Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
25/12 11:15
 

Э. Эрматов: Эски бийликтин тушунда кыргыздардын тилин, маданиятын жоготуу саясаты жүрүп келди

Учурда парламентке шайланган депутаттардын арасында адабият, маданият өкүлдөрү саналуу гана. Алардын арасында эски малдын көзүндөй болуп белгилүү акын, жазуучу, Баткендин ширин өрүгүндөй, жагымдуу , уккулуктуу сүйүү ырларына обон чыгарылып, далай сезимдерди сергиткен, бирок байлар менен чиновниктерди мактап ода жазганды “билбеген”, дал ушул сапатынан улам эски бийликтин тушунда куугунтукталып, кичи мекени Кадамжайда 12 жыл “сүргүндө” жүргөн КСДП фракциясынын мүчөсү Эгемберди Эрматов бар. Биз пайгамбар куракка келип, ажылык вазийпасын аткарып келген Эгемберди агайдын кандайча депутат болуп, саясатка аралашып калгандыгы жана депутат катары ой-максаттарын билүү максатында кепке тарттык.

- Эгемберди агай, эң оболу кеч болсо да “КАБАР” агенттигинин атынан депутаттык мандатка ээ болушуңуз менен куттуктайбыз. Биз сизди акын катары жакшы билген менен саясатка аралашат деп күткөн эмеспиз...

- Куттуктаганың үчүн ырахмат. Өзүңөр жакшы билгендей, мен акыркы 12 жылдын аралыгында Бишкекте көрүнбөй калганмын. Анткени эки экс-президенттерибиздин тушунда адабият, маданият тармагына көңүл бурулбай, кайра жок кылуу саясаты жүрүп, жалаң кошоматчылар менен эки жүздүүлөрдүн иши жүрүшүп, катардагы акын, жазуучу, искууство өнөрүнүн өкүлдөрү деградациялык абалга кабылганда мен да кичи мекеним Кадамжайга кетип калып, Кызыл-Кыя гуманитардык институтунда иштеп жүрдүм.
Бирок эртеңки күндөн үмүт үзбөй, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын идеясы көңүлүмө жаккандыктан, бул партиянын райондук бөлүмүнүн ишин жүргүзүп келдим. Баарыңарга белгилүү, апрель революциясынын башында ушул партия турду. Ошондуктан парламенттик шайлоодо жетиштүү добуш топтогондуктан, мен да депутаттык тизмеге кошулуп калдым. Ал эми депутат болгондугумдун негизги себеби – өлкөбүздүн адабият, маданият, искусство тармагынын көйгөйлүү маселелерин чечүү болуп саналат. Мындан тышкары Кадамжай району аймагында жайгашкан Баткен облусунда көптөгөн социалдык, экономикалык, чек ара жана башка маселелер бар. Мен 12 жыл боюу элетте жашап, аларды чечүүнүн да жолдорун билип калдым. Дал ушул жагдайлардан улам саясатка аралашууга туура келди.

- Өткөн жумада парламенттин төрагасы менен өлкөбүздүн өкмөт башчысы, бул жумада төраганын орун басарлары шайланып, комитеттердин саны такталып, депутаттар ишин баштады. Бирок 10-октябрдагы шайлоодон бери эки айдан ашык убакыт өтүп, бир эле кыргыз эли эмес, бүтүндөй коомчулук тынчсызданды. Эмне үчүн бул кызмат орундарына жетекчилерди шайлоо көпкө созулуп кетти?

- Алгач президентибиз Роза Отунбаева парламенттик көпчүлүк коалицияны түзүүнү КСДП фракциясына тапшырган эле. Бирок бул коалиция тарабынан спикерликке сунуш кылынган Ө. Текебаевдин талапкерлеги өтпөй калган соң, көпчүлүк коалицияны түзүү мандаты “Республика” фракциясына тапшырылып, алар сунуштаган парламент төрагасы менен өкмөт башчыбыздын талапкерлиги депутаттар тарабынан көпчүлүк добушка ээ болду. Менимче мындан эч кандай трагедияны издөөнүн зарылчылыгы жок. Кайра бул бизде чыныгы демократия орногондугунун, Кыргызстанда парламенттик бийлик курулгандыгынын белгиси. Буюрса, баардык кыйынчылыктар артта калып, мамлекетибиз өнүгүү жолуна түштү деп айта алабыз.

- 2010-жыл Кыргызстан үчүн өтө оор болду. Апрель революциясында токсонго жакын эр азаматыбыз окко учуп, беш жылдын аралыгында экинчи революция жасап, алсырап турганыбызда арадан эки ай өтүп, түштүктөгү улуттар аралык жаңжал чыкты. Кылымдар боюу бирге жашаган эки элдин ортосунан от чыгып, жүздөгөн жаштарыбыздын өмүрү кыйылды, далайы дале дайынсыз жок болууда. Сиз пайгамбар жашына келип калган аксакал, түштүктүн кулуну катары бул окуялардын чыгышынын себебин эмнеден көрөсүз?

- Элибиздин, мамлекетибиздин эркиндиги, келечеги үчүн жаны кыйылган уул-кыздарыбыздын жаны жаннатта болсун, алардын арбагына таазим кыламын. Апрелдеги элдик революциянын чыгышын баштан-аяк айтып отурбайын, ал тууралуу элдин баары билет. Негизги себеп элибиз 2005-жылдын 24-мартындагы революциянын максаты ишке ашпай, Акаевдин тушундагы коррупция, үй-бүлөлүк башкаруу Бакиевдин тушунда андан бетер күчөп, алдым-жуттумдар менен шылуундардын арааны жүрүп, Кыргызстандын байлыгын эл аралык алдамчылар талап-тоногондугу жана жанга баткан кымбатчылык, жумушсуздук, жакырчылык болду.

Ал эми түштүктөгү июнь коогалаңынын себеби башка болгон менен көптөн бери кыргыз элине каршы план түзүп, Кыргызстанды бөлүп-жарууну көздөп жүргөн душмандар дал ушул апрель революциясындагы башаламандыктан пайдалангысы келип, мамлекетибиздин шаштысы кетип турган учурда ошол котур ташын койнуна катып жүргөндөр эки элдин ортосуна от жакты. Албетте, бул жерде социалдык көйгөйлөр да жок эмес. Ага эски бийликтердин тушунда жеке кызыкчылыгын ойлоп, коррупцияга белчесинен баткан жергиликтүү жетекчилердин күнөөсү тоодой. Бирок, июнь коогалаңы 1990-жылы 4-июндагы Ош окуясынын туура 20 жыл өтүп кайталанып жаткандыгын эске алсак, бул маселенин тамыры тереңде жаткандыгын аңдоого болот. Себеби Ош окуясына өз учурунда саясый баа берилип, күнөөлүүлөр жазаланбагандыктан, 20 жылдан соң кайра кайталанып отурат. Менимче карапайым кыргыздар менен өзбектердин күнөөсү жок. Өткөн айда Ошто ар кандай чагымчылык мүнөздүгү баракчалардын табылышы, курал-жарак менен террорчулардын жок кылынышы бул коркунуч бизге сырттан келип, алар дале тынч жатпагандыгы ачыкка чыгып калды. Жергиликтүү кыргыздар менен өзбектерге эң оболу тынчтык керек. Ал тургай биз бири-бирибиз менен кыз алышып, уул үйлөп, куда-сөөк болуп калганбыз. Июнь окуясын мамлекеттик, эл аралык комиссиялар иликтеп жатат. Мындан тышкары парламенттик комиссия да түзүлдү. Алар окуянын чыныгы күнөөкөрлөрүн аныктап, саясый баа берүү менен тамырын жулуш керек. Ошондо гана экинчи мындай кайгылуу окуялар кайталанбайт деп ойлоймун.

- Кайсы заманда, кайсы мамлекетте болбосун, коомду интеллигенция өкүлдөрү артынан ээрчитип жүрөт. Ал эми Сиз ошол бүгүнкү кыргыз интеллигенциясына кандай баа бересиз?

- Тилекке каршы, интеллигенциянын коомдогу сен өзүң айткан баркын окшошуп качып кеткен эки экс-президенттерибиз да, алардын жан-жөкөрлөрү да баалабай койду. Болбосо биз “сенектик доор” деп атап келген СССРдин тушунда жазуучулар менен акындарга мамлекет камкордук көрүп, китептерин чыгырып турчу. Искусство ишмерлеринин да кем-карчы болбой, чыгармачылык менен гана алектенчү. Демек, алар коомду рухий жактан азыктандырып, ошону менен терс жолго түшүрчү эмес. Азыр деле постсоветтик мамлекеттерде жазуучулар менен акындар мамлекет тарабынан камкордукка алынган. Аларда биздегидей итке минген абал жок. Бирок эски бийликтер баарыбызды талаага таштап койгондуктан, биз өзүбүз моралдык деградацияга туш болдук. Айрым гана шылуун, эки жүздүү, алдым-жуттум акын, жазуучулар жалпы калемдештеринин атын сатып, мамлекеттен материалдык жардам алып турушту. Ошол эле учурда нукура таланттуу калемгерлердин чыгырмалары жарык көрбөй, супсак, кайсы бир чиновникти мактаган же элдин рухий табитин бузган чыгырма сөрөйлөр жайнап кетти. Башканы кой, кыргызды дүйнөгө тааныткан залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун сегиз томдугун чыгарууга мамлекет сегиз сом бербей койгондугу алардын чыныгы маңкуртка айланып калгандыгын далилдеп турат. Ушул бүгүнкү күндө мүлкүнөн, бир кездеги имаратынан ажыраган жазуучулар союзу кеңсеси жок ижарада отурат.

- Жашырганда эмне, азыр көбүнчө билимине караганда байлыгы көп адамдар депутат болуп келишти. Бирок өмүр боюу ыр жазып келаткан акын кантип депутат болуп калды жана Сиз парламентте кандай маселелерди көтөрөсүз?

- Башкалардын кантип депутат болушкандыгын билбеймин. Ал эми өзүм башта айтып өткөндөй, КСДП партиясында 1995-жылдардан бери эле мүчөсүмүн. Акыркы 12 жылда өзүмдүн кичи мекеним Кадамжай районунда жашап, ал жакта да жөн жүрбөй, чыгармачылык менен алектенип, 5-6 китебимди чыгардым. Мындан тышкары өз партиябыздын ал жактагы ишин жүргүзүп келген эмгегим жана чыгармачылыктын арты менен аздыр-көптүр адабиятыбызга кошкон салымым эске алынып, партиянын алдыңкы сабына кошулдум окшойт.

Албетте, ар бир депутат өзүнө жакын маселелерди козгойт. Мен да чыгармачыл адам, интеллигенциянын өкүлү катары өлкөбүздүн адабият, маданиятына салым кошуп, элдин руханий жан дүйнөсүн жакшыртууну негизги милдетим деп эсептеймин. Бул тармактын кайсыл жагы аксап, кандай көйгөйлөр бар экендигин жон терим менен сезип келатам. Жогоруда учкай айтып өткөндөй, акыркы 20 жылда адабият, маданият, искусствого такыр эле көңүл бурулбай калды. Анын кесепетинен акын, жазуучулар көчөдө калып, өзүнүн кара башын багалбай калды. Чыгармалар жазылбай, театрларда спектаклдар коюлбай, эч ким басып барбайт. Ошол өзүбүз чыгарган китептер болсо калың элдин катмарына жетпей жатат. Мындай кайдыгерлик көрүнүш мурунку бийлик элине карөзгөйлүк кылып, рухун, духун тебелөөгө аракет жасагандан улам келип чыкты. Албетте, дүйнөгө “Манастай ” улуу эпосту жараткан, Ч. Айтматовдой залкар жазуучуну берген, нечен миң жылдардан бери каада-салты, маданияты аркылуу улуттук жүзүн сактап келаткан кыргыз элинин улуу дөөлөттөрүн басмырлап, жок кылуу кокусунан эле боло калган жок. Мындай саясат айрым эл аралык күчтөр тарабынан атайын жасалып, элибизди рухий жактан кризиске алып келди. Бүгүнкү күндө биз 20 жыл мурда эгемендүү мамлекет болгонубуз менен алга жылуунун ордуна тилибиз, дилибиз, маданиятыбыз жоголуп бараткан элге айландык. Чыныгы таланттуу акын, жазуучулардын чыгармаларын эл окуй албай жатат. Мен бир топ жыл Кызыл-Кыядагы гуманитардык-педагогикалык институтта адабияттан студенттерге лекция окуп жүрүп кыргыз акындарынын китептери карапайым элге эмес, окутуучулар менен студенттерге да жетпей жаткандыгын көрдүм. Мындан тышкары айрыкча Баткен чөлкөмүнүн эли маалыматтык жактан да чоң муктаждыкка учураган. Анткени кыргыз гезиттери жетпейт, кыргыз телевидениеси менен радиосу көрсөтпөйт, угулбайт. Жогорку курстардын студенттеринен кыргыз акындарын, жазуучуларын, артисттерин сурасаң билишпейт. Көрдүңбү, элибиз кайда баратат? Руханий башаттан ажырап калуу деген ушул да.

Ошол эле учурда Өзбекстандын ондогон телевидениеси түнү-күнү көрсөтүп, жаш баладан кемпир-чалга чейин көргөндүктөн, жергиликтүү жетекчилерге караганда Өзбекстандын ырчыларын, раисин, хокимин жакшы билишет. Элибиздин өзөгүн түзгөн айылдарда ушундай абал өкүм сүрүп турса эртеңки күн жөнүндө эмнени ойлонобуз? Балдарыбыз кантип өз мекенин сүйүп чоңойот? Өз тилин, дилин, маданияты менен искусствосун билбеген эл эч качан өсүп-өнүкпөйт. Акаев менен Бакиевдин тоталитардык, үй-бүлөлүк бийлиги бизди ушундай абалга алып келди. Бирок ошого карабай азыр деле эл арасында түшүндүрүү иштери жок. Беш жылда экинчи ирет революция жасалып, токсонго жакын балдарыбыз жаңы бийлик үчүн жанын беришсе да бакиевчилер сасык саясатын улантып, бийликти алуу үчүн элди бузуп-жарууну улантышууда.

- Парламенттик шайлоо учурунда, азыр деле коомдо депутаттардын кызматтык машинеси, маянасы жана башка чыгымы тууралуу ар кандай пикирлер айтылды. Сиз бул маселе боюнча эмне деп айтар элеңиз?

 
- Албетте, мындай сөздөр мамлекеттин каражатын үнөмдөө максатында айтылгандыгы белгилүү. Мен өз пикиримди шайлоонун алдында эле айтканмын. Депутаттын жардамчысын, маянасын кыскартып койгондон эле мамлекеттин экономикасы көтөрүлүп кетпейт. Каражатты үнөмдөөнүн башка да жолдору толтура. Эң оболу экономиканы көтөрүп, элди жумуш менен камсыз кылуу керек.

- Жаңы жыл алдында кыргыз элине кандай каалоо-тилектериңиз бар?


- Ылайым, жаңы жыл элибизге эң оболу тынчтыкты, бейпилдикти алып келсин. Эки ирет зулум бийликти кулаткан кыргыз элинин канында эркиндикти эңсеген улуулук, адилетсиз башкарууга баш ийбеген баатырдык, ошол эле учурда айкөлдүк менен меймандостук сапат бар. 2011-жыл кыргыз элинин тарыхында баардык жамандыктар артта калып, жакшылыктар коштогон, экономикабыз өнүгүү жолуна түшкөн жыл болсун.

Маектешкен Эмилбек МОМУНОВ

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу