Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
03/12 11:52
 

Нурлан Дүйшеев: Кыргызстан биотерроризимге каршы тура алат

Бишкек, 3-декабрь. (КАБАР). Европа Биримдиги “КР мамлекеттик кызматты реформалоону колдоо” долбоорунун алкагында КР Айыл чарба министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты тууралуу калктын жана мамлекеттик кызматкерлердин пикирин изилдөөнүн жыйынтыктары жана Кыргызстандагы биринчи биолаборатория тууралуу КР Айыл чарба министрлигинин статс-катчысы Нурлан Дүйшеев баяндап берди.

-Кыргызстанда биолаборатория курулат деген маалымат бар, ушул долбоор тууралуу айтып берсеңиз?
- Канада өкмөтү тарабынан 2006-жылы Кыргызстанга биолаборатория куруу тууралуу сунуш түшкөн. 2007-жылы Айыл чарба министрилиги келишимдин негизинде бул долбоорду иштеп чыгуу боюнча ишти баштаганбыз. Кыргыз өкмөтү тарабынан өкмөттөр аралык комиссия түзүлгөн.
Мен Айыл чарба министрлигинен комиссия курамына киргем. Ошол кезде Бишкек –Оттав шаарлары ортосунда, компитенттүү адистердин, комиссия курамынын мүчөлөрүнүн катышуусу менен жети телемост уюштурганбыз. Анда бир топ маселелер чечилген.
Ошол маалда долбоордун баасы (2007-жыл) 40 миллион Канада доллары турган. Быйыл инфляциянын негизинде 60 миллион долларды түздү. Бул долбоор гуманитардык жардам катары ишке ашууда.
Долбоор иштелип бүттү, Жогорку Кеңеште ратификацияланган, канадалыктар ал жакта аны ишке ашыруу боюнча тендер өткөргөн.
Бүгүнкү күндө бул маселе чечилип, биолаборатория илимдер академиясына караштуу ботаникалык багынын аймагында курууга уруксаат берилген.
Өз кезегинде биз ал жакка электрэнергия, канализация алып баруубуз керек. Анын жалпы суммасы орточо эсеп менен 20 миллион сомду түзөт. Бул биздин мамлекеттик бюджетке оордук деле келтирбейт. Канада биолаборатория куруу менен аны керектүү жабдуулар менен камсыз кылат.
-Лабораториянын курулушу Кыргызстанга эмне берет?
-Кыргызстанда жугуштуу ооруларды козгогучтар учурда лабораторияда сакталууда. Аны ал жактан оңой эле алып чыгып кетүүгө болот. Башка мамлекеттерде бул маселе катуу көзөмөлдө турат.
Салына турган биолаборатория астында бункер курулуп, анын коопсуздугу камсыз болот. Ар кыл илимий иштерди алып барууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Иштеп жатып бир пробирка түшүп кетсе эшиктердин баары жабылып, анализ эч бир коркунуч жок деп аныкталгандан соң ачылат.
Андагы аба тазалагыч кире турган абаны дайыма тазалап турат. Козгогучтардын сыртка чыгышы мүмкүн эмес. Канализациялык тутум да 5 тепкичтүү тазалануудан өтөт.
Бул лаборатория эл аралык стандарттарга жооп берет. Ошондуктан Кыргызстан биотерроризимге каршы тура алат.
-Кыргызстан канча жылдан бери коңшу Казакстанга этти, башка айыл чарба азык-түлүктөрүн бере албай келет. Бул маселе чечилүүдөбү?
-Жакында эле Казакстандын Кордай облусунда эки өлкө аралык сүйлөшүүлөр жүрдү. Анда борборлоштурулган мамлекеттик ветеринария борборун ачуу маселеси көтөрүлдү.
Жакын арада Казакстандын өкүлдөрү бизде изилдөө иштерин жүргүзүп, анын жыйынтыгында чек араны ачуу маселеси чечилет. Ветеринардык департаменттин дартты аныктоо борборунун тамак-аш коопсуздук бөлүмү эл аралык стандарттарга жооп берген техника менен камсыз болот.
-Кыргызстандагы Европабиримдигинин долбоору тууралуу учкай айтып берсеңиз?
-Европа биримдигинин долбоору айыл чарба тармагында иштеп жаткан адамдарга туура, так маалымат берүүгө багытталган.
Негизинен мал чарбасында бир топ кыйынчылыктар бар, ал жугуштуу оорулар менен күрөшүү. ЕБ жана дүйнөлүк банк менен биргеликте иштеп чыккан стратегиянын негизинде бруцелез менен күрөшүү боюнча Нарын облусунда пилоттук долбоор ишке ашкан.
Мамлекеттик ветеринария департаментинин маалыматы боюнча, Нарын облусунда эки жыл аралыгында долбоор иштегенден баштап, калк арасында бурецелез менен оору 2 эсеге азайган. Кыргызстанда ветеринариялык мыйзам толугу менен жазылып бүттү. Ал өкмөткө берилди, андан соң Жогорку Кеңеште каралат. Мыйзам эл аралык стандарттарга жооп берет. (даярдаган М.Момуналиева)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу