Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
08/01 11:25
 

Жалал-Абад облусунун аймагында 2010-жыл ичинде 1063 өрт кырсыгы катталган


Жалал-Абад, 8-январъ. (КАБАР). Жалал-Абад облустук өрт коопсуздук башкармалыгынын башчысы, полковник Докдурбек Абдираев өткөн жылы аткарылган иштер боюнча суроолорубузга төмөндөгүдөй жоопторду берди.

- Докдурбек Амалович, өткөн жылы сиздердин кызмат үчүн бир топ оор болду окшойт. Жыл ичинде кандай иштерди аткара алдыңыздар?

- Өткөн жыл ичинде облусубуздун аймагында бардыгы болуп 5133 чарбалык объект катталган, алардын ичинен жыл ичинде 2402 объектиге дыкаттык өрттүк-техникалык кароо жүргүзүү пландаштырылган. Өткөн жылы пландаштырылган объектилердин 1684ү дыкаттык өрттүк-техникалык кароодон өттү. Бул 2009-жылга салыштырмалуу дыкаттык өрттүк-техникалык кароонун саны 26,9 пайызга азайган.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын жана КРнын ӨКМнин алдындагы өрт коопсуздугу боюнча агенттигинин көрсөтмө буйруктарынын негизинде 809 объектиге ыкчам текшерүү жүргүзүлгөн.

Чарбалык объектилерде өрттүк-техникалык кароолорду жүргүзүү учурунда өрт коопсуздук эреже-нормаларын одоно түрдө бузушкан 253 атуулга административдик жаза түрүндө 64 миң 450 сом өлчөмүндө айып салынган. Өрт коопсуздук абалында пайдаланылып жаткан 27 айрым бөлмөлөрдүн, ошондой эле авариялык абалда пайдаланылып жаткан 1285 электр бөлүктөрүнүн жана стандарт түрүндөгү эмес электр жабдыктарынын пайдалануусуна убактылуу тыюу салынган.

- Калк арасында өрт коопсуздугун сактоо багытында кандай иштер жүрүп жатат жана өткөн жылы облсута канча өрт кырсыгы катталды?

- Биз эң оболу бул багытта элге маалымат берүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү колго алганбыз. Жалал-Абад облустук өрт коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан профилактикалык маанайдагы 59 макала жергиликтүү жана облустук масштабдагы гезиттерге жарыяланып, 155 радиоуктуруу жана телекөрсөтүүлөр уюштурулган.

Тилекке каршы, жогорудагыдай өрткө каршы жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иштерге карабай, өткөн жыл ичинде облус аймагында 1063 өрт кырсыгы катталып, андан келтирилген материалдык зыян 224 млн. 744 миң 785 сомду түзгөн (бул көрсөткүчкө азырынча массалык тополоң учурундагы өрт кырсыктарынан келтирилген зыяндардын көпчүлүк бөлүгү кошула элек), өрт кырсыктарында 8 адам каза болуп, ыкчам аракеттердин негизинде 4 адамдын өмүрү жана 58 млн. 932 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калынды.

Ал эми, мурунку 2009-жылга салыштырмалуу өрт кырсыгынын саны 2,4 эсеге, ал эми өрттөн келтирилген материалдык зыян 17,5 эсеге көбөйгөн. Тактап айтканда, 2009-жыл ичинде 446 өрт кырсыгы катталып, өрттөн келтирилген материалдык зыян 12 млн. 814 миң 087 сомду түзүп, 13 адам каза болгон.

Өткөн жылы өрт кырсыктарынын кескин түрдө көбөйүп кетүүсү бардыгыбызга белгилүү болгондой, июнь айында облус аймагында коомдук-саясый абалдын курчуп кеткендигине байланыштуу болуп олтурат.

Тактап айтканда, массалык тополоң учурунда облус боюнча 578 өрт кырсыгы катталып, анын ичинен 458 турак жай жана короодогу курулуштар, 112 жеке менчик ишканалар, бир автотранспорт жана төрт социалдык, эки билим берүү, бир ИИМдин объектилери өрттөн жабыркаган. Аталган өрт кырсыктарынан келтирилген жалпы материалдык зыян түзүлгөн комиссиялардын бүгүнкү күнгө чыгарган жыйынтыктары боюнча 505 млн. 417 миң 687 сомду түздү.

- Айыл-чарбасында да өрт кырсытары көп болгондугу баарыбызга белгилүү. Бул багытта кандай иштер аткарылат?

- Кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноодо өрт коопсуздугунун алдын алуу максатында облусубуздун аймагында жайгашкан дан эгиндерин төгүүчү кампаларга жана башка жардамчы имараттарга, ошондой эле өнөктүккө тартылган бардык техникаларга өрттүк-техникалык кароолор жүргүзүлгөн. Ал эми кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйуу мезгилинде 5 гектар буудай аянты өрттөн жабыркаган.

Атайын өрт өчүрүүчү техникалар кароолор көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө аткарылган. Ал эми ай сайын өткөрүлүүчү 2-техникалык кароолор 33 жолу өткөрүлгөн.

Өрт кырсыктары менен күрөшүүдө негизги багыттардын бири болуп чарбалык объектилерде, калктуу пункттарда өрткө каршы суу булактарын көбөйтүү жана аларды оң абалда кармоо болуп эсептелет.

Суу булактарынын абалын жакшыртуу максатында өрткө каршы мамлекеттик кызматтын облустук башкармалыгынын райшаардык бөлүмдөрүндө суу булактарынын схемаларын түзүп, аларды мезгил-мезгили менен оңдоп-түзөп, жергиликтүү "Сууканал" мекемелери менен биргеликте иш алып барышат. Өрткө каршы гидранттардын абалы "Сууканал" мекемесинин жумушчулары менен бирдикте текшерилип чыгып, жыйынтыгында акт түзүлүп, табылган кемчиликтерди жоюу үчүн аткаруу мөөнөттөрү чектелген.

- Мындан башка да кандай жетишпестиктер бар?

- Облус аймагында каттоодо турган 774 өрткө каршы гидранттын 328и бузук абалда болуп, жалпы санынан 57,6 пайызды түзөт. Ушундай эле көрүнүш өрткө каршы суу көлмөлөр боюнча кездешет. Район-шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызматтын жетекчилерине өрткө каршы гидранттарды жана суу көлмөлөрүн оң абалда болуусуна көзөмөл кылуу, бузуктарын оңдоо боюнча көрсөтмөлөр берилген. Тилекке каршы аткарылган жумуштарга карабастан бул багытта иш солгундап келет.

- Өрт өчүрүүчүлөрдүн эмгектери бааланып турабы?


- Кызматтык милдеттерин мыкты аткарган 112 кызматкер, анын ичинен 37 офицер акчалай сыйлык жана грамоталар менен сыйланышкан. Ошону менен бирге өз милдеттерин так аткарбагандыгы жана башка тартип бузуулар үчүн 12 кызматкер дисциплинардык жазасына тартылган, анын ичинен 6 офицер бар.

Маектешкен Анархан Жаңыбаева.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу