Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
07/12 08:43
 

ЮНИСЕФ уюму Ош жана Жалал-Абад облустарында мектепке даярдоо борборлорун каржылап жатат

Жалал-Абад, 7-декабрь (КАБАР). ЮНИСЕФ Эл аралык уюумунун "Ош жана Жалал-Абад облустарында мектепке даярдоо борборлорун уюштуруу" долбоорунун жетекчиси, Ноокен районундагы Саадат Ногоева атындагы орто мектептин директору Рымтай Турдумбетовага “КАБАР” агенттигинин суроолоруна жооп берди.  

-ЮНИСЕФ уюму тарбынан жаңы ачылып жаткан даярдоо борборлоруна кандай жардамдар берилди?

  - Жалал-Абад облусунда мектептерде даярдоо класстарын уюштуруу иштери июль айынан бери ишке ашырылып келе жатат. Июнь окуяларынан кийин биринчи 10 мектепте башталган. Булар коогалаңда жабыр тарткан: Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда Жалал-Абад шаарында уюштурулуп, азыркы күндө ушул мектептердин базасында 25 класс комплект даярдоо борборлорунда 609 бала окуп жатат. ЮНИСЕФ тарабынан класстарга керектүү болгон эмеректер, жабдуулар, китептер, оюнчуктар даярдоо классына эмне керек болсо баары 158 миң сомго  сатылып алынды. Мындан сырткары, мектептерге 183 миң сомго дааратканалар курулду.

- Ош облусунда канча мектепте даярдоо борборлору ачылды?


  - Ош шаарында-3, Кара-Суу районунда - 2 мектепте даярдоо борборлору ачылып, сентябрь айынан бери иштеп жатат. Аларга да борборго керектүү болгон нерселердин баары ЮНИСЕФ уюму тарабынан сатып алынды.

- Азыркы учурда жалпысынан канча даярдоо борбору иштеп жатат?


- Кийинчерээк Базар-Коргон менен Ноокен райондорунда бирден ачылган. Азыркы учурда жалпысынан эки облуста биригип 17 даярдоо борборлору иштеп жатат. Долбоордун ичинде эжекелерди окутуу да бар. Эжекелер оюн аркылуу балдарды үйрөтүш керек.

- Долбоор канча убакытка чейин иштейт жана ал жердеги мугалимдерге кимдер маяна төлөп жатат?

- "Ош жана Жалал-Абад облустарында мектепке даярдоо борборлорун уюштуруу" долбоору дагы бир жыл иштейт. Ошондой келишим түзүлгөн. Август айында аталган долбоор менен иштеген мугалимдерге айлык акысын ЮНИСЕФ Эл аралык уюму төлөп берген. Азыркы учурда кээ бир лицей мектептеринде мугалимдерге ата-энелер маянасын өздөрү чечип берип жатышат. Кайсы мектеп эжекелердин маянасын чечип бере албаса, аларга ЮНИСЕФ уюму өзү төлөп берип жатат.
Мындай даярдоо борборлорун ачып берсеңер деген мектептер көп болуп жатат. Бирок, алардын баарына жардам бергенге аталган уюмдун долбоору туура келбейт. Ошол себептен, долбоорго ылайык, биз коогалаңга кабылган, кыргыз-өзбек, же орус-өзбек, өзбек мектептерине гана даярдоо борборлорун ачып жатабыз. Алардын мындан аркы иштерине да жергиликтүү бийлик менен биргелешип чечилбеген маселелерин убагында чечип берүүгө көмөгүбүздү беребиз.

(Даярдаган А. Жаңыбаева)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу