Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
20/01 18:07
 

Н. Муканова: Мыйзамдык базаны билбеген атуулдар коррупцияга жол берүүдө


Бишкек, 20-ноябрь. (КАБАР). Бүгүнкү күндө коррупция Кыргызстанда гана эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүндө күч алууда. Ошол эле маалда дүйнөлүк практика коомдогу бул терс көрүнүштү жок кылууга болоорун аныктоодо. Бул тууралуу ЕККУнун Кыргызстандагы экономика жана экология бөлүмүнүн жетекчиси Якоби Фолькер билдирген.

“Коррупция менен дайым күрөшүү керек, башка мамлекеттердин тажрыйбасы андан жыйынтык чыгаарын айгинелеп турат. Мисалга Сингапур учурда өнүккөн өлкөлөрдүн бири, алардын тажрыйбасын колдонуу зарыл”, - деди ал.

“КАБАР” маалымат агенттиги Кыргызстандагы коррупция деңгээли, ал кеңири тараган тармак, паранын суммасы тууралуу Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова менен маек курдук.

“КАБАР”: Кыргызстанда коррупцияны жеңсе болбоу, ал үчүн эмнелерди аткаруу керек?

Н.Муканова: Коррупцияны жазалоо жолу менен жеңүүгө болот. Коррупцияга каршы ишкер кеңеши “Барометр” изилдөөсүн жүргүзгөн, ага 1 миң 660 адам катышкан. Сурамжылоого алынгандардын 85 пайызы коррупцияны жазалоо жолу менен жеңүүгө болоооруна ишенишет.

Респонденттердин 15 пайызы мыйзамдык негизди күчөтүү керектигин айтышса, 47,4 пайызы мамлекеттик мекемелердин ачык - айкын иштеши коррупцияга бөгөт коёт деп белгилешкен. 35,96 пайызы коррупцияны Кыргызстанда жок кылуу мүмкүн эместигин, ал убакыттын өтүшү менен кайрадан күч алаарын айтышты. 33,19 пайызы коррупция бүгүнкү күндөгү эле деңгээлде калаарын, 56,2 пайызы учурда мамлекет аны менен күрөшүүдө натыйжалуу чараларды колдонбой жаткандыгын айтышкан.
Изилдөөгө катышкандардын 23,73 пайызы мамлекеттик кызматкерлер, 16,33 пайызы жеке менчик ишканаларда эмгектенгендер, 13,61 пайызы ишкерлер, 13,73 пайызы эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, 63 пайызы эл аралык кеңешчилер, серепчилер.

“КАБАР”: Бизде паранын орточо суммасы канча, бул тууралуу маалыматыңыз барбы?

Н.Муканова: Кыргызстанда паранын орточо суммасы 10 миң сомду түзөт. Биздин мыйзамга ылайык 300 сомго чейинки белектер пара болуп эсептелбейт, ал ыраазычылык катары бааланат. Пара берүүнүн үч түрү бар бул - 10 миң сомго чейин, андан соң 20 миң сомдон миллионго чейин жетет. Үчүнчү түрү көбүнчө уруксат баракчаларын берүү органдарында катталган.

2010-жылы атуулдардан коррупциялык көрүнүштөр боюнча 590 кат түшкөн, алардын 46 пайызы аймактардан келген.

“КАБАР”: Кыргызстанда кайсы министрлик коррупцияга көбүрөөк малынган?


Н.Муканова: Коррупция күч алган министрликтердеги мыйзам долбоорлору экспертизадан өтүшү керек. Коррупция өлкөнүн өнүгүшүнө бөгөт коюуда. Министрликтерде даярдалган мыйзамдардын жана жоболордун долбоорлору антикоррупциялык экспертизадан өтүшү керек деген токтом бар. Учурда биз Мамлекеттик кадр кызматына бул экспертизаны биргеликте өткөрүү сунушу менен кайрылдык. Алар өз кезегинде коррупция тамыр жайган министрликтердин ченем актыларын бирге талдоого макулдугун беришти.

Бизде күч органдарында, бажы кызматында коррупция жогору, алар биринчи топко кирет.
Мындан тышкары соттук, мамлекеттик сатып алуу тутуму, энергетика тармагы, билим берүү, жергиликтүү башкаруу жана салык кызматы кирген.

Үчүнчү топто - мамлекеттик каттоо, каржы полициясы, прокуратура, саламаттык сактоо, улуттук коопсуздук кызматы, архитектура, санитардык эпидемиологиялык кызмат жана юстиция министрлиги бар.

Маектешкен М.Момуналиева

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу