Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
22/11 19:34
 

О. Артыкбаев: Жарык өчпөйт. Тарифтер көтөрүлбөйт

БИШКЕК, 22-ноябрь. (КАБАР). Кыргызстандын энергетика министрлигинде жаңы реформа башталды. Өлкөнүн отун-энергетикалык комплексинин ачыктыгын камсыздоо багытында энергетика компанияларда талдоо жана аудит жүргүзүлгөнү турат. Бул аркылуу энергетика тутумундагы уурдоолорго бөгөт коюп, электр энергиясын жоготууларды кыскартуу, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү максат кылынууда. Ишке ашырыла турган реформа, ГЭСтердин курулушу, тариф саясаты, электр энергиясын экспорттоого байланыштуу суроолорго КР энергетика министри Осмонбек Артыкбаев жооп берди.

- Сиз жетектеген министрлик энергетика компанияларын башкарууга талдоо жана аудит жүргүзүүнү демилгелеп жатат. Мындай аракеттер башка өлкөлөрдүн тажрыйбасында болгонбу? Алардын жыйынтыгы кандай болгонунан тааныштыгыңыз барбы?


О. Артыкбаев: Албетте, энергетика компанияларын башкарууга талдоо жасоо буга чейин бир катар өлкөлөрдө жүргүзүлгөн. Жыйынтыктар менен жетишилген ийгиликтери да жакшы. Электр энергиясында техникалык жоготуулар кескин кыскарып, коммерциялык жоготуулар таптакыр жоюлган. Ошондой эле калкка кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшырып, жалпы сервиз жаңыланып, бүгүнкү күндө бизде көтөрүлүп жаткан көйгөйлөр жок кылынган. Керектөөчүлөргө энергетиктердин өздөрү барып баштаган. Төлөм тутуму автоматташтырылып, маалымат алуу жакшырган. Кыскасы, бул өтө олуттуу реформа десек болот. Мындай реформа Грузия, Армения, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү менен батыш өлкөлөрүндө жүргүзүлгөн.

- Буга чейин эле Кыргызстандын энергетика тутумунда реформа жүргүзүү аракеттери болгон. Бул реформанын алардан айырмачылыгы эмнеде?

О. Артыкбаев: Албетте, буга чейин да энергетика тутумунда реформа жүргүзүү демилгелери айтылып келген. Азыркы реформанын мурдагыдан айырмачылыгы консалтинг компаниясын гана тандоодо эмес, азыркы саясый кырдаал менен байланыштуу. Энергетика тутуму ачык болсун, уурдоолор токтосун деген элдин талабы бар. Ошол талапты аткаруунун алкагында реформа жүргүзүлүүдө. Эмне үчүн буга чейин бул сыяктуу реформа жүзөгө ашкан жок? Анткени мурдагы жетекчилер буга кызыкдар эмес болчу. Себеби эл аралашпай, баары жабык болгондо, уурдаганга мүмкүнчүлүк чоң болгон. Азыркы убакта энергетика тутумунда уурдоону токтотуп, таза башкарууну көздөп атабыз. Реформаны жүзөгө ашырууда каражатты ЮСАИД берүүдө. Бул реформа жигердүү ишке ашса, Борбордук Азияга үлгү болот деп ишенебиз.

- Буга чейин Кыргызстан баштан кечирген энергетикалык каатчылык кайталанбайт дегенге кепилдик барбы?

О. Артыкбаев: Кепилдик бар. Учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 19,2 миллиард куб метрди түзүүдө. Бул калкка электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыздап, ал гана эмес экспорттоону да эрте баштоого мүмкүнчүлүк берет. Биз электр энергиясын экспорттоону келерки жылдын апрель айынан тартып баштоону пландаштыруудабыз.

- Учурда айрым жерлерде электр энергиясынын үзгүлтүккө учураган учурлары көп экендиги айтылып жатат. Бул эмне себептен болууда?

О. Артыкбаев: Бүгүнкү күндө республикада электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабай эле. Болгону айрым жерлерде техникалык өчүрүүлөр, тагыраак айтканда, оңдоо иштерине байланыштуу гана электр энергиясы үзгүлтүккө учурап жатат. Бул багытта кошумча оперативдүү топтор түзүлүп, өчүрүүлөргө жол бербөө аракети көрүлүүдө. Быйылкы жылы былтыркы жылга салыштырмалуу мындай өчүрүүлөр дээрлик 8 пайызга кыскарды. Өчүрүүлөр энергетика тутуму тартипке салынганда гана болбойт. Анткени көп жабдууларды жаңыртуу, алмаштыруу керек. Буга миллиардаган сом зарыл.

- Электр энергиясын жылытуу үчүн пайдаланууга уруксат берилип баштадыбы?


О. Артыкбаев: Бүгүнкү күндө 350дөн ашык абоненттерге электр энергиясын жылытуу үчүн колдонууга уруксат бердик. Бул жерде айрым чектөөлөр бар. Алсак, уруксат сураган абонент жашаган аймактагы электр энергиясынын үлүшү канча, көтөрө алабы, тагыраак айтканда, техникалык жактан чектөөлөр бар.

- Мындай керектөөчүлөр үчүн тарифтер өзгөрөбү? Жалпысынан эле тариф саясаты жөнүндө айта кетсеңиз?

О. Артыкбаев: Калк үчүн тарифтер өзгөрбөйт, 70 тыйын боюнча калат. Бирок социалдык жактан акыйкаттык болушу керек. Жылытуу үчүн пайдалангандардын дээрлик көбү бай адамдар. Ал эми 70 тыйын бул электр энергиясынын өздүк наркына да тең келбейт. Бирок мындай арзан тарифтеги электрди карапайым жарандар менен катар байлар да колдонууда. Ал эми биз аларга көмөк көрсөтүп атабыз. Бул акыйкаттыкпы же жокпу? Маселе ушунда. Бирок биз муну элден сурашыбыз керек. Министрлик өз алдынча эле бул маселени чечпейт. Жакында биз коомдук угууларды, талкууларды баштайбыз. Анткени мыйзамга ылайык, тариф саясатындагы бардык өзгөрүүлөр эл тарабынан талкууга алынышы керек. Эл менен макулдашпай туруп, эч кандай чечим кабыл алынбайт. Мисал келтире турган болсок, электр энергиясын жылытуу үчүн пайдалангандар айына 800 киловатт-саат сарптаса, калган калк 250-300 киловатт колдонот. Демек, карапайым эл 300 сом көлөмүндө дотация алып жатса, ал эми беркилер бир нече миң сом көлөмүндө көмөк пул алып калышат. Эмне үчүн алар мамлекеттин эсебинен жабылышы керек? Биз ушул маселени көтөрүп, элдин талкуусуна коебуз.

- Эми “Камбар-Ата-2” жана “Камбар-Ата-1” ГЭСтери тууралуу токтолсоңуз. Качантан тартып “Камбар-Ата-2” ГЭСинде электр энергиясы өндүрүлө баштайт? Ал эми “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга Россия каражат берээри айтылып келген, бул жаатта иш кандай жүрүүдө?

О. Артыкбаев: “Камбар-Ата-2” ГЭСинде саналуу күндөрдөн кийин, тагыраак айтканда, 26-ноябрдан тартып электр энергиясы өндүрүлө баштайт. Буга чейин кармалуу кабелдерди алмаштырууга байланыштуу болду. Өндүрүлгөн электр энергиясынын алгачкы керектөөчүлөрү Токтогул району жана Кара-Көл шаары болмокчу. “Камбар-Ата-2” жылына 500-700 миллион киловатт-саат электр энергиясын өндүрөт деп пландаштыруудабыз. Ал эми ГЭСти куруудагы каржы жаатындагы мүчүлүштүктөр учурда прокуратура тарабынан каралууда.

“Камбар-Ата-1” ГЭСине токтолсок, аны куруу долбоорунда Россия менен жетишилген макулдашуунун алкагында иш алып барабыз. Учурда долбоордун техника-экономикалык негиздерин биргеликте иштеп чыгуу каралууда. Бул маселелер боюнча биз россия тарап менен эки ирет жолугушуп, жумушчу курамында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Кыргызстанда шайлоо өткөндүгүнө байланыштуу сүйлөшүүлөр токтотулуп турган. Буюрса, “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча Россия менен сүйлөшүүлөр кайрадан улантылат. Белгилүү болгондой, сүйлөшүүлөр “Интер РАО ЕЭС” россиялык энергетика компаниясы менен жүргүзүлүүдө. “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Анткени ал бүтүндөй Борбордук Азияда электр энергиясынын агымы менен сууну жөнгө салууга мүмкүнчүлүк берет.

- Электр энергиясы чет өлкөлөргө сатыла тургандыгы байма-бай айтылып келатат. Кыргызстандын электр энергиясын экспорттоо потенциалы канчалык?

О. Артыкбаев: Кыргызстандын электр энергиясын экспорттоо потенциалы өтө чоң. Мен жакында эле Дүйшөмбүдө (Тажикистан) өткөн Түштүк жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн энергетика министрлеринин жыйынына катышып келдим. Анда энергетика тутумунун аймактык рыногун түзүүнү талкууладык. Аймактын өлкөлөрү CASA 1000 долбоорунун үстүндө иштеп жатабыз. Бул долбоор ишке ашса, Кыргызстан Түштүк Азияга, тагыраак айтканда, Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Алгач 2 миллиард киловатт-саат электр энергиясын экспорттоо пландаштырылууда. Андан кийин анын көлөмү дагы өсүшү мүмкүн. Дал ушул долбоорду ишке ашыруунун алкагында “Датка” подстанциясын куруу жүзөгө ашырылууда.

Мындан тышкары жакынкы келечекте биз экспорттун көлөмүн 2 миллиарддан 4 миллиард киловатт-саат электр энергиясына чейин жогорулата алабыз. Анткени Түштүк Азия өлкөлөрүнүн электр энергиясын керектөөсүндө ири көлөмдөгү тартыштык бар. Экинчиден, “Датка-Кемин” электр берүү линиясын куруп бүткөрү аркылуу биз өзүбүздүн энергетика коопсуздугубузду камсыздай алабыз. Ошондой эле “Кемин-Алматы” электр берүү линиясын куруп, Кыргызстан Казакстандан тышкары ал аркылуу Россияга электр энергиясын экспорттой алат.

Анткени Россиянын аймактарында электр энергиясы тартыш экендиги белгилүү. Мындан тышкары “Сары-Жаз” ГЭСинин каскадын ишке киргизүү менен биз 5-7 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрүп, Кытайга экспорттой алабыз. Экспорттоодон тышкары Кыргызстандын өзүнүн да муктаждыктары жабылмакчы. Белгилүү болгондой, бизде электр энергиясын керектөө жыл сайын 2-3 пайызга өсүүдө. (М. Ибраева)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу