Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
13/01 10:53
 

Т. Тургуналиев: “Жер үй” кенинен бир грамм алтын алына элек

Бишкек, 12-январь, (КАБАР). “Жер алдындагы кендерди пайдалануу укуктарынын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча” комиссиясынын мүчөсү Топчубек Тургуналиев текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча “КАБАР” маалымат агенттигине эксклюзивдик интервью берди.

КАБАР: Топчубек Тургуналиевич, сиздин көз карашыңызда текшерүү жыйынтыктарынын негизги тыянактары эмнеде?

Т.Т.: Текшерүүдө аныкталгандай, акыркы 17 жыл ичинде тоо-кендерин иштетүү боюнча ар түрдүү чарбалык субьекттерге 1057 лицензия берилген. Элестетиңиз, алардын ичинен анча-мынчасы эле чала-була иштеп, болбогон салык төлөгөнүн эсепке албаганда (мисалга, “Кумтөр” сыяктуу), калгандары өз укуктарын колдон колго сатышып эле жан баккандардай сезим калтырды.

Мисалга, “Жерүй” алтын кенин иштетүү укугун, 74 тонна алтын запасы менен, бири бирине беш жолу сатышкан. Албетте, бул жерде түшүнүктүү, биринчилери жанагы 300 сомдук лицензиясын миллиондогон долларларга сатса, байлар андан жогору бааны көтөрүп, чет мамлекеттик шуллерлер менен сүйлөшүшкөн. Алар, өз кезегинде, профессионалдык компанияларга чыгышкан. Мына, бул жөнөкөй эле көп акылды талап кылбаган схема. Ага жол берип келген биздин бийлик төбөлдөрүбүз, түшүнүктүү да, кайсы кызыкчылыктарга багынып келишкендиктери. Бул жерде ондогон миллион доллар акчалар ойногон.

КАБАР: Кенге байбыз деп эле жүрөбүз, эмне алардан эч бир пайда таба элекпизби?

Т.Т.: Пайда табышыбыз керек. Кептин бары ошондо болуп жатпайбы, Пайданы биз, Кыргызстан эли көрүшү керек. А чынында, кандай болуп жатат? Мисалга, буга чейин дурус иштегенсип жаткан “Кумтөрдү” алып карап көрөлү.
1977-жылы эле СССР учурунда аныкталган 1100 тонна алтын запасы мына ушул жерде жатат. “Кумтөроперейтинг компани” менен 1994-жылы түзүлгөн келишимге Жети-Өгүздүн сыртындагы башка эч нерсе киргизилген эмес. Ал жерде алтындан башка көптөгөн баалуу минералдар бар. Алардын эч бири келишимде жок. Ал эми мурунку 740 гектар, андан кийин, мына былтыр эле, ынкылаптан кийин, 24-апрелде аларга арендага берилген 26 миң 300 гектар жер аянтында эмне кылып жатышат, ким билет. А түгүл, ал жакка алардын коопсуздук кызматы биздин атайын кызматтын, башкы прокуратуранын кызматкерлерин киргизбей койгон убакыттар болгон.

КАБАР: Кен байлыктарын казып алынган пайданын канча пайызы, бизге калышы керек-деп ойлойсуз?

Т.Т.: Бул эми кызык нерсе. Алтын биздики, ал жаткан тоо-таш, жер биздики. Анан, акырында эле, ал жерлерден алынган алтындын, болгону, ондон бир бөлүгүн алып, калганын кармата берип жатканыбызды, башкалар түгүл, өзүбүз да түшүнбөйбүз. Мисалы, мына, 2010-жылдын 10 ай ичинде 234 тонна 171 кг алтын өндүрүлүптүр. Анын дүйнөлүк рыноктогу сатык баасы 3 миллиард 681,5 млн долларга тете. Ал эми бул өндүрүлгөн алтындан Кыргызстанга төлөнгөн салыктын көлөмү анын, болгону, 9,29 % ын түзөт. Же болбосо, башка сөз менен айтканда, 342 миллион 128 миң доллар. Дүйнөлүк практикада мындан ашкан тоноо жок!

Түшкөн кирешеге салык салбай, алынган асылзаттан үлүшүбүздү алышыбыз керек. Ал үлүш, белгилеп кетүү зарыл, 30 % дан кем болбош керек.
Ошондой эле, лицензияны оңго-солго берүүнү токтотуш керек. Эл аралык тендерлерди уюштуруп, белгилүү, авторитеттүү компаниялар менен түздөн-түз макулдашууларга жетишиш керек. Бардык сүйлөшүүлөр ачык, коомчулуктун талкуусуна салынып өткөрүлүүсү зарыл.

КАБАР: «Кумтөр» компаниясынын бизге пайдасы көппү, же…

Т.Т.: Мамлекеттин дүң продукциясынын 4/1 бөлүгүн берип жаткан ишкананы кантип жаман деп айта аласың. Бирок…
Бирок, «жаман айтпай, жакшы жок», демекчи, алардын өндүрүшүнүн экологияга тийгизген таасиринин коопсуздугу тууралуу катуу сөз болушу мүмкүн. Анткени, бир суткада иштелип чыккан уулу зат – цианиддин көлөмү 2 тонна. Анын калдыктары агып отуруп өзүнчө эле көлмөнү түзүүдө. Анын түбүнө төшөлгөн изоляциялык катмардын бекемдиги шек туудурат. Эгерде цианид жер кыртышына, андан улам жергиликтүү жаратылыш аймагына тараса, оңбогондой улуттук катастрофага тутулуубуз ажеп эмес.

КАБАР: Аталган комиссиянын текшерүүлөрдөн кийинки кандай тыянактары менен тааныштыра аласыз?

Т.Т.: Эң негизгиси, бизге бир нерсе түшүнүктүү болду. Бул, кен-байлыктарыбызды иштетип, колдонууда таптакыр жаңы, улуттук саясат жок экен. “Кан таламайды” токтотуу зарыл. Биринчиден, жаңы лицензияларды берүүнү азырынча токтотуш керек. Мыйзамдык документтердин баарын кайрадан карап чыгып, жаңыларын кабыл алыш керек. “Кумтөрдүн” башкарылуусу мамлекеттин колуна өтүшү керек. Демек, ал 2007-жылы эле өтүш керек болчу. Бирок, алигиче эле ар кандай себептер менен созулуп келе жатат. Бардык кен байлыктарына эл аралык салык нормалары киргизилиши керек.

Биз жакында Өкмөткө сунуш киргизебиз. Мисалга Жерүй алтын кенинин базасында, кандайдыр бир үлгүлүк модель киргизишибиз, уюштурушубуз керек болуп турат. Буюрса, эл аралык коомчулуктун, кесипкөйлөрдүн жардамы менен, кыргыз элинин кызыкчылыгын эң башына коюп, алтын иштетүүчү өндүрүштүк базасын, башынан аягына чейин куруп, ишке киргизип, пайдалана башташ керек. Анын башкы подрядчигин конкурстук негизде кабыл алып, алар менен башкы макулдашууларды, акыркы продуктту пропорциялуу (кен чыккан жер үчүн 40%дан кем эмес) бөлүштүрүү шарты менен, жүргүзүү зарыл.
Мисалы Өзбекстан мындай Макулдашууларга өзүнө 70% калтырбаса, сүйлөшпөйт. Россияда 49-50% алат.

(Н. Куламбаев)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу