Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
10/12 10:23
 

А. Сарыбаев: Бюджет тартыштыгы инфляцияга же баалардын өсүшүнө алып келет

БИШКЕК, 9-декабрь. (КАБАР). Учурда мамлекеттик бюджет, анын тартыштыгы жөнүндө көп сөз болууда. Алсак, быйылкы жылы бюджеттин чыгаша бөлүгү ички дүң продуктунун 42 пайызын түзүп, тартыштыктын чеги ИДПнын 15 пайызынан ашты. Ал эми келерки жылы мамбюджеттин тартыштыгы ИДПнын 7,7 пайызын же 18,2 миллиард сомду түзөөрү болжолдонууда. Мындай шартта ансыз да кооптонууну жараткан бюджеттин ачыктыгы олуттуу көйгөйгө айланат. Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев бул маселелерге байланыштуу “КАБАР” агенттигинин суроолоруна жооп берди.

“КАБАР”: Бюджеттин тартыштыгы жана мамлекеттик карыздын кесепети туруктуу саясат жүргүзүүгө кедергисин тийгизиши мүмкүнбү?

А. Сарыбаев: Тарыхта биринчи мамлекеттик бюджет он экинчи кылымдан баштап түзүлө баштаганы белгилүү. Ошондон бери мамлекеттик бюджет саясаты бардык өлкөлөрдөгү негизги экономикалык саясат катары каралып, парламенттеги талаш-тартыштар ошонун айланасында болот. Тигил же бул экономикалык же социалдык программаларды ишке ашырыш үчүн дагы бюджеттен акча бөлүш керек. Эгерде бюджеттин акчасын ыксыз коромжуга учуратып, максатсыз, кереги жок нерселерге, мисалы мамлекеттин башкаруу аппаратын чоңойтуп, аларга ашыкча каражат жумшай берсе, бюджеттин тартыштыгы (дефицити) келип чыгат. Ал аны жабуу үчүн же салыктардын көлөмүн көбөйтүш керек, же бирөөлөрдөн акча карыз алыш керек. Карыз алсаң, аны төлөш үчүн кайра салыктарды көтөрүш керек. Бул чырмалышкан нерсе. Бюджет тартыштыгы акыры жүрүп инфляцияга же баалардын өсүшүнө алып келет. Мындай кесепетке дуушар кылган мамлекет башкаруучулары адатта отставкага кетет. Бизде болсо орден беришет. Ошондуктан, азырынча Кыргызстанда бюджет маданияты жок болуп жатат. Натыйжада бюджет тартыштыгы эмес, бюджет маданиятынын жоктугу экономикалык туруктуу саясат жүргүзүүгө кедерги болуп жатат.

“КАБАР”: Эгерде бюджеттин тартыштыгы 10 пайыздан ашып кетсе, инфляция өсүп, экономиканы көзөмөлгө алууга мүмкүн болбой калабы?

А. Сарыбаев: Инфляциянын өсүшү деги эле тартыштыгына, өзгөчө эл керектөөчү товарларга баанын өсүшүнө байланыштуу. Демек, бюджет тартыштыгынын 10 проценттен ашык өсүшү инфляцияны камчылап, элдин социалдык абалын оордотот. Азайган суроо-талап өндүрүштүн темпин төмөндөтөт. Темпи ылдыйлаган өндүрүш көптөгөн ишканаларды кризиске дуушар кылат. Жумушсуздук күчөп, элдин акыбалы ого бетер оордойт. Социалдык чыңалуу элдин нааразычылыгын күчөтүп, акыры жарылууга алып келет. Ошондуктан, бюджет тартыштыгы кандай деңгээлде болбосун экономикага зыяндан башка пайда алып келбейт. Акыркы 19 жылдан бери финансы министрлигинин башына келген "самопал" министрлер эл аралык финансы уюмдарынын акылы жана инструкциясы менен иштеп, алардан алган кредиттер аркылуу бюджет тартыштыгын жаап жүрүшүп, бул көйгөй жөнүндө унутуп коюшкан.

“КАБАР”: Мугалимдер айлык акыларын көтөрүү талабын коюшууда. Бул маселе бюджетти түзүүдө каралаары айтылып жатат. Мындай талапты башка кызматкерлер да коюшу мүмкүнбү?


А. Сарыбаев: Бизде бюджет саясаты же бюджет маданияты жок деген сөз ошол мамлекеттик чыгымдардын структурасы жөнүндөгү түшүнүктү билдирет. Адатта мамлекеттик чыгымдар керектүү жана керексиз болуп экиге бөлүнөт. Мугалимдерге же билим тармагына жумшала турган чыгымдар эң керектүүлөргө кирет. Ал эми ыксыз көп башкаруу аппараттары, ал жерде отурган элге пайдасыз бирок мамлекет башчысына пайдалуу коррупционерлерге кеткен чоң айлык акылар, оюн-зоок курууга, ар кандай кооз жасалгалуу кабинеттерге, кымбат машинелерге кеткен акчалар эң керексиз чыгымдарга кирет.

Тилекке каршы, бизде бул чыгымдардын катышы баш-аягы жок болуп калган. Биз ушул эки чыгымды орду ордуна койсок эле көйгөй чечилет. Ал эми бюджеттин тартыштыгы мезгилинде керексиз чыгымдарды көбөйтүү мамлекеттик эң оор кылмыш катары каралат. Ошондуктан, бул мугалимдердин талабын мага квартира керек деген депутат сөрөйлөрдүн талабы менен чаташтырбаш керек да, мугалимдердин пайдасына чечиш керек. Муну мен мугалим - профессор катары эмес, профессионал финансист катары айтып жатам.

“КАБАР”: Мамлекеттик бюджет салыктын негизинде калыптанаары белгилүү. Кыргызстандын бюджетиндеги тартыштыктын кесепетинен салыктардын көлөмүн көбөйтүп салуу коркунучу барбы?

А. Сарыбаев:
Мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын каржылоонун классикалык жолу салыктардын санын же көлөмүн көбөйтүү болуп эсептелет. Салыктар да түз салыктар жана кыйыр салыктар деп экиге бөлүнөт. Түз салыктар прогрессивдүү, ал эми кыйыр салыктар регрессивдүү деп аталат. Бул жерде да салык саясаты баш-аягы жок болуп калган. Кайсы өлкөдө коррупция жогорку деңгээлде болуп, көмүскө экономика көп болсо, ал өлкөдө кыйыр салыктардын көлөмү көп болот. Кыйыр салыктардын негизги төлөөчүлөрү карапайм калк, жетим жесирлер, жумушсуздар, студенттер болот.

Ошондуктан, мамлекеттик бюджеттин ар бир тыйыны ыйык болот. Аны ыксыз коромжуга учуратып, же жеп ичип жиберсе мамлекеттик оор кылмыш катары каралып, атууга кетет, үй-мүлкү конфискацияланат. Ушуну түшүнүү бюджет маданияты болот. Бизде ошол мурунку финансы министрлери кайра эле ошол орунга жулунуп, ошол сокур-чолоктордон, жетим-жесирлерден, жумушсуздардан чогулган салыктарды жеп ичсем деп жатышпайбы. Бюджет тартыштыгы жана жеп-ичүү, экөө тең салыктардын андан аркы көбөйүшүнө алып келет. Мындай коркунуч бүгүнкү күндө өтө реалдуу.

“КАБАР”: Министрликтер менен ведомстволордун алдында байкоочу кеңештер түзүлдү. Алар бюджеттен бөлүнгөн каражаттын максаттуу жумшалышын көзөмөлгө ала тургандыгы айтылууда. Мындай кадам менен ачыктыкты шарттаганга болобу?

А. Сарыбаев: Министрликтер менен ведомстволордун алдында байкоочу кеңештердин түзүлүшү бир караганда керектей көрүнгөнү менен чындыгында бюджет маданиятынын жоктугунун эң чоң далили. Себеби бул бөйрөктөн шыйрак чыгаруу деген сөз.

Бюджеттин негизги төрт принциби: толуктугу, реалдуулугу, ачыктыгы жана бирдиктүүлүгү мамлекеттин башкаруу түзүлүшү аркылуу чечилет. Азыр биз башкаруунун негизи катары парламенттик башкарууну кабыл алдык. Парламентте ар бир министрликке бөлүнүп берилген акча каражатын көзөмөлдөй турган негизги органы Эсеп палатасы бар. Ал эми министрликтин ишин көзөмөлгө ала турган премьер-министр жана анын аппараты бар. Министрликтердин ишинин ачыктыгы ошол бюджеттин долбоорун жана мурунку бюджеттин аткарылышын талкуулаганда ачык жүргүзөт. Аны телеберүүдөн көрсөтүп, гезиттерге жазышат.

Эгерде министрге ишенбесе, аны эмнеге министр кылып коет? Эсеп палатасынын отчетторунун жыйынтыгы менен чаралар көрүлбөсө, анда алардын кереги эмне? Байкоочу кеңешке мүчө болгондордун колунан эмне келет. Эгерде убакыттары ошондой эле көп болсо парламенттин ишине көзөмөл кылса болот. Жакшы депутат же партия шайлап, ошолор аркылуу байкоочу болгону цивилизациялуу жол болот. Ошондуктан, болбогон жерден ойлоп чыгарылган “байкоочулар кеңеши” биздин “примитивдүү” эл экенибизди айгинелегенден башка эч нерсе чечпейт. (М. Ибраева)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу