Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
05/01 17:20
 

А. Кожомкулов: Жогорку Кеңештин эки депутатына бирден машина туура келүүдө


БИШКЕК, 5-январь. (КАБАР). Депутаттарды кызматтык машина, квартира менен камсыз кылуу маселеси буга чейин эле кызуу талкууланып келген. Коомчулук аларга үй, машина берилбеши керектигин айтышса, шайлоо учурунда далай депутаттар өздөрү эле баш тартыша тургандыгын убада кылышкан. Мындай убадалар ишке ашып жатабы, канча депутат кызматтык квартира, автоунаага муктаждыгын билдирүүдө деген сыяктуу суроолор менен Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Кожомкуловго кайрылдык.

“КАБАР”: Алмазбек Аттокурович, учурда Жогорку Кеңештин карамагында канча квартира бар? Алардын канчасы бешинчи чакырылыштын депутаттарына берилди?


А. Кожомкулов:
Учурда Жогорку Кеңештин карамагында 2010-жылдын башында пайдаланууга берилген 30 батирлүү үй бар. Бул батирлер Жогорку Кеңештин расмий чечими чыкканга чейин убактылуу жашап туруу үчүн жатакана катары бешинчи чакырылыштын депутаттарына берилди. Алар аймактардан келген, үйү жок депутаттар болуп саналат. Бул үй Жогорку Кеңештин тийиштүү комиссиясынын чечими менен берилген. Мындан тышкары Бишкек шаарынын ичинде Жогорку Кеңешке караштуу 5 батир 5 фракцияга берилип, алар өздөрү ич ара чечим чыгарып, кимге үй зарыл болсо, ошолорго убактылуу жашаганга бөлүнүп берилди. Эми бул үйлөрдүн баары кимге берилээрин атайын комиссия иликтеп, бөлүштүрөт. Ким аймактан келген, кимдин канча үй-бүлө мүчөсү бар экендиги такталып, кызматтык үй катары 5 жылга ордер берилет.

“КАБАР”: Батирлер кандай жол менен бөлүштүрүлдү: депутаттардын жазган арыздарына каратабы же фракциялардын сунуштары боюнчабы?

А. Кожомкулов: 30 батирлүү үй ким үйгө муктаж болсо, жазган арызына карата берилди. Мында пропорционалдык, тагыраак айтканда, фракциядагы депутаттардын санына карата ар бир фракцияга бөлүштүрүлүп берилди. Андан соң фракция ичинде ким муктаж болсо, өз ара чечим чыгарышты.

“КАБАР”: Эми автоунааларга токтоло кетсеңиз. Жогорку Кеңештин канча автоунаасы бар, алар кандайча бөлүштүрулдү?


А. Кожомкулов: Жогорку Кеңешке тиешелүү автоунаалар Убактылуу Өкмөттүн чечими менен башка түзүмдөргө убактылуу пайдаланууга берилген болчу. Учурда алардын дээрлик бардыгы кайтарылып, Жогорку Кеңештин карамагында 59 автоунаа бар. Мындан тышкары убагында Ички иштер министрлигине берилген 10 машина кайтарыла элек. Бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бүгүнкү күндө 59 машина менен депутаттарды камсыз кылуудабыз. Бул дагы Жогорку Кеңештин палатасынын чечими чыкмайынча, убактылуу “кезекчи” (“дежурка”) катары депутаттарга берилүүдө. Бул автоунаалар кызматтык машина болобу же персоналдыкпы, же “кезекчи” катары пайдаланылабы аны палата өзү чечмекчи.

“КАБАР”: Бүгүнкү күндө үй, автоунаа берүү боюнча депутаттардан арыздар түшүп жатабы?

А. Кожомкулов: Биз Жогорку Кеңешке тиешелүү бардык үй, автоунааларды депутаттардын санына карата фракцияларга бөлүштүрүп бергенбиз. Ал эми депутаттардан үй же машина берүү боюнча арыздар түшкөн жок. Учурда эки депутатка бир машина туура келип, алар аны кызматтык машина катары эмес, “дежурка” катары гана пайдаланышууда.

“КАБАР”: Мындай суроо шайлоо учурунда депутаттардын кызматтык үй, машинадан баш тарта турганды байма-бай айтылганына карата берилүүдө. Расмий түрдө квартирадан да, автоунаадан да баш тарткан депутаттар барбы?

А. Кожомкулов: Азырынча квартиралар менен машиналар кызматтык катары бөлүнүп бериле элек. Албетте, карамагыбыздагы 59 автоунаа 120 депутаттты камсыздай албастыгы белгилүү. Баш тарткандар болууда. Алар өздөрүнүн машинасы менен жүрүүдө. Учурда кызматтык квартира, автоунаа алуу боюнча депутаттарда талап жок.

“КАБАР”: Эгерде 120 депутат тең “бизге кызматтык машина керек” деп чыкса, аларды толук камсыздаганга мүмкүнчүлүк барбы?

А. Кожомкулов: Палата бардык депутатты кызматтык машина менен камсыздоо чечимин кабыл алса, аларды толук камсыздаганга бизде мүмкүнчүлүк жок. Баары квартира бергиле дешсе, да жетпейт. Бирок депутаттын баары эле квартира, машина алабыз дебейт. Анткени алардын баары аймактан келген жок.

“КАБАР”: Сиздерде канча депутат аймактардан келгендиги тууралуу маалымат барбы?


А. Кожомкулов: Бизде бул боюнча маалымат жок. Себеби депутаттар бир мандаттуу округ боюнча эмес, партиялык тизме боюнча шайланышты. Ошондуктан, кайсы депутат аймактан келгендигин фракция жетекчилери тактап беришет.

“КАБАР”: Мурдагы депутаттардын кызматтык машина жана квартираларды кайтарбай койгон учуру барбы?

А. Кожомкулов: Мындай учур жок. Мурдагы төртүнчү чакырылыштын депутаттары бардык кызматтык автоунаалар менен батирлерди кайтарып берген. Бул жаатта көйгөй жок. Ал эми ага чейинки чакырылыштагы депутаттардын кызматтык квартира жана машиналарды ээлеп алгандыгы боюнча менде так маалымат жок.

“КАБАР”: Учурда депутаттар иштеп жаткан Ак Үйдүн имараты апрель окуясында талкалангандыгы белгилүү. Имаратты оңдоого канча каражат сарпталды?


А. Кожомкулов: Биз, Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы, депутаттар менен катар эле бул имаратка көчүп келдик. Ак Үйдү оңдоп-түзөө ишин Президенттин иш башкармалыгы аткарды. Биз болсо мурдагы Жогорку Кеңештин имаратында иштеп, ошол имаратты оңдодук. Апрель окуясында талкаланган мурдагы Жогорку Кеңештин имаратын оңдоого 46 миллион 300 миң сарпталаарын атайын комиссия аныктап чыккан. Бул каражаттын бир да сому мамлекеттик бюджеттен алынган жок. Сырттан каражат издеп таап, имараттын ичин оңдоп-түзөдүк.

“КАБАР”: Учурда депутаттар, Жогорку Кеңештин аппараты, ошондой эле Президенттин аппараты жайгашкан Ак Үйдүн имаратында иш бөлмөлөрү жетиштүү болдубу?

А. Кожомкулов: Иш бөлмөлөрү тартыш болууда. Биз биринчи кезекте депутаттарды жайгаштырып, жардамчыларына болушунча бөлмөлөрдү таап бердик. Жогорку Кеңештин аппаратынын бөлүмдөрүн жайгаштырдык. Айрым бөлүмдөр аралаш отуруп, иш бөлмөлөрү жетпей жатат. Айрым кызматкерлер коридордо иштегенге аргасыз болууда. Бул маселени чечүү боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы болгон аракетти көрүүдө. Жалпысынан Ак Үйдө 240тай иш бөлмөлөрү бар. Анын ичинде 40ка жакыны Президенттин аппаратына берилген.

“КАБАР”: Иш бөлмөсүнө карата депутаттардын нааразычылыгы жокпу?

А. Кожомкулов: Депутаттардын иш бөлмөлөрү ар кандай шартта. Бири толук камсыздалса, айрымдарында кемчиликтер бар. Бирок депутаттар абалга түшүнүү менен мамиле кылып, нааразылыктар боло элек. (Аңгемелешкен М. Ибраева)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу