Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
09/12 10:34
 

Баткен облусу кышка даярбы?

Кыш мезгилинин алгачкы күндөрү эле республикабыздын бардык аймактарына кар калың жаап, элди, мекеме, ишканалардын отун, көмүр менен камсыздалышы көйгөйлүү маселеге айланууда. Биз бул багытта Баткен облусундагы абал кандай экендигин билүү максатында, губернатордун орун басары Атанбек Ботоев менен маектештик.

- Атамбек Ботевич, Баткен облусу кышка кандай даярдык көрдү?

  - Облусубуз боюнча кышка карата даярдыктар август айынын алгачкы күндөрүнөн бери жүргүзүп келген. Өнөр-жай тармактарын, социалдык обьектерди жана калкты кышка карата даярдоо үчүн облустук, райондук мамлекеттик администрациялардын, шаардык мэриялардын алдында атайын штабдар түзүлгөн. Ал штабдарда кышка карата даярдыктардан жүрүшү жөнүндө тиешелүү жетекчилердин отчеттору жума сайын угулат жана керек учурда каалаган участокко барып, жеринде текшерүү жүргүзүүдөбүз. Кыш мезгилине карата трансформаторлорду, от казандарды оңдоодон сапаттуу чыгарып, учурда жылытуу түйүндөрү иштей баштады. 

- Ал эми мектеп, саламаттыкты сактоо мекемелеринин кышка карата даярдыгы кандай болду?

- Баткен облусундагы 226 мектептин жылытуу түйүндөрүнүн 61и электр энергиясы, 154ү көмүр жана 12си жаратылыш газы менен иштейт. Ал эми 221 саламаттык сактоо мекемелеринин 164ү көмүр, 42си электр энергиясы, 13ү жаратылыш газы менен жана 2сү борборлоштурулган түрдө жылытылат.

- Облус боюнча канча көмүр керектелет? Бул жагы эсептеп чыгарылганбы?

  - Ооба. Бюджеттик мекеме-ишканалардын көмүргө болгон жалпы керектөөлөрү тууралуу айта турган болсок, облус боюнча билим берүү мекемелеринин керектөөсү 10174 тоннаны түзсө, 2010-жылдын 8-декабрына карата 8301,0 тонна көмүр ташылып, жылдык тапшырма 82 % га аткарылган. Саламаттыкты сактоо мекемелеринин көмүргө болгон жылдык керектөөсү 1477,0 тоннаны түзсө, 8-декабрына карата саламаттык сактоо мекемелерине 1477,0 тонна көмүр жеткирилип, жылдык тапшырма 100%га аткарылган. Облус калкынын көмүргө болгон керектөөсү 61700 тоннаны түзсө, бүгүнкү күнгө элдерге сатып алуу үчүн көмүр сатуучу жайларга 44207 тонна көмүр жеткирилип, керектөөнүн 72% ы аткарылган. 

- Атамбек Ботевич, көмүрдүн баасы канча болууда?

- Көмүрдүн баасы көмүр шахталарында жол кире акысын кошпогондо 1 тоннасы маркасына жараша 2000 сомдон 4500 сомго чейин болууда. Ошол эле учурда социалдык аялуу катмардагы жарандарыбызга көмүрдү бекер жеткирип берип жатабыз. Шахта жетекчилери өздөрү акысыз көмүр жеткирип, карыяларыбыздын алкоосун алган учурлар жок эмес. Учурда көмүр менен камсыз кылуу тынбай жүргүзүлүп жатат. Облустун өндүрүш, социалдык тармагын жана калкын сапаттуу көмүр менен камсыз кылуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин жетекчилери көмүр казып чыгаруучу ишканалары менен өз убагында келишимдерди түзүшкөндүктөн, Баткен облусу кышка жакшы даярдыктар менен кирди. Бул аракет кышы бою үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, керектөөчүлөргө көмүрдү ташып жеткирүү тынбай жүрө бермекчи.

- Рахмат, маегиңизге.

Атайын “КАБАР” маалымат агенттиги үчүн Мамажан Бердишев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу