Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
02/02 16:33
 

Н. Арипов: Кыргызстандагы диний окуу жайлар чет жактан жардамга муктаж болбош керек


Учурда республикабыздын аймагында мектептерден мечиттер көбөйүп кеткендиги айтылууда. Бирок ошол мечиттердин имамдарын даярдоо кандай деңгээлде? Дегеле диний багыттагы орто жана жана жогорку окуу жайлардын абалы кандай? Биз бул суроолорго жооп алуу үчүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын алдындагы окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы, теология илимдеринин доктору Арипов Ниязали Турдалиевичке кайрылдык.

- Ниязали Турдалиевич, бүгүнкү күндө Кыргызстанда канча диний багытта билим берген окуу жайлар бар?

- Бисмиллахи рахмаани рахиим, Алланын жакшылыгы, берекеси баарыбызга бирдей болсун. Кыргызстанда азыркы мезгилде биздин каттообузда турган 56 медресе, 8 ислам институту жана 1 ислам университети бар. Ал эми бул окуу жайларда жалпысынан төрт миңге жакын студенттер билим алышууда.


- Жыл сайын канча студент окуу жайды бүтөт жана аларды жумуш менен камсыз кылуу маселеси кандай?

- Балким, кимдир-бирөөлөргө медреселердин саны 56 деген сан көптөй көрүнүшү мүмкүн. Бирок алардын айрымдарында билим алгандардын саны жүзгө да жетпейт. Себеби медреселердин материалдык абалы чектелүү болгондуктан же мамлекет жана кайсы бир уюм тарабынан такай каржылоо болбогондуктан, окуучулардын санын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк жок. Андыктан аз эле бүтүрүүчүлөр чыгат. Алар имам-хатиб жана араб тилин окутуучу мударис адистигине ээ болушат. Негизинен алар медреселерде, институт, университеттерде окутуучу болуп иштей алышат. Мындан тышкары казиятка да жумушка кабыл алынышат. Биз, Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы тарабынан дайыма бүтүрүүчүлөрүбүздүн дипломдорун башка жогорку окуу жайларда же мекемелерде дин жаатында билим берүүсүн таануу боюнча лицензия алуу маселесин коюп келебиз. Өзүңүздөр жакшы билгендей, учурда муфтиятта реформа жүрүп жатат. Бул багыттагы негизги иш диний окуу жайларга көңүл буруу, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана материалдык жактан камсыз кылуу болуп саналат. Ушул муфтиятка караштуу окуу жайлар бөлүмүн кеңейтип, кошумча бөлүмдөрдү да ачуу ниетибиз бар. Мисалы, атайын усулдук программа иштеп чыгуу, чет өлкөлөрдөн бүтүп келген студенттердин дипломун аккредитациялоо бөлүмү, имамдардын билимин жогорулатуу үчүн сертификациялоого акырындап өтүшүбүз керек. Мындан тышкары чет өлкөлөрдө билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен иштешүү бөлүмүн ачуу зарылчылыгы жаралууда. Мисалы, 2010-жылы 90го жакын студент чет мамлекеттерге биз аркылуу жолдомо алып кетишти. Анын ичинде 14 студент Сауд Аравия өлкөсүнө, 1 студент Египетке, 1 студент Татарстанга, дагы бир студент Малайзияга жолдомо алышты. Мындан тышкары 4 студент Түркияга конкурс менен, дагы 4 студент Түркиянын имам-хатиб лицейлерине жөнөтүлдү. Чет мамлекетте окууну каалаган студенттер бизден ошол окуу жайлардын билим берүү сапаты жана башка жагдайларынан толук маалымат ала алышат. Мисалы, биз аркылуу Египеттин Ал асгар университетинде 90го жакын жаштарыбыз окуп жатышат. Ал эми Пакистандагы элчилигибиз аркылуу былтыр ал жакка 18 студент жөнөтүлгөн.

Тилекке каршы чет мамлекеттерде окуп жаткан студенттердин тизмеси бизде толук жок. Себеби турист катары же ажылыкка барып деле калып калгандар же башка ар кандай себептер менен окуп калгандар көп. Эгер тиешелүү бөлүм ачылып калса, анда бир гана чет жактагы студенттердин санын тактоо менен чектелип калбастан, алардын кандай деңгээлде окуп жаткандыгын жана билим берүү жобосу биздин эрежелерге туура келеби же жокпу деген суроого да жооп алууга мүмкүн болор эле. Албетте, бул ишти мамлекет, КР Өкмөтүнө караштуу дин иштери боюнча комиссия менен биргеликте жүргүзүшүбүз керек. Мындан тышкары дин илим изилдөө жана рецензиялоо бөлүмү да керек болуп турат. Анткени Ыйык Курандан тартып ар кандай дин илимине байланыштуу китептер которулуп, СD дисктер чыгып, дүкөндөрдө, базарларда сатылып жатат. Мына ушуларды текшерип, чыныгы ислам салтында жазылгандыгын текшерип, жарыялоого лицензия берүү керек.

- Сөзүңүзгө аралжы, учурда Тажикстандын бийлиги чет мамлекеттерде диний багытта билим алып жаткан студенттерин кайтарып алууда. Бизде андай зарылчылык жокпу?


- Туура айтасыз, Тажикстандын бийлиги азыр чет мамлекеттерде окуп жаткан студенттерин кайтарып алууда. Балким, алар мамлекеттин коопсуздугун жана башка жагдайларды эске алып ушундай жолго баргандыр. Бирок дин маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чоң айырмачылык бар. Эгер ислам дини аларда күчтүү өнүккөн болсо, бизге дин эркиндиги эми гана келип, өнүгүп жатабыз десек болот. Бир чети Кыргызстандагы диний окуу жайлар заманбап шартта өнүккөн эмес. Ошондуктан чет мамлекеттердеги ислам жолунда туура билим берген окуу жайлар менен кызматташууга дайым муктажбыз. Ошол эле учурда кайсы бир радикалдык, салтуу ислам жолунан адашкан окуу жайлар тууралуу маалымат алып, аларга биздин жаштар барган жокпу деген суроого жооп алууга биз деле кызыкдарбыз.

- Ар бир эле окуу жайдын көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн чыгымдары болот эмеспи, окуу куралдары менен камсыз кылуу, коммуналдык төлөмдөр жана башка дегендей. Ал эми студенттер акча төлөп окушабы же бекерби?


- Биздин окуу жайларды туруктуу каржылоо жолу жокко эсе деп айтсак болот. Бир гана каржылоо жолу бул – жеке кайрымдуулук кылгандар, кээ бир Кудай жолундагы сооп издеген мусулман бир туугандарыбыздын, жергиликтүү же чет өлкөлөрдөгү ушундай максатта жардам көрсөткөн жарандарыбыздан колдоо болуп турат. Бирок алардын баардыгы беш же он жыл ошол окуу жайды сөзсүз туруктуу каржылайт деген кепилдик жок. Айрымдары бир эле ирет кайрымдуулук көрсөтүшөт. Ошонусуна да чексиз ыраазыбыз. Мындан тышкары жыл сайын фитир-садакадан түшкөн акча толугу менен муфтияттын алдындагы диний окуу жайларга бөлүнүп берилет. Бул багытта көйгөйүбүз көп. Мисалы, коммуналдык кызмат акыларын кыйналсак да төлөп келатабыз. Ансыз электр жарыгы, суу жана башка зарыл кызматтар токтоп калат экен. Бирок биздин окуу жайлар да коммерциялык мекемелердин катарына кошулуп, 1 кВт электр энергиясы үчүн 1 сом 50 тыйындан төлөп калууда. Айрым медреселерде, мисалы, Таласта жергиликтүү жетекчилер менен сүйлөшүп, 70 тыйындан төлөөгө жетишүүдө. Тилекке каршы, диний окуу жайлар жалаң кайрымдуулук каражатына жашап жаткандыктан, биз Өкмөткө баардык эле диний окуу жайлардын электр энергия төлөмүн 70 тыйынга түшүрүүнү жана башка салык төлөмдөрү боюнча жеңилдиктерди берүү боюнча кайрылганы жатабыз.

- Чет мамлекеттер менен биргелешип ачылган окуу жайлар барбы?

- Жок, андай окуу жайлар жок. Болгону жогоруда айтып өткөндөй, Түркия, Арап мамлекеттери тарабынан убактылуу каржыланган окуу жайлар бар. Мисалы, Кара-Балта шаарындагы медресеге Арап мамлекеттеринен окутуучулардын маянасына жардам берилип турчу эле, быйыл ал жардамды токтотуп коюшту. Тилекке каршы, мындай ыктыярдуу жардамды биз берсе алып, бербесе талап коё албайт экенбиз. Ошондуктан чет элдиктерге көп эле көз каранды болбошубуз керек. Андан көрө жергиликтүү мүмкүнчүлүктөрдү да пайдаланып, туруктуу каржылоо жолуна түшүшүбүз зарыл.

- Ниязалы мырза, азыр Кыргызстанда эки миңден ашык мечиттер бар. Аларда иштеп жаткан имамдардын билим деңгээли бүгүнкү талапка жооп береби? Ал эми жер жерлердеги мечиттерге медресе, институт, университеттерди бүтүргөн жаштар имам болуп барып иштеп жатышабы?


- Тилекке каршы, университет же институтту бүтүргөн жаштардын баардыгы эле мечитте имам-хатиб болуп иштөөнү алдына максат кылып коюшпайт экен. Мындай көрүнүш каражатка да барып такалат. Себеби мечиттерде туруктуу маяна берилбейт. Эл жыш жайгашкан борбордук мечиттерге гана кайрымдуулук жолу менен каражат түшүп, имамдардын маяна маселеси чечилбесе, чет жактагы элдик колдоо аз болгон аймактарга жаштар оңой менен бара беришпейт. Бул биздин негизги көйгөйлөрүбүздүн бири. Анткен менен көпчүлүк бүтүрүүчүлөрүбүз арап, фарси, англис жана башка тилдерди жакшы билишкендиктен, республикабыздын жогорку окуу жайларындагы арап, фарси тилдериндеги факултеттерде билимин улантып же окутуучу, элчилик, чет элдик фирмаларда котормочу болуп иштеп жатышат.

- Былтыр республикабыздын мечиттеринин имамдары аттестациядан өтүштү эле. Быйыл да алардын билим деңгээлин текшерген иш чара болобу?

- Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын уставында мындай жобо бар. Ага ылайык бир гана жергиликтүү имамдардын эмес, борбордук мечиттердин да имамдарынын билим деңгээлин текшерип, кызмат ордуна татыксыз дин кызматкерлеринин билимин өркүндөтүү же ордун алмаштыруу зарылчылыгы каралган. Эгер медреселер боюнча айта турган болсок, албетте окуу жайлар билимдүү аалымдарга муктаж. Бул багытта муфтийдин атайын буйругу менен чет мамлекеттердеги жогорку окуу жайларды бүтүрүп келген жаштарды жумушка чакырып жатабыз. Бирок баягы эле маяна маселеси кендирди кесип, Кудай жолундагы жаштар гана окутуучулук кесипти аркалашууда.

- Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Эмилбек МОМУНОВ  

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу