Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
13/01 09:09
 

Б. Арыков: Манастын тегерегинде кандайдыр бир руханий күч бар

Бишкек, 13-январь. (КАБАР). Түркияда өткөн эл аралык айкелчилердин симпозиумунда кыргызстандык Бообек Арыковдун эмгеги эң мыкты деп табылып, атайын сыйлык менен сыйланып кайтты.

Биз айкелчи Б.Арыков менен буга чейин катышкан эл аралык сынактар, жеңиштер, Кыргызстандагы айкелчилик искусствонун абалы, жаш муундар тууралуу маек курдук.

“КАБАР”: - Түркияда өткөн эл аралык симпозиум тууралуу айтып берсеңиз?

Б. Арыков: - Иш-чараны "ТҮРКСОЙ" уюштуруп, ага Түркмөнстан, Азербайжан, Кыргызстан жана башка мамлекеттерден айкелчилер катышты. Ал жыл сайын жогорку деңгээлде өткөрүлүп келет.
Мен анда “Манас тамгасы” композициясын жараттым. Жер ортолук деңиздин жээгиндеги сейил бактан бизге орун берилди. Ал жакта 15 күндөй иштедим. Бул жактан кетип жатып конкреттүү бир чыгарманы жаратам деп кеткен эмес элем, мрамор таштарды алып келе баштаганда эле, сейил бактын чок ортосуна көлөмдүү мрамор ташы алынып келинди. Адистер анын сапатынын начарлыгын айтып, алып келгендер алып кетер болгондо мен өзүм сурап алып калган элем. Аны көргөндө эле буга чейин оюмда жүргөн “Манас тамгасы” түштү.

Анын бийиктиги 3,6, туурасы 1,5 метрди түзөт, ошол жерде “Манас тамгасы” композициясын жараттым. Эмгегим калыстар тобунун жогорку баасына ээ болду, мен эч күткөн эмес элем. Манастын тегерегинде кандайдыр бир руханий күч бар, композициям симпозиумга катышкандардын кызыгуусун жаратты.
Ошонтип менин эмгегим бүгүнкү күндө, жер ортолук деңиздин жээгиндеги сейил бактан орун алып калды.

“КАБАР”: - Буга чейин эл аралык сынактарга катышып көрдүңүз беле?

Б. Арыков: Ошто 2005-жылы эл достугу программасынын алкагында “Сулайман тоонун” этегинде ЮНЕСКОнун колдоосу менен эл аралык айкелчилердин сынагы өткөн. Ал жакта “Өмүр багы” композициясын жараткам, анда да жогорку баа берилген.
2007-жылы Россиянын Вологотский облусунда да эл аралык симпозиум уюштурулган. Бул жер проваслав христиандары үчүн ыйык жер экен, себеп дал ошол жерде биринчи болуп чиркөө курулган экен. Ал иш чарага мен живопись багыты боюнча барып, ал жактан да кур кайткан эмесмин. Биздин эмгектер ал жактагы музейге берилген.

“КАБАР”: -Кыргызстанда жаш айкелчилер барбы, искусствонун бул багытына кызыкчылык өчө элекпи?

Б. Арыков: - Бизде Көркөм академияда айкелчилик бөлүмү бар, студенттердин саны башка бөлүмдөргө караганда аз, бирок кызыккандар көп эле. Бул багыт кылдаттыкты талап кылат.

“КАБАР”: - Бишкек шаарынын скульптуралык ансамблине токтоло кетсеңиз.


Б. Арыков: - Эң эле чоң ката бул борбордук “Ала-Тоо” аянтындагы тоголок шардын үстүндө түндүк көтөргөн аял. Кыргыз элинде аял киши түндүк көтөрбөйт, ал АКШдагы эркиндик айкелин туурагандык.
Андан башка деле биздин маданиятка дал келбеген айкелдер бар, бул багытта атайын комиссия түзүлүп иш алып барышса.

“КАБАР”: - Кыргыз искусствосун көтөрүш үчүн эмне жетишсиз болуп жатат?

Б. Арыков: - Бизде потенциал жогору, таланттуу балдар көп – айкелчилик, живопись, графика жана башка багыттарда. Эң негизгиси мамлекеттик колдоо керек, каражат жок, эч бир өлкөгө чыга албайсын, өзүбүздө эл аралык сынактарды, фестивалдарды өткөрө албайбыз.
Бизди дүйнө жүзү революция, каргашалуу окуялар аркылуу гана тааныйт.
Сөзүмдүүн акырында айтат элем - мамлект элди карабай, эл өзүн-өзү багып, кошумча дагы искусство менен алактенүү бул өзү баатырлык.
(маектешкен М. Момуналиева)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу