Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
15/12 09:49
 

Жазуучу-журналист С. Усупов: Бүткүл өмүрүмдү журналистикага арнадым

Республикага белгилүү журналист-жазуучу Станбек Усуповдун жакында кезектеги “Мезгилим жана мекендештерим” аттуу көркөм-публицистикалык көлөмдүү китеби жарыкка чыкты. Азыр ардагер журналист БГУнун профессору, болочоктогу журналисттерге сабак берет. Жаңы жыл алдында С. Усупов “КАБАР” агенттигинин суроолоруна жооп берди.

“КАБАР”: - Станбек Усупович, сиз сабак берип жаткан студенттердин билим деңгээлине кандай баа бересиз?

С. Усупов: -Жалпы жонунан айтканда бул мектептеги алган билимге тыгыз байланыштуу. Мектепте жакшы окуган окуучу, жогорку окуу жайында деле ошондой окуйт. Азыр мектептерде окутуу солгундап кетти -деп жатабыз. Чынын айтканда мурунку жылдары мектептерде окутуу, тартип, кадрлар маселеси бир топ катуу коюлган. Азыр окутуу деңгээли төмөндөп кеткени байкалат. Муну моюнга алыш керек. Ошентсе да билим алуу деңгээли ар жерде ар кандай. Айыл жерлерде, алыскы райондордо тарбия, окуу деңгээли төмөн экени байкалып турат. Ал эми шаарларда бир кыйла жогору. Чын-чынына келгенде бардык жерде бирдей деп жыйынтык чыгарууга болбойт. Айылда деле жакшы мектептер бар, шаарда деле начар окуткан мектептер жок эмес.

  Биз окутуп жаткан студенттердин дэңгээли туурасында айтсак, алардыкы деле ар кандай. Алар деле мектептен келген окуучулар да. Бирок, быйылкы биринчи курска кабыл алынган көпчүлүк студенттердин билим деңгээли кыйла жогору экендиги байкалды. Аларда ар тараптуу терең билим алууга умтулуу, көптү билүүгө аракет жасоо бар экендиги байкадык. Сүйлөшө келгенде ой жүгүртүүлөрү кенен экендиги билинүүдө.

“КАБАР”: - Акыркы китебиңизде кыргыздын чыгаан уул-кыздары туурасында да жазыптырсыз. Алар ошол убакта жазылды беле же кийин эле кагазга түшүрдүңүзбү?

С. Усупов: - Бул көп жылдар бою жазылып келаткан эмгектер. 20-30 жылдык ой жүгүртүүлөрдүн жемиши. Очерктер, публицистикалык макалалар.
Бир аз темадан четтейин. Азыр студенттерге, болочок журналисттерге сабак берип жатам. Алар ар тараптуу билим алышы керек. Ар бир журналист адистешүүсү зарыл. Кай жерде иштебесин, көп эле материалдарды жазышат. Алар ошол мезгил менен кетип калат. Окуялар эскирип калат. Ар бир журналисттин өзү кызыккан темалар болот эмеспи. Алар өз каалоосу менен жазат. Мен өзүм кызыккан темам: “адам, мезгил, тагдыр” деп аталчу. Ар бир адамдын тагдыры өз колунда. Убагында эмгектениш керек, окуш керек.

Мен өткөн бир жылдарда жаштардын “Ленинчил жаш” гезитине “өнөрлүү өлбөйт” деген рубрика ачып, көркөм өнөр адамдар жөнүндө, замандаштар туурасында эскерүүлөр түрмөгүн жазып, жарыялаганмын. Ошол убакта Жалил-режиссер, Тенти-журналист, Жолдошбай-акын, Белек-сүрөтчү деген жана башкалар. Ошол кезде жазганымдын бардыгы гезит берине жарыяланган эмес. Ошолордун эмгеги, элеси жөнүндө жазылган.

“КАБАР”: - Азыркы кыргыз журналистикасы туурасында кандай ой-пикирдесиз?


С. Усупов: - Журналистиканын абалы, азыркы деңгээли заманга жараша болууда. Бардыгын ачык, толук жазып калышты. Биздин республикада биздин басма сөз эркиндиги бар. Толук эркиндик болушу мүмкүн эмес дечи. Эгер чындыкты жазса, аларга ак жол.
  Бизде журналисттик иликтөө, изилдөө деген маселе жетишсиз болууда. Тигил же бул маселени изилдеп, чын бышыгына жетүү, жогорку деңгээлде болбой жатат. Ушул жагынан бир аз мүчүлүштүктөр бар-деп ойлойм. Айталы, элдин арасында бүдөмүк ойлорду жараткан рынок маселеси, баалардын жогорулап кетиши. Бул эл арасында бүдөмүк ойлорду жаратууда. Муну терең изилдеп, чын-бышыгына жетип, себебин аныктап жазып берсек, журналистиканын кадыр-баркы мындан да бийик көтөрүлмөк.  

“КАБАР”: - Станбек Усупович, жеке эле студенттерге сабак берүү менен чектелбей, дагы чыгармачылык менен иштөө пландарыңыз бардыр?

С. Усупов: -Мен бүткүл өмүрүмдү журналистикага арнадым деп айтпадымбы. Журналистика боюнча атайын диссертация жазып, аны жактап, тарых илимдеринин кандидаты деген илимий наам алгамын. Мен эки багыт менен иштеп жатам. Биринчиси, журналисттик чыгармаларды, эскерүүлөрдү, очерк, публицистикалык чыгармаларды жазуу, экинчиден журналистиканы илимий жактан изилдөөгө аракеттенем. Сен айтып жаткан китебим, алтынчы китеп болуп саналат.
Жогорку окуу жайында окутуучу болуп жыйырма жылдык эмгек тажрыйбам менен иштеп жатам. Илимий эмгектерди жазып жатам. Буга чейин 2007-жылы “Кыргыз журналистикасынын тарыхы” аттуу 11 басма табактан турган окуу китебим чыккан. Анда 1924-жылдан 2000-жылга чейинки кыргыз журналистикасынын тарыхы, пайда болушу туурасында кеңири жаздым. Бул эмгегиме кичине канааттанып калдым. Муну он жылдап, изилдеп жүрүп жараттым.

  Менин дагы бир оюм бар. Мурунку жылдары жаштардын “Ленинчил жаш”, “Советтик Кыргызстан” гезиттеринде, Ысык-Көл облусттук гезитте, “Коммунист” журналында иштедим. “Кырг ТАГ”да он төрт жыл эмгектендим. Өткөн жылдардагы өзүмдүн тажрыйбамды жазып, кийинки муундарга калтырып кетсем дейм. Бирге иштеген жолдошторум бар. Алардын көпчүлүгүнүн көзү өтүп кетти. Ошолордун эмгегин эскерүү, алар жөнүндө айтып берүү менин парзым деп эсептеймин. Ал жылдардын ийгиликтери, кемчиликтери, кыйынчылктарын айтып кагаз берине түшүрүп кетсем деген оюм бар. Менимче ал журналистика коомчулугун кайдыгер калтырбайт го-деп эсептейм. Эми ал колумдан келеби, келбейби, аны турмуш көрсөтөт. 

“КАБАР”: - Станбек Усупович, чакан маегиңизге ыракмат. Чыгармачыл ийгилик каалайбыз.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу