Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
06/01 13:54
 

А. Шадиев: Өзбекстан Кыргызстанга жаратылыш газынын баасын былтыркыдан арзандатып берери арсар

(КР Энергетика министри А. Шадиев “КАБАР” агенттигине кыскача интервью берди).

“КАБАР”- Кыштын суугунда электр жарыгынын тез-тез өчүп калышы эмнеге байланыштуу болууда?


А. Шадиев: -2011-жылы 5-январга чейин КР Энергетикалык тутуму кадимки жумушчу режиминде иштеп жаткан.
“Кыштын суук болуп жаткандыгына байланыштуу, энергияны пайдалануу көбөйүүдө. Ошондуктан эскирип калган электр жабдыктар, электр линиялар ашыкча чыңалууну көтөрө албай, айрым көмөкчордондор иштен чыккан.
Кечээ саат 18-28де Күрпсай ГЭСинде, андан кийин, саат 18-35те, Өзбекстанга өтчү “Кристалл-Юлдуз” энергетика тутумунда авариялык абал түзүлгөндүктөн Кыргызстандын энергетикалык тутумун жеңилдетүү үчүн бир катар өчүрүүлөр болгон.
Айта кетиш керек, Кыргызстандагы авариялык абалдын кесепетин Казакстандын түндүк райондорундагы жашоочулары да тарткан.

“КАБАР”: - Кыргызстандыктарды Өзбекстандан келчү жаратылыш газынын баасы кызыктырып жатат. Ушул убакка чейин баанын башы ачыла элек. Ташкент газдын баасын 10-15 доллар гана ылдыйлатып бере турганын айткан эле. Ошентсе да кошуна мамлекет газдын баасын арзандатып берет деген элде үмүт бар.

А. Шадиев: - Өзбекстан бизге газдын баасын коммерциялык, эл аралык деңгээлдеги баалардын негизинде эсептеп чыгарууда. Эгерде мурун алардын экономикалык көз каранды эместигинин башкы көзүрү пахта болуп келсе, азыр газ. Ошондуктан жаратылыш газынын миң кубметрин 140-160 доллардан берүүсү арсар.

“КАБАР”:- Кыргызстанда бааны арзандатууга көмөк кыла турган рычагдарыбыз барбы. Эгерде бар болсо, алар кайсылар?

А. Шадиев:- Мен андай рычагдарды билбейт экенмин.

“КАБАР”:- Дагы бир маалымат боюнча, Өзбекстан эмнегедир Казакстанга газды 90 доллардан берет экен.  Эмне үчүн бизге мындай мамиле жасабайт? Же алардын өз ара келишимдери барбы?

А. Шадиев: - Менин билишимче, Казакстан газды Россия Федерациясынын газ түтүктөрү аркылуу үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде алат. Ал эми Сиз айткан баада алабы, же башка баада алабы, ал туурасында маалыматым жок. (Н. Куламбаев)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу