Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
18/11 17:48
 

Г. Суранчиева: Эл аралык сынактарда Кыргызстандын наамын коргоо мен үчүн чоң жоопкерчилик

Бишкек, 18-ноябрь. (КАБАР). Астанада өткөн XIII эл аралык “Шабыт” фестивалында Кыргызстандык Курал Чокеев биринчи даражадагы дипломго ээ болсо, ушул эле номинация боюнча Гүлзинат Суранчиева экинчи орунга, Салима Абдылдаева үчүнчү орунга ээ болгон.
Сынактын өтүшү, андагы кыйынчылыктар тууралуу кыргыз эстрадасында өз ордун тапкан, күйөрмандарын жылдыздуу келбети, керемет үнү менен багынтып, ата-мекендик хит-параддарда алдыңкы орундарга ээ болуп келген ырчы Гүлзинат Суранчиева менен маек курдук.

КАБАР: Музыкалык дүйнөгө, эстрадага кадам таштаган күндөрүңүз тууралуу айтып берсеңиз?


Г.Суранчиева: Менин музыкалык карьерам жети жашымда музыкалык мектептин фортепиано классына тапшыргандан башталган. 1988-жылы республикалык пианисттер сынагына катышып, биринчи орунга ээ болгом. Бул сынактан бир жума өтпөй “Биз сага ишенебиз” фондусунун стипендианты болгом.

1996-жылы Кыргыз Улуттук консерваторияга тапшырып, ал жакта окуп жүрүп бир топ республикалык сынактарга катыша баштагам. 2001-жылы консерваторияны аяктаган соң “Шантелл” тобу негизделип, анын солисткасы болгом.

2002-жылы “Кош жылдыз” аттуу ырга клип тарттырып, ал Кыргызстанда жылдын мыкты клиби аталган, ал эми 2003-жылы “Сулууга” аттуу ырым жылдын мыкты ыры катары таанылган.
Ошол жылдардан тартып республикада өткөн бир да сынакты калтырган эмесмин. Менин репертуарым бул кыргыз элдик ырларынын жаңыча аранжировкалаган ырларынан турат.

КАБАР: “Шабыт” фестивалына чейин башка эл аралык сынактарга катыштыңыз беле?

Г.Суранчиева: “Шабыт” фестивалына чейин бир топ эле эл аралык фестивалдарга катышып лауреат болуп келгем.
2008-жылы “Астана жылдыздары” эл аралык сынагына катышып биринчи сыйлыкка ээ болгом.
Сочи шаарында өткөн “Беш жылдыз” сынагында көрүүчүлөрдүн тандоосу боюнча төртүнчү орунга татысам, калыстар тобу Сочи шаарынын атайын байгесин тапшырышкан.
Быйыл “Шабыт” фестивалында эстрада быгытында экинчи орунга ээ болдум.

КАБАР: Акыркы эл аралык сынактардагы өзгөчөлүктөргө токтоло кетсеңиз?

Г.Суранчиева: Бардыгы болуп сынакка 19 өлкөдөн 50 ырчы катышты. Чучукулак алынып, мен 50чү болуп ырдадым. Ар бир ырчы 2 ден ыр ырдаш керек эле, бири эне тилинде экинчиси казакча. Ошондо менин ырым сынакта 99 жана 100 болуп ырдалды. Эң кызыгы мен үчүн ушул жер болду. Сынак жогорку деңгээлде өттү, башка мамлекеттерден келген ырчылар жогорку профессионалдуулукту көрсөтүштү.
Калыстар тобунун мүчөлүгүндө Муратбек Бегалиев отурган, бул мага дем берип турду.

КАБАР: Учурда шоу-бизнесте кармалып калуу кыйындыкка турабы, ал үчүн эмне керек?


Г.Суранчиева: Шоу-бизнес аты айтып тургандай эле ал-акча жана эмгек. Каражат көп сарпталат, көп иштеш керек. Чыгармачыл адам дайым издөөдө болуусу зарыл. Ар бир музыкант профессионалдык жактан өсүш үчүн сынактарга катышып, өз күчүн сынап турушу керек.
Эл аралык сынактарда Кыргызстандын наамын коргоо мен үчүн чоң жоопкерчилик.  (даярдаган М.Момуналиева)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу