Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
20/12 09:04
 

Жалал-Абад облусу боюнча июнь айындагы улуттар аралык коогалаңдан 392 ишкер жабыр тарткан

Коогалаңдын кесепетинен ишкерлер тарткан зыянды аныктоо боюнча облустук мамлекеттик администрациянын алдындагы жумушчу топтун аткарган иштери боюнча облустун губернаторунун орун басарынын милдетин аткаруучу Кадырбек Жакыпов кабарчыбыздын суроолоруна жооп берди.

- Кадырбек Абдуллатович, жабыр тарткан ишкерлердин так саны аныкталып, алардын тарткан зыяны такталып бүттүбү?

- Облусубуздун район-шаарларынан алынган маалыматтарга ылайык, жалпысынан облус боюнча 392 ишкер жабыр тарткан. Бүгүнкү күнгө карата 326 ишкер арыз менен жергиликтүү комиссиялардын каттоосунан өтүп документтерин тапшырды. Ал эми облустук жумушчу топтун кароосунан 302 документ өтүп, толугу менен кабыл алынды.
Июнь айындагы коогалаңдын кесепетинен жабыр тарткан ишкерлерге келтирилген зыянды аныктоо боюнча облустук мамлекеттик администрациянын алдындагы жумушчу топко тапшырылган документтер боюнча жабырлануучулардын тарткан зыянынын көлөмү - 289 млн. 344 миң 545 сомго, ал эми жергиликтүү комиссиялардын актысына ылайык 253 млн. 574 миң 562 сомго барабар болгон.

- Документтери так болбогон ишкерлер да болсо керек?

-Айрым ишкерлердин тапшырган документтери толук болбогондуктан жана коюлган талапка жооп бербегендиктен жумушчу топтун кароосунан өткөн жок. Атап айтканда Сузак районунан 4 ишкердин, Ноокен районунан бир атуулдун, Жалал-Абад шаарынан 2 ишкердин, Базар-Коргон районунан 4 ишкердин документи өткөн жок.

- Июнь коогалаңында автоунаасы, үй-мүлктөрү таланып-тонолгон жабырлануучулар да жумушчу топко арыз менен кайрылыштыбы?

-Менчик автоунаа ээлеринин, үй-мүлктөрү таланып-тонолгон жабырлануучулардын жана коогалаңдын кесепетине байланыштуу кыйыр түрдө жабыр тартышкан атуулдардын документтерине атайын тизме түзүлдү. Атап айтканда, Сузак районунан 5 ишкер, Жалал-Абад шаарынан 9 адамдын тапшырган документтери реестрге кирүүчү талаптарга так жооп бербейт. Бирок ошол эле учурда алардын жабырлануучу экендиктери белгиленип, атайын жардам көрсөтүү маселеси менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө кайрылуу зарыл деп эсептейбиз.

- Мүлктөрүн күрөөгө коюп, коммерциялык банктардан кредит алган жабыркаган ишкерлер канча?


- Коммерциялык банктардан ар кандай мүлктөрдү күрөөгө коюп, кредит алып, жабыр тарткан 174 ишкер бар. Алардын жалпы кредиттик портфели 183 083 779,40 сомду түзөт. Бүгүнкү күнгө карата жабырлануучулардын банктарга болгон кредиттик карыздын өлчөмү 145 621 198,12 сомго барабар. Банктар тарабынан жеңилдик катарында кредиттердин төлөө мөөнөтү узартылып, пайыздык үстөктөр токтотулуп, категориясына жараша жардамдар көрсөтүлдү.

(Маектешкен А. Жаңыбаева)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу