Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
13/01 17:26
 

“Сүлүктүкөмүр” ишканасындагы бийлик талашууга кылмыштуу топтор да аралашууда


Бишкек, 13-январь. (КАБАР). Учурда Кыргызстандын эң алыскы аймагы Сүлүктү шаарындагы ири мекеме болуп эсептелген “Сүлүктүкөмүр” ишканасынын жетекчилигинин алмашкандыгынын тегерегинде республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарында бири-бирине карама-каршы келген ар кандай маалыматтар жарыяланууда. Анткени аталган ишкананын кызматтан алынган жана жаңыдан дайындалган жетекчилери өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөгөн бир тараптуу маалыматтарды беришүүдө. Ал эми Сүлүктүдөн 1000 километр алыста турган Бишкектеги ЖМКлар чыныгы кырдаалды билбегени аз келгенсип, телефондон алган маалыматты текшербестен туруп эле жарыялашууда. Биз да Сүлүктүгө жете албаганыбыз менен өзүбүз телефон аркылуу “Сүлүктүкөмүр” ишканасынын буга чейин директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеп келген Жапар Сатаров менен байланышып, айрым суроолорго жооп алдык.

- Жапар Сатарович, Сүлүктүдөгү шахтерлордун иш таштоосунун жана ачкачылык жарыялоосунун негизги себеби эмнеде?


- Чындыгында 220 шахтерлор иш ташташкан да, ачкачылык жарыялашкан да жок. Анын баары калп жана жасалма жолдор менен болууда. Болгону жакында иштен алынган “Сүлүктүкөмүр” ишканасынын начальниги Раимбек Назаров кайра ордуна келүү үчүн шахтерлорду пайдаланып, ар кандай айла-амалдарды жасоодо.

- Сиз мурда бул ишкананын директорлор кеңишинин төрагасы катары жакшы билсеңиз керек, Р. Назаров эмне себептен жумуштан алынды эле?

- Биринчиден, Р. Назаров соттолгон адам катары жетекчи болуп иштөөгө акысы жок болчу. Анткени ал ЭКГ – 10Д деген эксковаторду сатып жибергендиги үчүн эки жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылып, анын ичинде бир жыл жетекчилик кызматта иштебесин деген соттун чечими чыккандыгына байланыштуу бул кызматта иштөөгө акысы жок болчу. Бирок ал учурда Сүлүктү шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Жамлидин Калыкуловдун классташы болгондуктан, өткөн жылдын апрель айындагы тополоңдун учурунда күч менен эле начальник болуп алган. Ал эми “Сүлүктүкөмүр” ишканасынын 45 пайыз акциясы мамлекетке тиешелүү болгондуктан, үч министрликтин өкүлдөрү келишип, анын жогорудагы аталган жана башка кемчиликтери үчүн кызматтан алып, анын ордуна Бектемир Урмановду дайындашкан. Директорлор кеңешинин төрагалыгына Эргешбай Мадаминов шайланды.

- Жапар Сатарович, Сүлүктүдөгү жер астынан көмүр казган кенчилердин өздөрүнүн абалы кандай?

- Жакшы деп айтууга ооз барбайт. Башкасын айтпаганда деле учурда шахтерлорго айлык үчүн эле 16 млн сом карыз бар. Мындан башка да кемчиликтер толтура.

- Айрым маалыматтар боюнча шахтерлордун бийлик талашына кылмыштуу топтор да аралашып жатыптыр, ушул чынбы?

  - Бул сурооңуздун чындыгы бар. Себеби Р. Назаров Бишкектен жана жергиликтүү жаштардан ошондой шектүү топторду алып келип, бизди да, шахтерлорду да коркутуп жатат. Аларды түнкүсүн коркутуп-үркүтүп, сабаткандыгы да айтылууда. Жанагы ачкачылык жарыялады, иш таштады деген шахтеролор “Биздин акыбыз кандай болот?” деп сурашканда аларды уруп-сабагандыгы боюнча да маалыматтар бар. Бизди да үч күндөн бери бир үйгө камап алып, эч жакка чыгарбай жатат. Шахтерлорду да эки жаатка бөлүп, жамааттын ынтымагын бузуп койду.

(P. S. “КАБАР” агенттиги өз кезегинде экинчи тарап менен да байланышып, алардын пикирин жарыялоого даяр)


Эмилбек Момунов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу