдалды. Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Манучехр Моттаки мырза баштаган делегациянын 5-ноябрда Кыргызстанга келип, мамлекет башчыбыз Роза Отунбаеванын кабыл алуусунда болушун жана КР Президентинин Аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев жетектеген кыргызстандык делегациянын 20-21-ноябрь күндөрү Иран Ислам Республикасында иш сапар менен болуп, Президент Махмуд Ахмединеджад менен жолугушуулары буга айкын мисал. Дегеле Азия чөлкөмүндөгү бай тарыхы бар мамлекеттин Кыргызстан менен учурдагы саясый, экономикалык кызматташтыгы кандай деңгээлде? Биз ушул жана башка суроолорго жооп алуу үчүн Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Манучехар Моради мырза менен маектештик.

- Моради мырза, Кыргызстан менен Иран Ислам Республикасынын бүгүнкү күндөгү саясый, экономикалык жактан кызматташтыгы кандай деңгээлде?

- Бисмиллахир-рахманир-рахим. Бактыга жараша биздин эки мамлекеттин ортосундагы саясый жана экономикалык карым-катнаш жогорку деңгээлде. Албетте, Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгон 1991-жылдан баштап байыртадан тарыхы, дини, маданияты бир өлкө катары Иран Ислам Республикасы менен Кыргызстандын баардык тармактар боюнча байланышы жаңы нукка түштү. Биздин ортобузда эч качан пикир келишпестиктер жана түшүнбөстүктөр да жок экендигин белгилеп койгум келет. Ошону менен бирге эле былтыркы сиздердин өлкөдө болуп өткөн апрель окуяларына чейин эки мамлекеттин ортосундагы мамиле канааттандырарлык деңгээлде болбой, бар мүмкүнчүлүктөр толук колдонулган эмес.

Учурдан пайдаланып белгилеп кетүү керек, 2010 - жылы сиздердин өлкөдө болуп өткөн апрель окуяларынын учурунда биз да Кыргызстанда стабилдүүлүк жана бейпилдик орношуна салым кошууга аракет кылдык. Ошол эле учурда кырдаалга байланыштуу белгилүү себептерден улам экономикалык байланыш убактылуу басаңдай түшкөн менен саясый мамиле кайра жанданды деп айтсам жаңылыштык болбойт. Ушул кыска аралыкта бир катар жогорку деңгээлдеги мамлекеттик кызматташуу маселелерине байланышкан сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, сапарлар жасалды. Мисалы, 5-ноябрда Иран Ислам Республикасынын мурдагы Тышкы иштер министри Манучехр Моттаки мырза баштаган делегациянын Бишкекке келип, Президент Роза Отунбаева айымдын кабыл алуусунда болушун жана 20-21-ноябрь күндөрү КР Президентинин Администрация башчысы Эмилбек Каптагаев мырзанын Иранга расмий иш сапар жасап, Президент Махмуд Ахмадинеджад мырза менен жолугушууларын айтсак болот. Акыркы ирет Экономикалык Кызматташтык Уюмунун Стамбулда өткөн саммитинде эки мамлекеттердин президенттери жогорку деңгээлде жолугушуп, бир катар тармактар боюнча кызматташтыкты жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Тили башка болгон менен дили, дини бир элдердин соода, экономикалык байланыштары 50-60 миллион доллар деңгээлинде болушу жетишсиз деп ойлоймун.

Буга байланыштуу түшүндүрмө берип өтөйүн. Эң негизги себеп, мурун экономикалык карым-катнаш жогорку бийликтин тышкы саясатына байланыштуу болуп келген. Мындан сырткары соода, экономикалык карым-катнашты кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө тиешелүү инфраструктуралар түзүлө элек. Албетте, ирандык ишкерлер үчүн эң оболу тиешелүү шарттар керек. Биринчиден, салык, ар кандай төлөмдөр жогору экендиги сыяктуу тоскоолдук жараткан жагдайлар бар. Экинчиден, Кыргызстанда Иран банкынын жоктугу да эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык байланыштарга терс таасирин тийгизүүдө.

Албетте, Кыргызстанда жаңы өкмөттүн түзүлүшү менен мындай маселелерди чечүүгө биргелешип көңүл буруп, кыйынчылыктарды жоюуга тиешелүү шарттар түзүлөт деген ишеничтебиз. Ирандын техникалык жана инженердик мүмкүнчүлүктөрүн жана жаңы технологиялардын жогорку деңгээлде өнүккөндүгүн эске алсак, келечекте ири долбоорлорду биргелешип ишке ашыра алабыз деген үмүт бар.

- Иран Ислам Республикасы газ, мунай кендери боюнча дүйнөдө алдыңкы орундарда турса, Кыргызстан бул табигый кен байлыктарды башка өлкөлөрдөн кымбат сатып алып келет. Бул жагдайда биздин мамлекеттердин соода-сатык жүргүзүү мүмкүнчүлүгү барбы?

- Мунай, газды Сиздер адаттагыдай эле Россия, Казакстан, Өзбекстандан сатып алып жатасыздар. Бирок биз бул тармакта да кызматташуу боюнча кыргыз бийлигине өз кезегинде сунуштарды бергенбиз. Өзүңүз баса белгилегендей, Иран Ислам Республикасы газ, мунай байлыктарынын кору боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлегендиктен жана транспорттук мүмкүнчүлүктөрү болгондуктан, бүгүнкү күндө сиздер үчүн өтө көйгөйлүү болгон маселе боюнча жардам бере алат эле.

- Кыргызстанда ирандык ишкерлер барбы жана алар эмне менен иш жүргүзүшөт? Ошол эле учурда кыргызстандык ишкерлер үчүн Иран менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк барбы?

- Азыркы учурда Кыргызстанда 100дөн ашык ирандык компаниялар ачылып, ар кайсы тармактарда иш жүргүзүп келишет. Негизинен бул ишканалар соода, экономикалык ишкердүүлүк менен алектенишет. Айрымдары чийки заттарды ташып келип, товар жасап чыгарышса, дагы бирөөлөрү даяр товарларды ташып келип сатышат. Кыргызстандан Иранга көбүнчө эт жана айыл чарба продукциялары экспорттолот. Саясый кырдаалга карабастан, өткөн жыл эт азыктарын экспорттоо жылы болду десек болот.

Ошол эле учурда кыргызстандык бизнесмендер үчүн Иранда иштөөгө ыңгайлуу шарттар бар. Эгерде ишкерлер тарабынан кандайдыр бир сунуштар болсо, биз аларга жардам берүүгө дайым даярбыз. Мындан бир нече жума мурда эле Иран Ислам Республикасы менен кызматташууга даярдыгын билдирген кыргызстандык бизнесмендерди Иранга жөнөттүк. Алар Тегеранда, Бендер-Аббас портунда болушту. Кызыкдар тараптар менен жолугушууларды өткөрүштү.

- Сиз Кыргызстан менен өз өлкөңүздүн айыл жана мал чарбасы тармагындагы соода-экономикалык кызматташтыгын кандай элестетесиз?

- Сыягы, бул сурооңузга жогоруда бир аз жооп берип өттүм окшойт. Кыргызстанда айыл жана мал чарбасы өнүккөндүктөн жана бул тармакка ыңгайлуу болгондуктан, ирандык ишкерлер өздөрүнө ыңгайлуу болуп эсептелген эт азыктарын, тоютту жана башка товарларды Иранга экспорттошот. Элчиликке көптөгөн ирандык ишкерлер эгер Кыргызстан тарап даяр болсо, мал жана айыл чарба тармагында биргелешкен комплекстерди, ишканаларды ачуу сунушу менен кайрылышат. Эгер кыргыз өкмөтү ишкерлерге жакшы шарттарды, коопсуздукту камсыздап, төлөмдөрү боюнча жеңилдиктерди түзүп берсе, биз эки тараптуу экономикалык ийгиликтердин күбөсү болобуз деп ишенем.

- Мен жакында жеке өзүм Иранга барганымда Сиздин өлкөңүз акыркы он жылдын аралыгында экономикалык жактан дүркүрөп өнүгүп жаткандыгына күбө болдум. Мындай ийгиликтин жана жетишкендиктин сыры эмнеде?


- Сиз жакшы билгендей, Иран Ислам Республикасы эң байыркы өлкөлөрдүн бири. Иран эли бай тарыхы жана маданиятына, Алла - таалага жана өз күчүнө таянып, экономикалык жана башка ийгиликтерге жетише алды деп айтса болот. Бир чети Алла - таала ырайымын көрсөтүп, иран элине газ, мунай өңдүү табигый байлыктарды белекке берген экен, аларды туура пайдалануунун натыйжасында өнүгүүгө багыт алды. Бирок эң негизги ийгиликтин ачкычы – Иран элинин биримдиги, мекенчилдиги, алдыга койгон максатына сөзсүз жетишүү үчүн өжөрлүк менен аракет кылгандыгы деп ойлоймун.

- Иран эли байыркы тарыхы, маданияты менен гана эмес, дүйнөгө бүтүндөй Чыгыш чөлкөмүнө таандык акындары менен белгилүү. Мисалы, Саадинин алты сап ыры БУУнун имаратына кире бериш жерде көптөгөн элдердин тилинде жазылып турат. Сиз өз өлкөңүздүн СССРдин 70 жылдык чынжырынан кутулгандан кийинки Кыргызстан менен адабият, маданият жаатындагы байланышына кандай баа бересиз?


- Эки эл байыркы доорлордон бери эле адабий, маданий жана экономикалык байланышта болуп келген, 1991-жылы Кыргызстандын эгемендүү мамлекет катары жарыяланышын Иран Ислам Республикасынын эли кубанып тосуп алган. Диндеш, боордош кыргыз элинин өз алдынча мамлекет болушун биз да күтүп келгенбиз. Иш жүзүндө маданий байланыштарды түзүүдө эч кандай деле кыйынчылыктар болгон эмес. Бир акын айткандай, “тили бирден дили бир жакыныраак”.

Эки мамлекеттин ортосунда маданий кызматташуу, билим берүү тармактарында көптөгөн келишимдерге кол коюлган. Айрыкча жогорку окуу жайлары менен жакшы байланыштар түзүлгөн. Бир нече университеттерде окуган студенттердин келишим акчасы элчилик тарабынан төлөнөт. Андан тышкары Ж. Баласагын атындагы КУУда иран тили жана адабияты борбору бар. Мындай борборлор ошондой эле И. Арабаев атындагы, Кыргыз – орус -славян, БГУ жана ОшМУ сыяктуу университеттерде да түзүлгөн. Биз ар кандай майрамдык салтанаттарды, мисалы, Нооруз майрамын биргелешип өткөрөбүз. Ошол эле учурда кыргызстандык көптөгөн жаштар Иран Ислам Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алышат.

Адабият жөнүндө айта турган болсок, жакынкы арада Ирандын белгилүү акындары менен жазуучуларынын жыйнагынын басылып чыгарылышы күтүлүп жатат. Өткөн жылы Нурланбек Балтабаев тарабынан алгачкы жолу түзүлгөн “Кыргыз-фарсы сөздүгү” жарык көрдү. Маданият тармагында аткаруучу жумуш өтө көп болгондуктан, Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин алдында маданий өкүлчүлүгү ачылган.

- Иран Ислам Республикасы бир гана Азия чөлкөмүндө эмес, бүтүндөй ислам дүйнөсүндө да маданий, экономикалык жактан өз орду, таасири бар мамлекет болуп саналат. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк улуу держава аталган мамлекеттердин катарында турган өз өлкөңүздүн эл аралык саясатына кандай баа бересиз?

- Ирандын бүгүнкү ийгиликтерин 1979-жылы болгон Ислам революциясынын жеңишинин натыйжасындагы жетишкендиктери катары айтсак болот. Биз ошол революциянын энергиясы, багыты менен өнүгүүбүздү улантып келе жатабыз. Иран Ислам революциясынын жеңишине чейин биздин мамлекетте да башка тышкы күчтөргө баш ийүү болгон, өз алдынча саясат, эрктүүлүк болбой, ага карата аракеттер да жасалган эмес.

Балким, азыр айтсам ишенбесеңиз керек, ошол Ислам революциясынан кийин эле Ирактын диктатору Саддам Хусейн тарабынан таңууланган согушта абдан чоң мүчүлүштүктөргө кабыл болгонбуз. Кала берсе чек арага тартуу үчүн тикенек зымдарды да сырттан алып келүүгө мажбур болгонбуз. Бирок жети миң жылдык тарыхы бар эл үчүн мындай тартыштык уят катары кабыл алынган. Себеби мурда бийлик жүргүзгөн шахтардын тушунда диний маселелерден тышкары да Иран элинин басмырланып келиши элдин көтөрүлүшүнүн жана революциянын негизги себеби болуп саналат. Азыр Иран Ислам Республикасы желегин, башын бийик көтөргөн эгемендүү мамлекет. Бүгүнкү күндө Иран Ислам Республикасы өзүнүн керектөөсүн баардык тармактар боюнча камсыз кыла алат. Мындай ийгиликтер акылдуу, билимдүү жаштардын мекенчилдиги жана иштермандыгынын натыйжасында болуп жатат. Эң негизгиси Иран эли туура жолду тандап алгандыгына ишенгендиктен улам ийгиликтер жаралууда. Алла - тааланын колдоосу жана элдин ынтымагы менен согушту, ар кандай кыйынчылыктарды жеңип, алдыга карай кадам таштап келатабыз.

Иран Ислам революциясынын жеңишине быйыл 32 жыл толсо, анын 8 жылында Саддам Хусейин тарабынан таңууланган согушту баштан кечирдик. Ошол эле мезгилде бир нече мамлекеттер тарабынан бизге каршы экономикалык чектөөлөр киргизилген. Эгер башка мамлекеттердин башына ушундай кыйынчылык түшсө, балким, алда качан багынып беришмек болсо керек. Бирок биз Аллага таянып, өзүбүзгө ишенип, илим менен технология жаатында да ийгиликтерге жетишип жатабыз. Дагы белгилеп кетүүчү жагдай, Иран Ислам Республикасы бир дагы мамлекетке коркунуч жараткан эмес жана мындан ары да жаратпайт. Андан тышкары, өзүбүздүн ийгиликтер жана жетишкендиктерибизди боордош, кызматташ мамлекеттердин да ийгиликтери жана жетишкендиктери деп, алар менен тең бөлүшүүгө даярбыз.

- Кыргызстан 2005-жылкы максатына жетпей калган революциядан кийин 2010-жылдагы экинчи – апрель кандуу революциясын жана июндагы түштүктө орун алган коогалаңдын натыйжасында экономикалык жана саясый кризисти баштан өткөрүүдө. 1979-жылдагы Ислам революциясынан өнүгүүнүн туура жолуна түшкөн мамлекеттин элчиси катары Сиз биздин өлкөнүн келечегине кандай көз караштасыз?


- Былтыркы жылы сиздердин өлкөңүздөрдө жүздөгөн адамдардын өмүрүнүн кыйылышы менен коштолгон апрель жана июнь окуялары Иран элинин жүрөгүн өйүтүп, бир тууганды бир тууган бейкүнөө өлтүргөн окуяларды телевизордон көрүп, менин элимдин кабыргасы аябай кайышты. Баарынан да эки мусулман элдин ортосунда жаңжал чыгып кетиши абдан кайгылуу окуя болду. Кыргызстандыктардын башына кыйын күн түшүп турганда Иран эли жөн гана кайгырып, көңүл айтып калбастан, колунан келген жардамын берүүгө да аракет жасады.

Иран мамлекетинен келген медициналык жана гуманитардык жардамдардын бир бөлүгүн Ош облусуна алпарып, жергиликтүү жетекчилерине тапшырдык. Мындан тышкары мен Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Чубак ажы Жалилов менен кошо барган болчубуз, бирге Ош шаарындагы бир нече мечиттерге зыярат кылып, кыйын кезеңде эки элди жараштыруу, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Андан сырткары, жабыркаган турак-жайларды көрүп, жеке өзүмдүн атымдан да мечиттерди калыбына келтирүүгө акчалай каражат бөлүп бердим.

Андан сырткары, Иран Ислам Республикасынын өкмөтү түштүктү калыбына келтирүүгө 1 миллион доллар өлчөмүндө жардам берүүдө. Бул каражатты бөлүштүрүү боюнча эки мамлекет биргелешип чечим чыгармакчы.

Терең тарыхы, салт-санаасы бар кыргыз эли туура жолду тандап алат деп ишенем. Ошондуктан сиздер башка элдердин кеңешине муктаж эмессиздер. Балким, Кыргызстандын мурдагы бийликтеринин бир кемчилиги, өз элин укпастан, өз элине таянбастан, башка бирөөлөрдүн сөзүн угуп, эмне дейт экен деп иш жүргүзгөндүгүнөн болуш керек деп ойлоймун. Албетте, Кыргызстандын газ, мунай өңдүү табигый отун байлыктары болбогондуктан, сиздер башка мамлекеттер менен бул жаатта кызматташып, алардын пикири менен эсептешүүгө мажбур экениңиздер түшүнүктүү. Ошол эле учурда Алла - таала сиздерге акылдуу, аң-сезимдүү жаштарды берген. Андыктан алардын күчү, акылы менен көптөгөн кыйынчылыктарды жеңериңиздерге ишенем.

Мен кыргыз элине бир тууган, боордош элдин элчиси катары айтып кетмекчимин, эң оболу сиздерде өзүңүздөргө ишеним пайда болгондо көптөгөн жетишкендиктерге кадам таштай аласыздар. Башкаларга көз каранды болбой, Кыргызстандын өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жөнөкөй адамдардан тартып, жетекчилерге чейин туура пайдаланганда чоң ийгиликтер жараларына көзүм жетип турат. Мисалы, Кыргызстан жеринин аянты, табияты боюнча Европанын батышында жайгашкан Швейцарияга окшош. Алла - таала аларга деле табигый байлыктарды берген эмес. Ал эми табияты, жеринин кооздугу сиздерге жетпейт. Менимче, алар алдына “биз ушундай мамлекет болушубуз керек” деген максатты койгондуктан жана ошого жетүү үчүн талыкпастан эмгектенгендиктен гана бүгүнкү байгерчилик турмушка жетише алды деп ойлоймун.

Ал эми сиздердин өнүгүүңүздөргө тоскоолдук болуп жаткан эң негизги кесепеттер – ич ара келишпестик, улуттар ортосундагы чыр-чатак жана бири-бирин түшүнбөстүк болууда. Эгер ушул тоскоолдуктар жоюлса, көп кыйынчылыктар өзүнөн өзү эле чечилип калат. Мен боордош кыргыз элине кеңеш катары айтат элем, жаңы өкмөткө жардам берип, колдоо көрсөтсө, ишмердүүлүгүнө жөлөк болсо, сөзсүз жакшы ийгиликтер жасалат.

Кудай буйруп, сиздердин мамлекетиңиздерде мыйзамдуу парламент, өкмөт түзүлдү. Мындан ары Кыргызстан өнүгүүнүн жаңыча жолуна түшөт деп ишенебиз.

Маектешкен Эмилбек МОМУНОВ ("КАБАР")

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу