Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
28/01 18:43
 

М. Акжолова: Ар бир аялда Курманжан датканын касиети болсо...



Тарыхый инсан Курманжан датканын урматына быйылкы 2011-жыл Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен “Курманжан датка жылы” деп жарыяланды. Мындай иш аракет ар бир жаранды мекенчилдикке, бирдимдикке үндөп, кыргыз идеологиясынын бир өзөгү боло алат. Жалал-Абад облусунда Курманжан датканын урматына багыштап райондук жана облустук деңгээлде өткөн жылдары эле атайын иш-чара уюштуруп, аймактагы аялдардын көйгөйлөрүн ортого коюп, кайдыгер мамиледен арылууга үндөгөн аракеттерди көрүп жүргөн кесиптешибиз Мейманбү Акжолованы маекке тарттык.



- Мейманбүбү айым, мен билгенден буга чейин да Курманжан датканын урматына иш-чараларды сунуштап жана өткөрүп жүргөндөрүңөргө күбө болгон элем…


- Мен ал кезде АРИСтин Жалал-Абад облусунун батыш өкүлчүлүгүндө гендердик маселелер боюнча адиси болуп иштейт элем. Негизинен элет аялдарынын активдүүлүгүн жогорулатуу жана көйгөйлүү маселелерин аныктап, аны чечүү жолдорун издөө иштерин жүргүзчүбүз. Ошондо Ноокен районунда атайын райондук деңгээлде “Курманжан датка мен деген, айымдар чыгат элеттен” – деген иш-чараны райондук администрация жана Аялдар Кеңешинин аракети менен биргеликте өткөрүп, жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири таралган эле. Ушул эле аракет токтоп калбасын деп, кийинки жылы өзүңүз күбө болгон “Элеттик айым күнү” аталыштагы иш- чараны облустук администрация, облустук Аялдар Кеңеши жана АРИС менен биргеликте атайын форум өткөрүлдү. Ал эми быйылкы жыл жалпы эле республика боюнча “Курманжан датка” жылы деп жарыяланганы мен үчүн кубанычтуу болуп турат. Курманжан датка ким экени жана анын тарыхый орду жөнүндө ар бир кыргызстандыктар билет деген ойдомун. Айтылуу Курманжан датканы даңазалап, анын айкөлдүгүн, калыстыгын, баарлашуу-дипломатиялык касиетин белгилеп, аялдарга үлгү болчу бирден бир образ экенин коомчулукка сиңире алсак, анда кыргыз идеологиясы үчүн өзөк болуучу эң сонун мисал болоор эле.

- Курманжан даткададан башка өткөн кылымдын каарманы да, сиз айткан идеология багытында Совет доорунда үлгү болчу айымдар өз мезгилинде жаралып туруучу, мисалы айыл-чарба багытында Зууракан Кайназарова болсо, маданият жаатында Бүбүсара Бейшеналиева дегенде? Азыркы учурда ошолордой үлгү болчу инсандар жокпу?

- Албетте, сиз берген суроо бир жагынан абдан туура. Мына эгемендик алгандан бери бизде аялдар эле эмес, дегеле Исхак Раззаковдой үлгү болчу Чынгыз Айтматовду атабаганда мекенчил, коомчулукка кошкон салымы бөтөнчө инсандар боюнча анда- санда эстеп, эскерип калбасак, атайын мамлекеттик деңгээлде туруктуу жүргүзүлгөн иш чара жокко эсе. Баатырдын баатыр экенин эл айтып, эл оозунда болсо жана мамлекет тиешелүү программа менен өзүнүн мекенчил элитасын таптаса, ар кандай жеңил баа бере койчу жалпыга маалымдоо каражаттары да элдин, өлкөнүн кызыкчылыгын көздөсө, биздин замандын белгилүү кишилери жарк деп эле чыга келмек. Убагында президенттерибиз жубайлары менен бирге жазуучу болуп чыга келди, эгерде чыныгы жазуучу болушканда бийликтен кол жууган кезде деле элге сиңимдүү, эл мүдөөсүнө жооп бере алган жазуулары эл ичинде жашай бермек деп ойлойм. Ошондуктан, Курманжан датканын касиети өзгөчө, ал касиет ар бир аялда болсо дейм. Курманжан датканын касиетине табынып,таасирленип биздин замандын даткасы, айымдары чыгат деп ишенем. Бул дүйнөдөн көзү өткөндөн кийин эле мактап жатып калган адатыбызды коюп, өз заманыбыздын Курманжан даткасы болгон, оор кезеңде чоң жоопкерчиликти, жүктү мойнуна алган Роза Отунбаеваны жана да башка көптөгөн айымдарыбызды баалап, барктап алсак да жаман болбос эле...

- Демек, сиздин оюңузча үлгү болчу мекенчил инсандар мамлекеттик деңгээлдеги программага муктаж деп ойлойсузбу?

- Албетте, бирок мамлекет бул багытта өтө кылдаттык менен коомчулуктун пикирин биринчи коюп иш алып баруусу керек. Ал үчүн сыйлыкка сунуш кылынган инсандар боюнча жер-жерден анкеталарды жүргүзүп, изилдеп коомчулуктун оюн билүү керек. Ошондо эл ичинде жогоруда тууганы бар экен эле же дагы бир себептер менен эрте сыйлыкка, мансапка жетти деген пикир жүрмөк эмес. Ал эми кээде эл колдоп турса да, бийлик көзүн жумуп, жада калса жакшы инсанын басынткан учур да жок эмес. Ушундай теңсиздиктен, көбүнчө илгерки кыргыздын кара кылды как жарган карыя, калыс адамдарынан тургандай көзөмөлдөөчү жумушчу топ түзүлсө деген оюм бар. Чыгыштын накыл кептеринде :

“Адилет адамдар бар жашоо тегиз,
Жашоодо кээ бир адам болот деңиз.
Ааламда албан-албан адам жүрөт,
Адамды ыйык кылат ыйман сүрөп”, – деп айтканы калетсиз сөз. Биздин ааламдашуу процесси жүрүп жаткан мезгил болобу, мурунку же кийинки заман болобу адамзат үчүн ыйман маселеси дайыма биринчи орунда болсо, анда заманыбыз жакшы болот деп ишенем.

-Быйыл эми Курманжан датка жылы болуп расмий түрдө жарыяланды, сизде да атайын мерчемдер барбы ?

- Учурда шаардык “Жалал-Абад үнү” гезитинде редактор болуп иштеп жатам, мына ушул өзүбүздүн шаардык гезитке атайын сынак жарыялап, шаардык чыгаан айымдарга “Шаардын датка айымы, шаардын асылзат айымы, шаардын айымы” – деген наамды Шаардын Аялдар Кеңеши менен бирдикте ыйгарсак деп турабыз. Шаарда 5 жергиликтүү башкармалык бар, жер-жерлерден сунушталган талапкерлерди жогоруда белгилегендей, коомчулуктун пикирин эске алып анкета жүргүзүп, жер-жердеги элдин канча пайызы талапкерди тааныйт жана татыктуу деп эсептейт деген суроолорго жооп алгандан кийин гана атайын комиссиянын чечими менен гезиттин бетине жарыялап, сыйлыктарын ыйгарсак деген ниетибиз бар. Андан сырткары ушул сыяктуу иш чараларды өткөрүү сунуштары менен жергиликтүү бийликтерге кайрылганбыз. Ал сунуштар да колдоого алынып, аялдардын аракети менен Курманжан датканын жылына карата көп жакшы иштер аткарылат деген ишеничте турам. Белгилүү даанышман Фирдоусинин: “Жараткан бергенин бүт бойдон алат, бир гана жагымдуу сөз аман калат” – деген учкул сөзүн дайыма эстеп жана эл ичинде айта жүрөм. Адам баласы бул дүйнөгө жакшылык кылуу үчүн жаралган, ошондуктан кокус колунан жакшы иш келбей баратса, анда жок дегенде жакшы сөз арнаса, дүйнөгө жарык чачып, дүйнөнү тазартмак эле.

- Курманжан датканын сизге өтө жаккан образы боюнча эмне айтаар элеңиз?

- Даңазалуу даткабызга арнап акындар ыр, жазуучулар чыгарма жазышып, сүрөтчүлөр сүрөт, музыканттар музыка жаратпадыбы, эми жакында кинофильм тартуулайбыз деп турат. Мен бул инсандын жаш кезинен эле өзүнүн эркиндиги үчүн күрөшө алган, өз баа-баркын сезгендигин баалайм, биринчи турмушунан башын бошотуп, өз теңин издеп Алымбек даткага башын байлаганы, өз заманындагы аялдардын турмуш образына салыштырганда ал революция жасаган. Эне үчүн баладан ыйык эмне бар, уулу өз элинин эркиндиги үчүн күрөшкөн жоокер, душманына кармалып дарга асылуу учурунда турганда, Курманжан датканын баатырдыгы ушунда, элинин амандыгын уулунан мурда коюп ичинен кан жутуп, сыртынан элине, уулуна кайрат көрсөтүп турган жери айтып бүткүс дастан. Элибизде бекер жеринен кайраттуу-күчтүү баатырлар – казатта, аялдар менен перзенттер – жокчулукта, достор – башка мүшкүл түшкөндө таанылышат деп айтылбаса керек. Заманынын зор сыноолорунан дал ушинтип туруштук берип, урпактарга үлгү болду. Курманжан датка жакшылык кылуу менен – даңазага, кайрымдуулук кылуу менен – улуулукка, болгонуна шүгүр кылуу менен касиеттүүлүккө жетти деген баага татыды. Курманжан датка биздин элдин түбөлүктүү сыймыгы.


Маектешкен Эмилбек Момунов

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу